Шириндиктер менен жашоо таттуу...
01.08.2016

Шириндиктер менен жашоо таттуу...

Адам баласын кооз кылып жаратып, аларга бир эле жерден түркүн түстүү, даамдары ар башка мөмө жемиш жана ар түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүп, дасторконубузду дүр-дүйнө тамак ашка толтуруп азык берген Аллах Таалага мактоолор жана чексиз шүгүрлөр болсун.

Сөзүбүз мына ошол тамак-аш, тагыраагы кондитер азыктары тууралуу болмокчу. Ар бир адам күнүнө таттуу азыктарын сатып алат, үй-бүлөсүнө, балдарына белеке таттуу берүү да адат болуп калган. Кандай гана майрам болбосун белеке таттуу беришет.

Мына ошол таттууларды ырахаттанып жеп жатып, ойлонуп көрдүңүз беле?! Алар кандай заттардан жасаларын жана курамында эмне болушу мүмкүн экендигине көңүл бөлдүңүз беле?

Чындыгында таттуулар ден-соолука зыян алып келип кээде адал эмес да болуусу мүмкүн. Адал болсо, демек чочконун эти жок, уй, кой же жылкынын эти деген түшүнүк сиңип калган элде.
Адал деген - Аллах Таала жегенге уруксат берген азыктар. Кээ бир азыктарыга Аллах тыйган заттар кошулса, арам болуп калат. Таттууларга да арам азыктар кошулуусу ыктымал.

Мындай заттар кошулса таттуулар арам болуп калышы мүмкүн:
1) спирт ( этилдик, тамак аш) Ликёр, коньяк
2) Е код менен келген кошулмалар;
3) желатин;
4) майлар;
5) табигый боёктор (кармин)

1. БИРИНЧИДЕН ТАТТУУЛАРДЫН КУРАМЫНДА СПИРТ ЖОК ЭКЕНДИГИН АНЫКТОО КЕРЕК.

Курамында этил спирти же тамак-аш спирти деп жазылуусу мүмкүн. Ошондой эле коньяк же ликёр да кошулат. Коньяк, ликер кошулган момпосуйлар аябай баалуу болуп эсептелет. Коньяк, ликер кошулган момпосуйлардан адам мас болуусу ыктымал, момпосуйга канча пайыз кошулганына жараша болот.

Спирт момпосуйга адамды мас кылбай турган көлөмдө да кошулса арам болот. Мас кылбаганы менен арам аралашкан азык денеге киргендиктен – арам болуп эсептелет.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламы болсун) айткан: “Көбү адамды мас кылган нерсенин азы да арам!” (Абу Дауд, Ашриба 5)

Спирт, коньяк, ликер, - рулет, момпосуй, тортторго кошулат.

2. Е КОШУЛМАЛАРЫ КӨП АЗЫКТАРГА КОШУЛАТ, БИРОК АЛАМДАР КӨП ДЕЛЕ МААНИ БЕРИШПЕЙТ.

Е кодтор- химиялык заттардын кыскартылган аттары. Өндүрүүчүлөр бул заттарды тамак-аштын даамын чыгарып, азыктын көрүнүшүн жакшыртуу, сактоо мөөнөтүн узартуу үчүн колдонушат. Бирок, мындай заттардын зыяндуу, зыянсыздары да бар. Е код менен келген кошулмалардын баардыгы арам же адал боло бербейт. Анткени алар эки жол менен жасалат: синтетикалык (лабораториялык) жол менен жана табигый жол менен.
Лабораториялык (химиялык) жол менен жасалган заттар адал, бирок, даяр азыктын курамында Е заттарынын колдонулуучу нормасы сакталынбай, адамдын ден-соолугуна зыян келтире турган болсо, арам болуп калат.

Табигый жол менен жасалган заттар арам же адал болушу мумкун. Эгерде арам жаныбарлар, курт-кумурскалар, адамдын чачтарынан, сөөктөрдөн жасалган болсо, арам болот.

Төмөндө ден-соолукка зыян алып келүүчү жана шарият боюнча арам болгон кошулмалардын тизмесин айта кетсек:
E120 – Кармин, Е 441 (желатин), Е542, Е904, Е920 – E921, Е1000, Е1001, Е1100, Е1101, Е1102, Е1103, Е1104, Е1105, Е1200, хитозан.

Күмөндүү кошулмалар:
Е 132, Е 422, Е 471, Е 472а, Е 472b, Е 472d, Е 472g, E 472e, E 472f, E 478, E 951 (Кош бойлуу жана эмизген аялдарга болбойт)
(E кошулмалар тууралуу кошумча маалыматты halal.kg сайтынан ала алсаңыздар болот)

3. ЖЕЛАТИН

Мармелад, торт, йогурт, токоч (печенье) ж. б. таттууларда колдонулуучу зат. Желатин - жаныбарлардын сөөгүнөн жана терисинен жасалат. Желатинди жаныбардардын сөөктөрүн жана тутумдаштыруучу кемирчек ткандарын кайнатуу менен жасашат. Терилердин курамында болгон коллаген глютенге айланат. Кайнагандан кийин суусу бууланат, даяр болгон азыкты муздатып, ар кандай түстөргө боёшот.

Желатин эки түрдүү болот:
Биринчиси жаныбарлардын сөөгүнөн жасалган.
Экинчиси суу өсүмдүктөрүнөн жасалган.
1)Желатин арам жаныбарлардан (мисалы: чочко, эшек, ит) жасалган болсо арам болот же адал жол менен союлбаган малдын (мисалы: бисмиЛлахсыз союлса, ток менен өлтүрүлсө) сөөктөрүнөн жасалса толук арам болот.

Бирок, адал жаныбарлардан (уй, тоок, кой, балык ж. б. ) жана адал жол менен союлган болсо, 4 мазхабтын чечими боюнча адал болот.

2)Желатин суу өсүмдүктөрүнөн жасалса, агар-агар деген чөптөн, ал учурда адал болот.
Бирок, өсүмдүктөрдөн жасалган желатин кымбат болот. Ошондуктан көбүнчө жаныбарлардын сөөгүнөн жасашат.

Желатин сөөктөрдөн жасала тургандыгына, үйдө шорпо бышырганда же холодец жасаганда байкасаңар болот.

Шорпого сөөктөрдү салып, кайнатып бышырсаңар, шорпо муздагандан кийин же эртеси күнү муздаткычтан алып чыккандан кийин коюу желе болуп калат. Анткени сөөктөрдө коллаген деген белок болот. Коллагенди кайнатканда гидролиз болуп желатин пайда болот.

4) МАЙЛАР.

Майлар эки түрдүү болот:
Өсүмдүк майлары жана жаныбарлардын майы.
Өсүмдүк майлар адал болот.
Жаныбарлардын майы адал болот, эгерде адал жол менен союлган эти адал жаныбарлардан алынган май болсо (кой, үй, эчки ж. б. )
Эти арам болгон жана арам жол менен союлган жаныбарлардын майы арам.

5) ТАБИГЫЙ БОЁКТОР (КАРМИН)
Карминдер Е120 (кошениль, кармин, кошениль экстракты, кармин кислотасы)
Кармин боёгу- Е 120 код менен келген кызыл тустогу боёк.

Бул боёктор кошениль куртунан жасалат.
Кармин кислотасы кошениль куртунун ургаачысынан ысык суунун жана уксус кислотасынын жардамы менен бөлүнүп алынат. Бул боёктор кондитердик азыктарда, косметикада, акварельдик боёкторду алууда, ошондой эле жана микроскопиялык изилдөөлөрдө препараттарды боёодо колдонулат.

Кармин боёктору төмөнкү тамак-аштарында көп кездешет:
*колбаса азыктары
*эт азыктары
*алкоголдуу жана алкоголсуз суусундуктарда
*кондитердик азыктарда
*сүт азыктарында

Азыктарды тандоодо көңүл буруңуздар, кармин кошулмасы көп азыктарга кошулат: йогурт (Чудо йогурт, активиа данон), момпосуйларда (Chupa chups), рулет ж. б.

Жогоруда таттууларды арам кылуучу заттар жөнүндө айтылды. Эми сиздер бул маалыматты окугандан кийин, амал кылганга аракет кылыңыздар жана тааныштарыңызга жеткириңиздер. Канчалаган адамдар адал деп ойлоп, арам азыктарды билбей жеп жүрүшөт.

Ар бир момун мусулман тамактанаардын алдында эмне жеп жаткандыгын жана анын адалдыгын ойлонбостон жеген адамдын ден-соолугу чоң зыянга учурап, ошол эле учурда күнөөкөр дагы болот.

Булар “бөйрөктөн-шыйрак чыгара беришет”, эми таттууларды да арамга чыгарып жатышат, деген ой келиши мүмкүн сиздерге.
Бирок, биз Аллах Тааланын буйругун эстен чыгарбай, Улуу Зат Аллах буюрган болсо, буйругун аткарууга даярмын деген максатта жашашыбыз керек.

Улуу Аллах Таала Ыйык Курани Каримде айткан:
«Эй момундар! Силерге ырыскы кылып берген таза нерселерден жегиле» (Бакара 172)

Аллах Таала арам тамактан сактанууну, адал тамак издөөнү буюргандан кийин баш ийүүгө милдеттүүбүз. Аллах Таала арамдан сактанууну буюрду, демек арам нерсе зыян, Аллах Өз пендесинин ден-соолугун ойлоп, арамдан сактанууну милдет кылып жатат, деп ишенишибиз керек.

Чындыгында арам тамакта өтө көп зыяндар бар. Ден-соолука зыян келтирет жана руханий жактан да адамга зыян алып келет.

Кимде-ким арамдан сактанбай, Аллахтын буйругуна каршы чыга турган болсо күнөөкөр болот.
Ибадаттар, дуалар кабыл болуп, Аллах менен дайыма байланышта болуу үчүн арамдан сактаналы.

Көпчүлүк адамдар азыктарды сатып алууда курамын окушпайт, болгону 1 мүнөттүк ишти аткарбастан, арам жеп алышы мүмкүн. Кайсы бир азыкты сатып алаарда артындагы курамын караш керек. Ар бир азыктын артында курамы болот. Кээ бирлер курамын окубай, азыктарды жеп алышат, анан карап көрүшсө, спирт деп жазылган болот.
Урматтуу момун мусулман бир туугандар!

Ар бир жеген тамак-ашты жегенден мурун адалдыгын тактайлы. Азыктын сыртындагы курамын окуп койсок, көп убактыбыз кетпейт, бирок тескерисинче пайда гана алып келиши мүмкүн. Мүмкүн арам азыктан сактанып калган болосуздар.

Ыйманыбызга, амалдарыбызга тамактын таасири да тиет. Ичип жегенибиз арам болсо, кантип Аллах менен байланышабыз.

Арам тамак ыйманды зыянга учуратат.
Адалды талап кылалы, адал талап кылуу менен келет.

Адал тамак тапканга аракет кылалы, Аллах Өзү адал издөөнүн жолун жеңилдетет.