Шаввал айындагы алты күндүк орозо
26.05.2020

Шаввал айындагы алты күндүк орозо

Мына кечээ эле башталган Рамазан көз ачып жумгуча өтүп кетти. Бул айдын жакшылыктарын пайдаланган адам пайдаланып калды, ал эми пайдалана албаганы көптөгөн жакшылыктардан куру калды. Рамазан башталгандан баштап жан дили менен ибадат кылып, бирок, Рамазан бүтөрү менен ибадатты токтоткон адам – Рамазанды татыктуу тоскон адамдардан эмес. Бишр бин Хафиге бир адам келип: «Баланча адамдар Рамазанда эле ибадат кылышат» – деп айтканда, ал мындай деп айтты: «Алланын алдындагы милдеттерин Рамазанда эле билген адамдар – эң начар адамдар. Чындыгында, такыбаа адам жыл бою ибадат кылууга жанталашат».

Күн санап күткөн ыйык Рамазан да бүттү. Эми кайрадан сыноо күндөрү башталды. Ким Рамазанды талаптагыдай өткөргөн болсо, анда, ал адам келерки Рамазанга чейинки убакытты да Рамазандагыдай же андан дагы жакшы деңгээлде өткөрүүгө умтулат. Ушуга чейин кылып келген ибадаттарын үзбөйт, ички дүйнөсүн тазалайт, жашоосун оңдойт, бир сөз менен айтсак, анын динге болгон бекемдиги күн өткөн сайын күч ала баштайт. Ал эми ким талаптагыдай өткөрбөсө, анда, ал Рамазан бүтөрү менен мурунку кейпине кайта баштайт. Күнөөнү да таштабайт, бузукулуктан да кайтпайт.

Рамазан айы бүтүп Шаввал айы да келди. Бул айда да ыймандуулар үчүн Аллага жакындоого жана көптөгөн соопторго жетүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ошолордун бири туурасында Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай деп айткан: «Кимде-ким Рамазан айында орозо кармаса жана ага улап Шаввал айында да алты күн орозо тутса, анда, ал бир жыл орозо туткандын сообун алат». (Сахих Муслим)

Имам Навави (Алла ырайым кылсын) хадисти мындайча түшүндүргөн: «Чындыгында, бул орозонун бир жылга барабар болуусунун себеби – ар бир жакшылыкка он эсе сооп берилет. Ошого ылайык Рамазан айы да он айга барабар болот. Ал эми Шаввалдын алты күнү – эки айга б.а алтымыш күнгө барабар болот». (Шарх Сахих Муслим)

Ал эми башка хадисте Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтты: «Рамазан орозосу он айга барабар, ал эми андан кийинки Шаввалдын алты күндүк орозосу эки айга барабар. Баарысы биригип бир жылдык орозосун сообундай болот». (Сахих аль-Жаами)

Рамазандан кийинки Шаввал айында алты күн орозо тутуу – бул пенденин Раббисине келтирген шүгүрү сыяктуу. Анткени, Алла Таала ага Рамазан орозосун толук тутууга шарт түзүп жана көп жакшылыктарга жетүүсүнө мүмкүнчүлүк берди.

Бин Ражаб (Алла ырайым кылсын) Шаввал айынын пайдалары туурасында мындай деп айткан:

Биринчиден: Рамазан орозосун туткандан кийин Шаввал айында да алты күн орозо тутуу – бир жыл толук орозо туткандын сообуна барабар.

Экинчиден: Шаввал айы менен Шаабан айындагы орозолор – парз намаздардын алдынан же артынан окулуучу сүннөт намаздар сыяктуу. Парз намазда катачылык же кемчилик кетсе, анда, ал ушул намаздар менен толукталат. Чындыгында, Кыямат Күнү парз намаздар сүннөт намаздар менен толукталат. Бул туурасында Пайгамбардан (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ар түрдүү далилдер келген. Ошол сыяктуу эле көпчүлүк адамдар да Рамазанда туткан орозолорунда катачылык жана кемчиликтерди кетиришет жана алар да Кыяматта толуктоого муктаж болот.

Үчүнчүдөн: Рамазан орозосунан кийин да орозо кармоону адат кылуу – Рамазан орозосунун кабыл болгондугунун белгиси. Чындыгында, Алла Таала пендесинин кылган ибадатын кабыл кылса, анда, ага андан кийин да жакшылыктарды кылууга ийгилик берет. Кээ бир аалымдар айтышкан: «Жакшылыктын сообу – андан кийинки кылынган жакшылыктан билинет. Кимде-ким жакшылык кылса жана андан кийин да башка жакшылыктарды кылса, анда, бул анын биринчи кылган жакшылыгынын кабыл болгондугунун белгиси. Ошол сыяктуу эле кимде-ким жакшылык кылып, бирок, анын артынан күнөө кылса, анда бул анын кылган жакшылыгынын кабыл болбогондугунан кабар берет».

Төртүнчүдөн: Рамазан орозосу хадисте айтылгандай адамдын өткөн күнөөлөрүнүн кечирилүүсүнө себеп болот. Рамазанда орозо туткандар сооп-сыйлыктарын орозо айт күнү толугу менен алышат, бул күн сооп-сыйлык күнү. Мына ошол себептен орозо айттан кийин орозо тутууну адат кылуу – берилген сооп-сыйлыктарга шүгүр кылууга жатат. Ал эми өткөн күнөөлөрдүн кечирилүүсү – жакшылыктардын эң улуусу. Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) түндөсү намазда көп турганы себептүү буттары шишип кетчү. Күндөрдүн биринде Айша энебиз андан “Оо, Алланын элчиси! Алла Таала сиздин өткөн жана келерки бардык күнөөлөрүңүздү кечирди, эмне үчүн мындай кыласыз?” - деп айтканда, ал айтты: “Мен Алланын көп шүгүр кылган пенделеринен болууну кааласам болбойбу?” (Сахих Бухари)

Алла Таала пенделерине Рамазан орозосун тутууга мүмкүнчүлүк түзгөнү үчүн аларды шүгүр кылууга буйруган. Мисалы, Алланы зикир кылууга ж.б зикирдин түрлөрүн аткарууга буюруп мындай деп айтты: «Ал силерди белгилүү сандагы күндөрдү орозону аягына чейин толуктооңорду жана силерди туура жолго салганы үчүн Алланы улуктооңорду каалайт. Шүгүр кылууңар үчүн». (Бакара сүрөөсү: 185-аят)

Пенденин Рамазандан кийин Аллага шүгүр кылып туткан орозосу – жалпысынан Алланын ага Рамазан орозосун тутууга ийгилик, жардам бергени үчүн жана күнөөлөрүн кечиргени үчүн Раббисине шүгүр кылганына кирет. Алгачкы улуу муундун кээ бир аалымдары ушундай кылышкан, эгерде, Алла Таала ага түнкү намазды окууга ийгилик берсе, анда, ал күндүзү орозо туткан жана ал орозосун Алла аны түнкү намазга турууга ийгилик бергени үчүн Ага шүгүр кылуу максатында туткан.

Эгерде кимдир бирөө Вухайб бин Варддан кылынган ибадаттын, мисалы: ажылык ж.б сообу туурасында сурап калса, ал мындай деп айтчу: “Анын сообун сурап эмне кыласыңар, андан көрө ошол ибадатты кылууга ийгилик жана жардам берген Аллага кантип шүгүр кылуунун жолун сурагыла”.

Бешинчиден: Адамдын Рамазанда кылган ибадаттары Рамазандын бүтүүсү менен эле токтоп калбайт. Ал ибадаттарды адам тирүү кезинде дайым кылса болот».

Алтынчыдан: Напсинин тарбиялануусуна себеп болот, анткени Рамазандын орозосу бүтөөрү менен напси кутуруп, чектен чыгып кетүүсү мүмкүн. Рамазандан кийин дароо алты күн улап кошумча орозо тутуп койсок, анда, напси чыныгы тарбияга келип калат.

Латоифул Маариф китебинен