Румдук Сухайб
18.06.2022

Румдук Сухайб

Сухайб ар-Руми

Румдук Сухайб

“Соодалашуу аябай пайдалуу болду, о Абу Яхья, соодалашуу аябай кирешелүү болду…” (Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) – Алланын Элчиси)

Сухайб ар-Руми…
О мусулмандар, Сухайб ар-Румини арабыздан кимибиз гана билбейт. Анын өмүр-баянын же эч болбоду дегенде анын башынан өткөн окуяларынын айрымдарын билбеген арабызда эч ким жоктур?
Бирок Сухайб румдук эмес, нукура араб экени тууралуу көпчүлүгүбүз билбейт чыгарбыз. Атасы Бану Нумайр уруусунан, а апасы – Бану Тамим уруусунан болгон.
Ал эми эмне себептен Сухайб румдук болуп калганы өзүнчө укмуш бир окуя. Ал жөнүндө тарых баракчаларында жана көптөгөн белгилүү китеп беттеринде жазылган.
Алла Таала Пайгамбарына биринчи аяндарды түшүрөөргө жыйырма жылга жакын мезгил калганда аль-Абдулла аттуу байыркы шаарга парсылардын падышасынын буйругу менен Бин Малик ан-Нумайри башчы болуп дайындалат. Анын балдарынын ичинен эң сүйкүмдүүсү беш жашар Сухайб болгон.

Сухайбдын жагымдуу жүзү жаркырап турат эле. Акылдуулугу көздөрүнөн байкалып, сапсары болгон чачтары адамдын көңүлүн өзүнө бурчу. Ал өзүнүн ички ынтызарлыгы жана шамдагай-шайырлыгы менен башка балдардан айырмаланып турчу. Анын аябай шайыр, мамилечил, бат үйүр алуучу, ачык, ак көңүл болгондугу атасынын жүрөгүн элжиретип, эбегейсиз кубанычка бөлөп, күнүмдүк түйшүктөрдү биротоло унуткарат эле.

Күндөрдүн бир күндөрүндө кичинекей уулун ээрчитип алып Сухайбдын апасы бир топ күзөтчү жана кызматкерлери менен эс алууга Ирактын ас-Синий аттуу кыштагына жөнөйт. Ошол кыштакка румдук аскерлер кол салат. Күзөтчүлөрүн кыйрата чаап, мал-дүйнөсүн тартып алып, кыштак тургундарын туткундап алышат. Алардын ичинде Сухайб да бар эле. Ошентип, Византиянын кул базарларынын биринде Сухайб кулчулукка сатылат. Ошондон тартып колдон колго өтүп, ар кимге кызмат өтөйт. Анын башына түшкөн жазмыш византиялыктардын короосунда азап тартып, кордук көргөн миңдеген башка кулдардыкы сымал эле.

Жашоонун мындай жагдайы Сухайбга Византиянын чөйрөсүн терең өздөштүрүүгө жана ички жагынан бардыгын талдап, ийне-жибине чейин билүүгө өбөлгө түзөт. Византиянын сарайларында болуп жаткан ыпластык, күнөө иштерди, бузукулукту өз көзү менен көрөт. Жийиркеничтүү сөздөрдү өз кулагы менен укканда жан дили менен ошол коомду жек көрүп калат. Ал өзүнчө: “Мындай коомду чымын-куюн, бороон чапкын эле тазалабаса…” дээр эле.

Ошентип, Сухайб Византияда жергиликтүү калктын арасында балтыр эти толуп, баралына жеткен менен, араб тилин түгөл унутуп калат, а бирок өзүнүн араб экенин жана чөлдөн чыккандыгы жөнүндө эч качан эсинен чыгарбаган…
Кулчулуктан бошонуп, киндик каны тамган ыйык мекенине кайтып келээр мезгилге дейре эл-жерине болгон көксөө, кусалык аны бир көз ирмемге чейин таштаган эмес.
Кулчулукта кызмат өтөп жүргөн кезинде бир кожоюндун сарайында христиандардын бир көзү ачык бакшынын: “Араб чөлкөмүндөгү Мекке шаарынан Марьямдын уулу Исанын чыныгы пайгамбар экенин тастыктап, элдерди караңгылыктан жарыкчылыкка чыгара турган Пайгамбардын келээрине аз гана мезгил калды”, деген сөзү Сухайбдын мекенине болгон сагынычын, кусалыгын ого бетер күчөтөт.

Араб элине караштуу жерлердин ордосу, көптөн бери күтүп жатышкан Пайгамбардын чыга турган жайы, бүткүл шаарлардын энеси саналган ыйык Мекке тарапка бет алууга ыңгайлуу мүмкүнчүлүк алган Сухайб убакытты текке кетирген жок. Бактысын колдон чыгарбай сарайдан аман-эсен качып чыккан соң, көксөгөн Мекке шаарына бет алды. Ошентип, Меккеде отурукташып, бир топ мезгил жашап калды. Анын араб тилин кандайдыр бир өзгөчө нукта, дапдаана сүйлөй албагандыктан жана чачтарынын сапсары түсүнөн улам жергиликтүү эл аны Сухайб ар-Руми (Византиялык Сухайб) атап алышты. Сухайб Меккенин бийлеринин бири болгон Абдулла бин Жудан менен соодагерлик келишим түзүп, соода-сатык иш менен шугулдана баштайт. Сооданын аркасынан жүрүп, кийинчерээк көптөгөн киреше табат, мал-жандуу да болуп калат. Бирок соода-сатыктан таап жаткан үлкөн кирешелер, бакубат жашоо баягы христиан бакшысынын айткан сөзүн унуткар кыла албады. Ар дайым эсине кылк этип келер замат, чыдамсыздык менен: “Качан… качан эми, качан… ошол нерсе болот?!” - деп өзүнө-өзү суроо берет эле. Бул суроосуна жооп алуусуна аз гана убакыт калган.

Бир жолу Сухайб кезектеги соода-сатык иши менен Меккеге кайтып келгенде Абдулланын уулу Мухаммед элдердин Жаратуучунун Жалгыздыгына, адилеттүүлүк менен жакшылык кылууга жана чоң, кичине күнөөлөрдү кылбоого чакыруу милдети менен кайрылып жүргөндүгү жөнүндө кабар эшитет:
- Ал баягы… элдер аны Амин (Аманатчыл) деп коюшкан киши эмеспи? – деп сурады Сухайб.
- Ооба, так өзү, – дешти.
- Ал кайсы жерде жашайт? – деди.
Алар жапырт бир ооздон:
- Сафа дөбөсүндө жайгашкан аль-Аркамдын уулу аль-Аркамдын үйүндө турат… Эгер ага жолугууну кааласаң, сак бол. Курайш эли көрүп, билип кала турган болсо, өлгөнүң ошо, аман-эсен калам деп ойлобой эле кой… Анткени өзүң билгендей сен биздин арабызда бөтөн элден, бөтөн жерден келген келгинсиң. Сени коргоп алууга бир да уруу батынбайт, ары жардам берем деген кара-чечекей тууган-туушканың да жок.

Аль-Аркамдын үйүнө өтө этияттык менен алды-арт жагын каранып бара жатты. Үйдүн дарбазасына жакын жерден Аммар бин Ясирге кезикти, аны мурун таанычу. Бир саамга дейре эмне кылаарын билбей, олку-солку болуп туруп, анан анын жанына жакын барып:
- Аммар, сен бул жерде эмне кылып турасың? – деди.
Аммар дагы дендароо сымал ага карап:
- А сен эмне кылып жүрөсүң? – деди.
- Мен бул үйгө кирип, ал кишини көрүп, анын кебин угайын дедим эле, – деп жооп берди Сухайб.
- Мен дагы ошол нерсени каалап турам, – деди Аммар.
- Андай болсо Алланын берекеси менен чогуу кирели, – деди Сухайб.

Ошентип, румдук Синанын уулу Сухайб Алланын Элчисине Аммар менен бирге кирди. Пайгамбардын айткан ар бир сөзүн кунт коюп угушту. Мээримдүү Пайгамбардын жагымдуу сөздөрү алардын жүрөгүн козгоп, ыймандын жарык нурун жандандырды. Алар бирге колдорун сунуп, сыйынууга Алладан башка зат жок, а Мухаммед – Анын кулу жана пайгамбары деп күбөлүк беришти. Айлананы караңгылык каптап тунжураган тынчтык өкүмү сүргөн кезде эки дос Пайгамбардын үйүнөн чыгышты. Алардын ар биринин жүрөгүндө бүткүл ааламга жарык бере ала турган ажардуу нур менен баратышты. Ошол күндөн тартып Пайгамбардын акыл-насааттарын дайыма уга тургандардын катарын толукташты. Асылзат Пайгамбар менен бетме-бет, маңдай-тескей маектешүүгө мүмкүнчүлүк алгандыктарына аябай ыракаттанышты.

Курайш элинин кемсинтүүлөрүн, кордугун, азап-тозогун тартышкан Билал, Аммар, Сумайя, Хабаб жана башка туура динди кабыл алган улуу сахабалар менен биргеликте, Сухайб да өз үлүшүн алып, шордуу күндөрдүн баштан кечти. Аска-зоо көтөрө алгыс абдан катаал азапка, тирүү жан чыдагыс мыкаачылыкка капталган ондогон башка сахабалардын катарында Сухайб да болгон. Бирок ошол оор, татаал кыйынчылыктардын баарына тике карады, кандайдыр бир ички бейпилдик, жайбарактык менен кабыл алды. Анткени бейишке алып баруучу жол аябай кыйын, катаал жана напси каалабаган нерселерди басып өтүү экендиги ага бешимдей белгилүү эле.

Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сахабаларына Медина шаарына көчүүгө уруксат берген мезгилде Сухайб Пайгамбар менен Абу Бакирди күзөтүп барам деп чын жүрөгүнөн чечим чыгарган. Бирок анын катуу ниети курайш элине маалым болуп калып, ар кандай кысымдарга, тоскоолдуктарга дуушар болуп, катуу көзөмөлгө алынат да, ойлогон ою жүзөгө ашпай калат. Соода-сатыктан тапкан алтын-күмүш, байлыгынын баарын жүктөп качып кетип калбасын деген ойдо курайш эли анын артынан калбай изме-из аңдыган кишилерди дайындап коюшат.

Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Абу Бакир менен Медина шаарын көздөй бет алган күндөрү Сухайбдын жаны жай албай, аябай далбас уруп, ыңгайлуу мүмкүнчүлүк издейт. Аларга барып кошулам деп ар кандай айла-амал жасайт, бирок ашыкча кадам коюуга чамасы болбойт, артына сая түшкөн тыңчы, аңдуучулар аны кирпик кагым убакытка чейин да өз эркине коюшпайт. Эч айла калбагандыктан, акыры бир амалдуулук оюна келет. Суук, ызгаар түндөрдүн биринде Сухайб ичи катуу ооруган киши сыяктанып, утуру-утуру үйүнөн чуркап чыгып, кайра кирип жатты. Тыңчылар бири-бирине карап: - Тынчтангыла, аль-Лат менен аль-Узза анын башына түйшүк жөнөтүштү – дешти. Андан соң алар жайбаракат орун алып, кыйшая башташты, коңурукту жоон тартып таттуу уйкунун кучагына да киришет. Ошол маалда Сухайб акырын жылып отуруп, алардын жандарынан өтөт да, Медина тарапка бет алат.

Ошондон көп өтпөй аңдоочулар көз ачып ойгонушат. Сухайбдын из жашырып качып кеткендигин билгенден кийин шамал менен тең жарышкан аттарын камчылап, артынан карай чаап жөнөшөт. Акыры куугунчулар аны кууп да жетишет. Артынан куугунтук келе жатканын сезген Сухайб ыңгайлуу бийиктиктен орун алып, жааны кере тартып туруп калды:
- Эй, курайш эли! Аллага ант берем, бардык адамдардын ичинен таамай, көзгө сая атаар мендей чебер мергенчи жок экенин силер жакшы билесиңер! Силерди кырып таштайм, мага жакындасаңар! Огум жетпей баратса, кылыч колумдан тайыгыча чабышам – деди.
Алардын бири:
- Аллага ант беребиз, сени ушинтип эле дени соо жана акчаларың менен кетип калууңа жол бербейбиз. Сен Меккеге жакыр, кедей болуп келгенсиң, андан соң байып, ушул абалга келдиң, – дешти.
- Эгер акчаларымды силерге таштап кетсем, мени коё бересиңерби? – деди Сухайб.
Алардын баары бир ооздон жапырт:
- Ооба! – дешти.
Сухайб Меккеде катылган акчаларынын жайын айтты. Меккеге келишкен соң тыңчылар анын болгон байлыгын алып, аны бош коё беришти. Медина шаарына алып баруучу жолдо Сухайб динин бекем кучактап алып, Алла Тааланы көздөй чуркап баратты. Жаш курактын жалындуу убагында жыйнаган байлыгынан бир заматта кол жууп калганына кымындай өкүнүп да койгон жок…
Жолдо чаалыгып-чарчап, күчтөн тайыган сайын алдыда боло турган кездешүүнү элестете калып, ички дүйнөсүн керемет сезим бийлеп, күчүнө-күч, демине дем берип, Пайгамбарга карай тыным алдырбай бастырып жатты. Медина шаарына жакын жайгашкан Куба кыштагына жеткенде, аны Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) баамдап калат. Анын аман-эсен келгенине аябай кубанат да, алдынан тосо: - Соодалашуу аябай пайдалуу болду, эй, Абу Яхья… соодалашуу аябай кирешелүү болду… - деп кучак жайып чыкты. Алланын Асыл Пайгамбары (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бул сөздөрдү үч жолу кайталады. Сухайбдын жүзү нурданып, ажарына чыгып: - Аллага ант берем, о-о Алланын Элчиси, мени жолдо эч ким озуп өткөн жок. Бул кабарды сизге Жебирейил периштеден башка эч ким жеткирген жок.

Арийне, соодалашуу чындыгында пайдалуу болду…
Аны тастыктоо үчүн асмандын жети кабатынан аян түшөт. Кудуреттүү Алла Таала Сухайбга карата түшүргөн сөздөргө Жебирейил периште өзү күбөлүк берди: “Адамдардын арасында Алланын ыраазычылыктарына жетүүнү көздөп, өз жанын да аябай тургандар бар. Алла пенделерине абдан Ырайымдуу”. (Бакара сүрөсү: 207-аят)
Бактылуу Сухайбдын элеси жарык болсун!

Сахабалардын өмүр баяны китебинен