Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт
10.07.2019

Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт

“Бүт дартыңды өз мойнума алайын, Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт” деп маркум акын Алыкул сөздүн да, иштин да каймагын айткан экен. Аттиң, баарыбыздын ата-журтубузга, мекенибизге болгон сүйүүбүз ушундай болсо кана. Акыркы күндөрү бизде да “патриоттор” көбөйүп бара жатат. Башына калпак кийип алып эле “мекенчилмин” дегендер чыкты. Саймалуу кемзел кийген эжелер жүрөт “биз мекенчилбиз” деп. Өз мекенчилдигин көрсөтүп, жаман жүргөн кыздарды сабаган “патриоттор” пайда болду. Айтор баары эле “мекенчил”, баары эле мекен үчүн күйүп-бышып жаткан өңдөнөт. Деги, мекенчилдик эмне менен билинет? Башыңдагы ак калпак мененби? Калпак кийгендин баары эле мекенчил болсо, анда, ак калпакты койкойто кийип, мекенибизди бир четинен кескилеп сатып жаткандарга эмне дейбиз? Ак калпактын алдындагы баш “Мекендин элин, жерин, кенин кантип кемирип жесем деп ойлонуп жатса, анда, анын эмнеси мекенчил же саймалуу кемзел, чыптаманы кийип алып, батыш уюмдарынын сөзүн сүйлөп, “кыргызды кантип бузуп, кантип тукум-курут кылуунун” жолун издеген эжелерибиз мекенчилби? Демек, кайсы бир улуттук кийимди кийип алуу менен эле адам мекенчил болуп калбайт экен да. Ооба, улут маданиятын, анын ичинде улуттук кийимди сактап, кийип жүрүүгө эмне жетсин. Буга эч ким каршы эмес. Бирок, чыныгы мекенчилдикти кийим аркылуу түшүнүү туура эмес. Динибизде, мекенди сүйүү – ыймандан деп айтылат. Ал эми ыймандын орду – жүрөктө. Жүрөгү менен Жаратканга берилген адам, Ага сыйынат. Жүрөгү менен Жаратканды сүйгөн адам, анын буйругун аткарат. Мекенге болгон сүйүү да адамдын тил учунда эмес, жүрөгүндө болуусу керек. Туура, “Туулган жердин топурагы алтын” деп баардык адамдар, туулуп өскөн жерин, жашаган мекенин жакшы көрөт, сагынат. Бирок, жүрөгү менен мекенге берилип, ал үчүн күйүп-бышкан адамдар өтө аз. Мекен кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан өйдө койгон чыныгы мекенчилдер жокко эсе. Сыртка чыкканда бир аз сагынымыш болгон менен, биздин жүрөгүбүздө мекенге болгон чыныгы сүйүү сезими али ойгоно элек. Кантип байысам, кантип депутат болсом, кантип жашоомду жакшыртсам, ушул жерден бир икая эсиме түшө калды. Кайсы бир жемиштин көчөтүн тигип жаткан аксакал карыянын жанынан кутурган байбача жоролору менен өтүп калат. Жөн кетпей тизгин тартып, карыяга кайрылат:

- Ой, атаке, өзүңүздүн төрүңүздөн көрүңүз жакын экен, анан жаш көчөттөрдү тигип жатканыңыз эмнеңиз? Абышка жүлжүгүй көздөрүн серепчилеп, байбачага карайт да жооп кайтарат:

- Ээ, уулум, бизден мурункулар тикти, аны биз жедик, биз тигебиз аны кийинкилер жейт. Жигит сөзгө сынып, бир аз кызара түшөт да, абышкага бир алтын тенгени сунат. Абышка тыйынды алып, тиштерин көрсөтө жылмайып коёт.

– Эмнеге күлдүңүз ата? – жигит кызыга сурайт.

– Эл тиккен көчөт беш жылда түшүм берсе, мен тиккен көчөт бүгүн эле түшүмүн бере баштады. Абышканын сөзүнө ыраазы болгон жигит, дагы бир тенгени сунат. Абышка дагы жылмаят. Жигит сурайт:

- Эми эмнеге күлдүңүз?

- Элдин багы бир жылда бир эле жолу түшүм берсе, менин көчөтүм дароо эки түшүм берди. Абышканын сөзүн уккан жигит, дагы бир нерсе деп жибербесин деп, бастырып кетет.

Балким, бул икаянын бул жерге тиешеси деле жоктур. Бирок, биз аталардан калганын түгөтө жеп, сатып, кургатып, соолутуп, казып, омкоруп, кыйратып, кыскасы жок кылып, анан ордуна эч нерсе “тикпей” эле кетип жаткандайбыз. Келечек урпактарыбыз казылган кенден, эриген мөңгүдөн, соолуган көлдөн, кыйылган бактан, ууланган абадан, сатылган жерден башка эч нерсени таппай, алаканын куушуруп олтуруп калабы деген коркунуч бар. Эмнеси болсо да, баарын заман өзү таразалайт дечи. Биз болгону мекенибиздин келечеги үчүн бир аз кам көрүп, эгемендүү өлкөбүздү ушул бойдон сактап калсак болду. Болбосо, ар бирибиз өз көмөчүбүзгө күл тартып, чет элдин болор-болбос тыйынына алданып, эркиндигибизди жоготуп алуубуз да мүмкүн.

Алайчы Сейитбеков