Сарымсак менен сүт кайнатмасы
08.09.2020

Сарымсак менен сүт кайнатмасы

Көптөгөн жашылча-жемиштердин да бир топ дарычылыгы бар. Төмөндө адамдын жалпы саламаттыгына эң керектүү дары суусундугунун курамы. Бул суусундук жылуу сүт менен сарымсактын майдасынан жасалган.

Даярдоого керектүү азыктар: 500 миллилитр сүт, сарымсактын аарчылып майдаланган он тиши, 250 миллилитр суу.

Даярдоо ыкмасы:

Мискейди алып ага сүттү куюп, анан сарымсакты кошуп, отко коёсуз. Аралашма кайнагыча күтө туруңуз. Аралаштырганды токтотпой туруп, отту азайтыңыз. Жарымына чейин бууланмайынча аралаштыра бересиз. Аралашмага шекер кошуңуз жана муну ысык бойдон ичсе жакшы.

Пайдалуулугу:

Астма — эгер күнүнө үч тиш сарымсакты ар күнү уктаар маалда жесеңиз, астманын симптомдору жеңилдейт

Өпкө сезгенүүсү — сарымсак кошулган сүттү күнүнө үч ирет ичсеңиз, өпкө сезгенүүсүнөн айыгып кетесиз.

Жүрөк ооруларына — бул суусундук холестеринди азайтат, тромбдун пайда болуусунун алдын алат, муну менен жүрөк, кан тамырдын иштөөсүн жакшыртат. Эгер, сиз сүт менен сарымсактын аралашмасын даярдасаңыз, анда майы аз сүттөн жасасаңыз жүрөк ооруларына жакшы.

Сарык — сарымсак организмдеги жаман токсиндерди айдап чыгат. Анткени, сарымсак боордогу ферменттерди активдештирет. Бул ингредиенттер боордун май дистрофинине укмуш эффект берет. Ал өзүнө иллицин менен селендин чоң запасын алып жүрөт. Эгер, сиз бул аралашманы 4-5 күн колдонсоңуз, сарыктан толук айыгасыз.

Артрит — сүт менен сарымсакты күнүнө колдонсоңуз, артриттин симптомдорун жана ооруну азайтасыз.

Уйкусуздук— аралашма тынч уктоону камсыздайт, анткени сарымсакта нервди тынчтандырган бирикме бар.

Жөтөл— бул аралашма куркума менен кошулганда дайымкы жөтөлгө жакшы. Сарымсакта бактерияга каршы укмуштуудай эффект бар. Бул жөтөлгө жардам. Булардын үстүнө балды кошсоңуз андан бетер жакшы.

Өпкө туберкулезу — бул аралашма көкүрөк клеткаларынын оорусун айыктырууга пайдалуу. Сарымсактагы сера компоненттери бул ооруга каршы пайдалуу. 240 миллилитр сүткө жана бир литр сууга 1 грамм сарымсак кошуп жасайсыз. Бул аралашманы 1 күндө 3 жолу ичесиз.

Холестерин — эгер сиз жылуу сүт менен сарымсакты 1 жума ичсеңиз, жаман холестеринден (ЛПНП) арылып, липопротеинди (HDL) организмде көбөйтө аласыз.

Тамак сиңирүү системасы — сарымсак андан тышкары иммунитетти жакшыртып, тамак сиңирүүчү системаны жөнгө салат. Мындан тышкары сарымсак импотенцияга да пайдалуу. Эркектер менен аялдарды тукумсуздуктан арылтат.

Ыйман желеси