Шаас бин Кайс тутанткан бузукулук отун өчүрүүсү
29.08.2019

Шаас бин Кайс тутанткан бузукулук отун өчүрүүсү

Шаас бин Кайс аттуу жөөт чал бир жигитти чакырып алып, Буас согуштарында Аус жана Хазраждын ортосундагы талаштар тууралуу ырларды алардын арасында окуусун суранды. Ушундай жол менен алардын эски жарасын ырбатып, ортолоруна чок салгысы келди. Абышканын сөзүн уккан жигит көпчүлүктү аралап, айтылгандарды аткара баштады. Унутула баштаган талаштар кайра козголду. Аус менен Хазраж бири-бирине кол салууга аз калышты. Кер-мур айтышуу менен да токтоп калбай, өз ара эсептешип алуу үчүн бир жерди болжошту.

Бул абал тууралуу кабардар болгон Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жанына сахабаларын алып, белгиленген жайга келди. Анан көпчүлүккө мындай деп кайрылды: "Оо, мусулмандар! Силерди Аллага чакырам! Силерди Аллага чакырам! Мен силердин араңарда болгон учурда Алла силерге Исламды насип кылды. Эми кайрадан жахилиятка кайткыңар келеби? Алла Таала Ислам дини аркылуу жахилият иштерин жоюп, силерди ыймансыздыктын караңгылыгынан куткарып, жүрөктөрүңөрдү жакындаткандан кийин ушул кылганыңар кандай?"

Ошентип Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) алардын ортосунда кайрадан тутануусу мүмкүн болгон коогалаңдын отун өчүрдү. Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сөзүн уккан Аус менен Хазраждыктар өзүнө келип, жер карап ыйлашты жана бири-бири менен кучакташа баштады. Ошондон кийин эл бузукуларынын азгырыктуу сөздөрүнө алданбай тургандыктарына убада беришти. (Бин Хишам)

Пайгамбарыбыз тынчтыктын жарчысы китебинен