Пайгамбарыбыздын эң маанилүү тарбия усулу – үлгү болуу
21.07.2019

Пайгамбарыбыздын эң маанилүү тарбия усулу – үлгү болуу

Элди жакшылыкка чакыруудагы эң таасирлүү ыкмалардын бири болуп Ислам динине үгүттөгөн кишинин жүрүм-туруму, баскан-турганы жана үлгүлүү жашоосу эсептелет. Исламдын негиздери анын кан-жанына, жан дүйнөсүнө сиңип, ар бир кыймыл-аракетинен сезилип туруусу керек. Ошондуктан, мусулман адам Ислам динин жаюу ишинде ийгиликке жетүү үчүн айткандарын алгач өзү аткаруусу абзел. Мусулман баласы эң ириде ыймандуу, адамдык сапаты бийик жана Ислам динин терең билүүсү керек.

Үлгү болуу – бул адамды тарбиялоодо эң негизги ыкмалардын бири. Себеби, үлгү алуу адам баласынын табиятында эзелтеден калыптанып калган тубаса өзгөчөлүк. «Миң уккандан бир көргөн артык» дегендей, адам баласы бир чындыкты уккандан көрө бир жолу көрүүгө ашыгат. Ошондуктан, адам баласы бул дүйнөгө жаралгандан тартып эле бирөөдөн үлгү алууга муктаж. Ал өз тилин, динин, жүрүм-турумун чоңдордон жана айлана-чөйрөсүндөгүлөрдөн үлгү алууга умтулат. Маселен, наристе эс тарта баштагандан баштап ата-энесинин же болбосо бир туугандарынын кыймыл-аркетин, кылык-жоруктарын, баскан-турганын тууроого аракет кылат. Ата-энеси кайсы тилде сүйлөсө, ал да ошол тилде сүйлөй баштайт. Мындайча айтканда, адамды тарбиялап өстүрүү тубаса үлгү алуу, бирөөнү тууроо өзгөчөлүгү аркылуу жүзөгө ашат. Ошондуктан, өзгөчө ата-энелер бул багытка өтө кылдат мамиле жасоолору абзел.  

Бул жаатта чексиз ырайымдуу Алла Таала адам баласына китептерди жөнөтүп гана койбостон, ошол китептеги буйруктарды өз жашоосунда жүзөгө ашырып үлгү болгон пайгамбарларды жөнөткөн. Алла Таала бул пайгамбарлардын үлгүлүү адамдардан болуусун, башкача айтканда, сөзү менен өзү, өзү менен сөзү бири-бирине айкалышып, дал келишин талап кылган. 

«Эй, момундар! Силер эмнеге өзүңөр кылбаган нерсени айтасыңар?! Алланын алдында өзүңөр кылбаган ишти айтканыңар өтө жексур иш» (Саф сүрөөсү: 2-3-аяттар).

«Силер китепти окуп туруп, адамдарды жакшылыкка буйруп, өзүңөрдү унутуп коёсуңарбы? Акыл жүгүртпөйсүңөрбү?» (Бакара сүрөөсү: 44-аят).

Азирети Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бул багытта: «Кыяматта бирөө тозокко ташталат. Ичегилери денесинен сырткары чубалып, тегирмендин ташын айланткан эшектей айландырылат. Ошондо тозокто жаткандар келип: «Эй, баланча, сага эмне болду? Сен бизди жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйчу эмес белең?» дешкенде, ал: «Ооба, силерди жакшылыкка чакырганым менен өзүм аларды аткарчу эмесмин. Силерди жаман иштен тыяр элем, бирок, өзүм жаман иштен арылбадым» деп жооп берет» (Бухари, Бад уль-Халк,10) дейт.

Ошондуктан, мусулман адам эң оболу өзүнүн айткандарын так аткаруусу зарыл. Эч качан өзүнүн айткандарын «аткарбасам деле болот» деген чолок ойго жеңилбөөсү керек. Тарбия – бул чын жүрөктөн аткарылган иш. Тарбиячы менен тарбия алгандын ортосунда тыгыз байланыш бар. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кандайдыр бир жакшы ишти айтаардан мурда аны өзү аткарып, анан элге айта турган. Аны көргөн эл андан үлгү алып, ал жасаганды жасашкан.

Элдин Ислам динине кирүүсүндө Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Пайгамбарыбыздын үлгү болуу ыкмасы өтө зор мааниге ээ болгон. Буга чөлдө жашаган көчмөн араб менен Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ортосундагы маегин мисал катары берсек болот. Окуя төмөнкүчө жараян эткен:

Көчмөн адам Пайгамбарыбыздан (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): Сен кимсиң? – деп сурайт. Анда Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): Мен Абдулланын уулу Мухаммедмин – дейт. «Жалганчы» деп айтып жүрүшкөн адам сенсиңби? Ооба, ошентип айтышкан адам менмин – дейт. Бирок, сен эмнегедир жалганчыга окшош көрүнбөйсүң. Сен элди эмнеге чакырасың? Мага да чакырыгың жөнүндө айтып берчи – дейт. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Ислам дининин негиздерин кыскача түшүндүрүп айтып берет. Анда көчмөн адам: «Мен сага ишендим. Алладан башка эч кандай кудай жок жана Мухаммед Анын элчиси экендигине ишендим» деп ыйман келтирип мусулман болот. Ал болгону Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) нур жүзүнө таңыркап, жылуу мамилесинен улам анын айткандары чын экендигине ишенген.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Сафа дөңсөсүндө элди алгач динге чакырып жатканда, аларды баш ийүүгө аргасыз кылган далил катары кулк-мүнөзүн ортого салган. Ал: "Эгерде силерге мына бул тоонун артында кол салууга даяр атчан душмандар турат десем, ишенесиңерби? - деген суроо менен сөзүн баштаганда, тыңшап олтургандар: «Сен чындыкты сүйлөгөн, ишеничтүү адамсың. Ушуга чейин сенден жалган сөз укпадык» - дешкен. (Муслим. Иман: 355, Бин Сад I, 200 ).

Жафари Сыддык: «Сөз жүзүндө гана эмес, үлгүлүү жашооңор менен да Исламга чакыргандардан болгула»  деген. Эң ириде бекем ыйманга, адамдык бийик сапатка ээ болуп, таза, тыкан жүрүүгө, калп айтпоого, бирөөнү төмөн сезип, кемсинтпөөгө, элге жылуу мамиледе болууга жана башка ушул сыяктуу толуп жаткан изгиликтерге жанүрөй аракет кылуу зарыл. Ошондо гана биздин айткан сөздөрүбүз туура кабыл алынып, таасирлүү, жугумдуу боло алат. Ошондуктан, сүйүктүү Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) элди Исламга оозеки сөз түрүндө гана эмес, өзүнүн кыймыл-аракети менен чакырууга өзгөчө көңүл бурган.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ажылык ибадатын өтөп жаткан учурда мусулмандардын ээн-эркин көрүп үлгү алуулары үчүн ажылыктын көпчүлүк парздарын төөнүн үстүндө орундаткан. Ал: «Эй, адамдар! Ажылыктын орундалуусун менден үйрөнгүлө....» деп айткан (Бин Ханбал, III, 318; Муслим, Хаж, 310.).

Сулайман бин Бурайданын атасынын айтымы боюнча, бир киши Пайгамбарыбыздан (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) намаз убакыттары жөнүндө сурайт. Азирети Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) «Биз менен бирге эки күн намаз оку!» - дейт. Биринчи күнү беш убак намазды убактысы кирери менен окутат. Ал эми экинчи күнү болсо, беш убак намазды убактысы чыгаардан алдын окутат. Андан соң: «Намаз убакыттарын билгиси келген киши каякта?» - деп сурайт. Ал киши: «Мен бул жердемин, эй, Алланын Элчиси» дейт. Анда Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Намаз убактылары ушул эки убактын ортосунда, жогоруда айтылгандай, намаз убагынын киргенинен баштап бүткөнгө чейинки аралыкта окулат» - деп жооп берген экен (Муслим, Масжид, 176).

Азирети Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Пайгамбарыбыз өзүнөн таалим алгандарга элге үлгү болууларын айтып: «Өз ата конушуңарга баргыла! Эл менен аралашып жашагыла. Аларга зарыл маалыматтарды бергиле, айтылчу нерсе болсо айткыла. Намазыңарды менден үйрөнгөндөй тургузгула! Намаздын убагы киргенде ичиңерден бирөө туруп азан айтсын! Эң улууңар имамдыкка өтсүн!» деп насаатын айткан эле (Бухари, Азан, 18.).

Андыктан, бүгүнкү күндө да Ислам динин жеткирүү учурунда ар бир мусулман баласы эң ириде Пайгамбарыбыздан (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) үлгү алып, жогорудагы жагдайларды эске алуулары абзел.

Ак Башат журналынын казынасынан