Саад бин Убаданын кызматтан алынуусу
15.09.2019

Саад бин Убаданын кызматтан алынуусу

Мекке алынган күнү эртең менен Абу Суфян топ-топ болуп өтүп жаткан мусулман аскерлерин карап олтуруп, алар тууралуу азирети Аббастан (Алла андан ыраазы болсун) маалымат алып жатты. Мына ошол учурда Саад бин Убада (Алла андан ыраазы болсун) башчылыгы астында Хазраж уруусу жакындап келип калды. Алар миң киши болчу. Абу Суфян алар тууралуу да сурап, азирети Аббас (Алла андан ыраазы болсун) жооп берип олтурду. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) да ушул топтун арасында эле. Укмуштуудай сүрү бар бул топтун ичинде азирети Умардын (Алла андан ыраазы болсун) күркүрөгөн үнү дароо байкалды. Ал адамдарды тартип менен жүрүүгө чакырып жаткан эле. Ансар жана мухажирлер өздөрүнүн желектерин желбиретип, түркүн-түстүү көрүнүштө өтүп баратышты. Даярдыктары да укмуш эле. Буга күбө болуп олтурган Абу Суфян: "Бул аскерди ким жеңе алат!?" – деп ойлонду.

Мына ушул убакта жанына жакындап келген Саад бин Убада (Алла андан ыраазы болсун) үнүн бийиктетип, ошол күнгө чейин көп кордук көрсөткөн меккеликтердин алдыңкыларынан болуп жүргөн жана жаңыдан эле мусулмандыкты кабыл алган Абу Суфянга карап: "Бүгүн дастан жазыла турган күн! Бүгүн Харамдын ыйыктыгы жоюлуп, ал жайда согуш адал боло турган күн! Бүгүн Курайш кор боло турган күн!" – деди. (Бухари)

Бул сөздөр Абу Суфянга катуу тийди. Жай аптабында күйүп олтурган Абу Суфянды Сааддын бул сөздөрү өрттөп жиберди! Башка чапкандай шагы сынып олтуруп калды. Ошол күнгө чейин укпаган сөздү укту. Бул сөздөрдүн артында аябай күчтүү жек көрүү бар эле. Бул сөздөр катардагы бирөөнүн эмес, Мадинадагы эки чоң уруунун биринин башчысы Саад бин Убаданын сөздөрү эле. Абу Суфян колдоп алар, коргоп калар бирөөнү издеп, жанындагы досу азирети Аббаска (Алла андан ыраазы болсун) кайрылып: "Оо, Аббас! Бүгүн мени коргоп кала турган негизги күнүң!" – деди.

Ошол көз ирмемдерде Касва деген төөсүн минген Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) чыга келди. Оң жагында азирети Абу Бакир (Алла андан ыраазы болсун), сол жагында азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун) бар эле. Аббас (Алла андан ыраазы болсун): "Мына, Алланын Элчиси келди!", – деп, толкундана Абу Суфянга үн салды. Абу Суфян: "Бир тууганыңдын уулунун иши бүгүн теңдешсиз падышалыкка айланыптыр!" – деди. Азирети Аббас (Алла андан ыраазы болсун) анын сөзүн оңдоп койду: "Оо, Абу Суфян! Ал султандык эмес – пайгамбарлык!".

Бирок, Саад бин Убаданын сөздөрү Абу Суфянга катуу тийгендиктен оюнан кетпей койду. Катуу тийген эле. Мээрим Пайгамбарына (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) көз салса, анда эч бир катаалдыктын, каардын изи жок. Тескерисинче, кичипейилдик менен ийилип, жайбаракат бара жатты. Жан дүйнөсүн толкуткан кыялында бир аз мурда өткөн Саад менен Пайгамбарыбызды (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) салыштыра албай жатты! Ошондо катаалдык Алланын Элчисинин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) чөлкөмүнө да жакындабасын түшүндү. Баары коргологон мээримге ал да келип: "Оо, Алланын Элчиси! Сен өз элиңди өлтүрүүгө буйрудуңбу, Саад бин Убаданын эмне дегенин карачы?" – деди.

Адамзаттын Асыл Таажысынын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) болгон окуя тууралуу кабары жок эле. Кетирилген кемчиликти сезгендей жумшактык менен: "Ал эмне деди эле?" – деп кылдат сурады. Абу Суфян жеңилдей түшүп, азирети Сааддын (Алла андан ыраазы болсун) сөздөрүн Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтып берди. Анан: "Сен адамдардын эң жакшысы, тууган-уруктарына камкор, мээримдүү жансың. Ошондуктан, Алла үчүн сенден өз коомуңа жакшы мамиле жасашыңды үмүт кылам!" – деди.

Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) да кыжаалат болду. Себеби, Абу Суфян да жалгыз эмес эле. Ошол учурдагы анын кыжаалатчылыгы меккеликтерге эселенип таасир этүүсү ыктымал болчу. Ошондой эле ага чейин Алланын Элчисинин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ниетин байкай албаган азирети Сааддын (Алла андан ыраазы болсун) сезимге алдырып айткандары келечектеги иш-аракеттерге толугу менен карама-каршы сөздөр эле. Ал эми Алланын Элчисинин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) көңүлүндө, кечээ күнгө чейин ага жапаа чектирген адамдардын жазасын берүү деген ой болгон эмес. Негизгиси адамдарга акыйкаттын жетүүсү жана алардын бул дүйнө, акырет бактылуулугуна карай жол алуусу эле. Баштан өткөн кыйынчылыктар эми жыргалчылыкка жана бейпилдикке орун алмашканы турган. Демек, Саад (Алла андан ыраазы болсун) сезимине алдырып, жеке аракет кылган болчу. Бирок, анын бул аракети орундуу болбоду. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) оболу: "Оо, Абу Суфян, Саад жаңылыштык кетириптир!" – деди. Анын корккону негизсиз экендигин билдиргиси келди жумшак үнү менен. Анан мындай деп кошумчалады:

"Тескерисинче, бүгүн мээримдүүлүктүн күнү! Бул күн – Каабаны даңазалап, Алланын ысымы жар салына турган күн! Бул күн – Каабага жабуу жабыла турган күн жана бул күн – Алла Таала курайштын даражасын бийиктете турган күн!"

Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бул сөздөрү ал учурда Абу Суфяндын жана ал аркылуу бүтүндөй меккеликтердин көңүлүн жайгарууга жетиштүү болчу. Бирок, Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) муну менен гана токтоп калбастан Саад бин Убаданы (Алла андан ыраазы болсун) кызматынан алды. Саад (Алла андан ыраазы болсун) Хазраждын башчысы эле. Аны уруусундагылардын баары камкор атадай көрүшчү. Ошол күндүн шарттарында мындай башчыны кызматтан алуу оңой кабылдана турган иш эмес эле. Мындайча айтканда "ашууда ат алмашпайт" дегендей эле кеп болчу. Мына ошого карабастан Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жогоруда баяндалган окуянын үстүндө туруп, азирети Саадды (Алла андан ыраазы болсун) кызматтан алып, ордуна уулу Кайсты (Алла андан ыраазы болсун) дайындады. (Вакиди, "Магази" 554)

Пайгамбарыбыз тынчтыктын жарчысы китебинен