Пайгамбарыбыздын (ﷺ) атактуу бабалары
22.06.2022

Пайгамбарыбыздын (ﷺ) атактуу бабалары

Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) атактуу бабалары

Чындыгында, ааламдын мырзасынын касиеттүү нуру маңдайында аманат катары жаркыраган бардык бабалары тууралуу так маалыматтарга ээ эмеспиз. Анын бабаларынын ичинен кийинки замандагылары тууралуу гана маалыматтар бар. Биз бул жерде Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) атактуу бабалары жөнүндө кыскача баяндап өтмөкчүбүз.

Кусай

Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) төртүнчү бабасы Кусайдын өз аты – Зайд болгон. Ал чөйрөсүнө белгилүү, атактуу инсан эле. Анын Зухра деген жалгыз бир тууганы болгон.

Азирети Адамдан (Алланын саламы болсун) бери келе жаткан нурга ээ болуу бактысы, эки бир туугандын ичинен Кусайга насип болгон. Балдардын улуусу болгондуктан, үй-бүлөгө баш-көз болуу милдети ага жүктөлгөн эле. Кичине кезинен кыраакылыгы менен көзгө урунган Кусай, кийин чоңойгондо Меккенин кадыр-барктуу адамдарынын бирине айланган. Ал өзүнүн иш билгилиги, жөндөмдүүлүгү жана адилеттүү чечимдери аркылуу кыска убакыттын ичинде Мекке калкынын арасында зор ишенимге жетишти. Ушул себептен Меккени башкаруу укугу ага ыйгарылды. Ал эң биринчи болуп Меккени айыл-конуштарга бөлүп иреттеп, ар бир урууну өзүнө ажыратылган конуштарга жайгаштырды.

Меккенин орчундуу иштери анын үйүндө талкууланып, чечилчү. Каабанын үстүн жабуулоо милдети, ажыга келгендерди иче турган суу менен камсыз кылуу милдети, согушка чыккан учурда желек кадоо жана Меккедеги кеңеш жыйындарын башкаруу сыяктуу зарыл иштер ага тапшырылган эле.

Каабанын маңдайындагы эшиги Каабага маңдай-тескей келтирилип курулган алгачкы үй да ага таандык эле. Бул үй кезегинде Меккенин өкмөт үйү өңдүү болгон, башкача айтканда, Мекке шаар башкармалыгынын ар кандай иштери каралчу парламент имараты сыяктуу эле. Кусайдын бул сарайы тарыхта “Даарул-Надва” (Жыйын короосу) деген ат менен белгилүү болгон жана хижраттан жарым кылым кийинки убакыттарга чейин өз калыбында сакталып турган.

Кусай, Меккеде элдин баарына кадыр-барктуу, сыйлуу адам болгон. Маңдайында жаркыраган Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) тиешелүү нур, аны бүт Мекке калкынын сүймөнчүк адамына айландырган эле.

Ал бир топ картайып калган кезинде, атадан калган салт боюнча үй-бүлөнү башкаруу укугуна уулдарынын улуусу Абдуд-Дарга тапшырып:

“Сүйүктүү уулум! Сени ушул элге башчы кылып бекиттим” деди.

А бирок, Абдуд-Дар бул чоң милдетти аркалап кете алгыдай абалда эмес эле. Ал бир аз жөндөмсүз чыгып, өмүр бою атасынын ордун толтуруп кете албады. Анткени, сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) асыл нуру анын маңдайында эмес, өзүнөн кичине иниси Абдуманафтын маңдайында жаркыраган эле. Анын Хашим, Абдушамс, Мутталиб жана Науфал аттуу төрт уулу бар болчу.

Хашим

Хашим – Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бабасы.

Меккенин кадыр-барктуу адамдарынын бири болгон Хашим, соода иштери менен алпурушчу. Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) нуру анын маңдайында ого бетер көркүнө чыгып жаркырап турган. Ушул нур жаркынына ылайык анын адамдык артыкчылыктары да көп эле.

Ал айрыкча жоомарт инсан болгон. Бир кургакчылык жылында эл аябай мүңкүрөп, Меккеде жегенге нан табылбас болду. Ал Шамдан алдырып келген таза буудайдын унунан ак нандарды жаптырып, бир топ төө жана койлорду курмандыкка чалган. Нан жана эт-шорпо менен меккеликтердин баарына чоң сый тамактарды берип турган.

Хашим жакшы адеп-аклактуу, жөндөмдүү, акылман жана жоомарт адам болгондуктан, баарына кадыр-барктуу өзгөчө ордунан улам анын уруусунун аты да кийинчерээк анын ысымы менен аталып калат. Ошого Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) уруусунун аты да “хашимийлер” деп айтылып калган эле.

Хашим төрт эркек балалуу болгон. Алар: Шайба (Абдулмутталиб), Асад, Абу Сайфи жана Надла.

Ошол балдарынын ичинен Шайба менен Асаддан гана урпак уланган, берки экөөнөн тукум калган эмес. Шайба болсо, Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) чоң атасы эле. Ал эми Асад болсо, азирети Алинин энеси Фатиманын таякеси болгон.

Кызыктуусу, Асаддын жалгыз уулу Хунайндан да тукум уланбагандыктан, хашимийлердин бардыгы тек гана Абдулмутталиб уулдарынан таралып көбөйгөн.

Шайба (Абдулмутталиб)

Шайба – Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) чоң атасы. Шайба төрөлгөн кезде ак чачтуу болгонунан улам, ага ушул ысым коюлган. (Шайба – “ак чачтуу” деген мааниде). Абдулмутталиб – анын лакап аты болсо да, ушул аты менен элге таанылып, белгилүү болгон.

Бул лакап ат ага кандайча коюлуп калганы тууралуу кызыктуу аңгеме бар:

Шайба кичинекей кезинде Мединадагы таякелериникине барып, жашап калат. Бир күнү айылдын ичиндеги курбу балдары менен Мединадагы бир аянтта жаа тартып, ок атуу жарышын өткөрүп жатышкан. Балдардын арасында Шайба маңдайында жанган Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) таандык нур менен даана айырмаланып турду. Балдардын бул жарышын көрүүгө келген жоон топ чоңдор да карап турушкан эле.

Жаа тартуу кезеги Шайбага келгенде, жебени жаага салып туруп, өзүнө ишенген түрдө кере тартты. Демин ичине тартып, жебени коё бергенде, ок туура барып бутага кадалды. Көпчүлүк ага таңыркай карап калышканда, ал өзүнүн бул ийгилигине сыймыктана кубанып, толкундануу менен айтты:

“Мен деген Хашимдин уулумун! Мен чөл мырзасынын уулу болсом, аткан огум сөзсүз бутага тиет да!”.

Жарышты көргөнү келген чоңдор Шайбанын бул мактаныч сөздөрүн толук угушту. Харис бин Абдуманаф уулдарынан бирөөсү анын жанына келип өзүнөн сураштырган соң, анын чын эле Хашимдин уулу экенин тактап билди. Бул адам Меккеге кайтып баргандан кийин, болгон абалды таякеси Мутталибге айтып берди жана мындай жөндөмдүү, зирек баланы алыскы жат элге узак тургузуу туура эмес болорун түшүндүрдү.

Мутталиб бул сөздөн кийин дароо Меккеден Мединага барып, Шайбаны алып Меккеге кайтты. Мутталиб тууганынын уулу Шайбаны ээрчитип Меккенин көчөлөрүн аралап кире бергенде, “Бул кайсы бала?” деп сурап калышты.

Көз тиеби деп чочулаган Мутталибдин оозунан:

- Менин кулум, – деген сөз чыгып кетти.

Ал үйүнө жетип келгенде, аялы Хадича да ошол эле суроону берип калды эле, ага да: “менин кулум” деп жооп берди.

Эртеси таякеси алып берген жарашыктуу кийимдерди кийип, Меккенин көчөлөрүндө ойноп жүргөн Шайбаны көргөн адамдар анын ким экенин сураштыра башташты.

Билгендер:

“Бул Абдул Мутталиб” (Мутталибдин кулу) деп жооп беришти.

Ошентип, ошол күндөн кийин ким экени анык билинсе да, Шайбанын лакап аты “Абдулмутталиб” болуп аталып, ушул аты менен элге таанылды.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өмүр баяны китебинен