Периштелер дуба кылуучу он адам
18.05.2019

Периштелер дуба кылуучу он адам

Периштелер Алла Тааланын таза макулуктары. Алар күнөө жасашпайт, жалаң гана Алланын буйругун аткарышат. Демек, мындай таза макулуктардын кылган дуба-тилегин Алла Таалаа күмөнсүз кабыл кылат. Төмөндө, периштелер кечирим тилеп туруучу он түрдүү адам тууралуу айтып өтөбүз:

1 - Намаз окуп бүткөн соң дааратты бузбастан, башкаларга тоскоол болбостон ордунда олтурган адамга.

2 - Эрте келип, биринчи сапта намаз окуган адамга.

3 - Кийинки намазды күтүп мечитте олтурган адамга

4 - Саптагы бош орунду толтуруп туруучу адамга.

5 - Кечинде даарат менен жатып уктаган адамга.

6 - Башкаларга дин илимин үйрөтүүчү адамга.

7 - Эртең менен эрте туруучу адамга.

8 - Оорулуудан кабар алуучу адамга.

9 - Айланасындагылар тамактанган учурда орозо болгон адамга.

10 - Пайгамбарыбызга (Алланын тынчытыгы жана саламы болсун) береке тилеген адамга.

Бейиш гезити