Исламдагы туура тамактануу
09.06.2016

Исламдагы туура тамактануу

Адамда табиттин болушу жана ачкалыкты басуу үчүн уруксат берилген азыктар Жараткандын берешендигинен, мээримдүүлүгүнөн кабар берет. Ар дайым тамактанганы отурганда түрдүү даамдарды адамзатына насип кылган Аллахты эстеп, анын канчалык берешен экендиги тууралуу ой жүгүртүү керек. Тамактануу алдында «Бисмиллах» деп айтуу зикир болуп саналат, а мындай даамдарды ким тартуулаганын эстөө ой жүгүртүү болуп эсептелет.

Тамактанууга кимде-ким ой жүгүртүү жана зикир абалында отурса, анын жегени организмине пайда алып келет, сооп китебине ыраазычылыгы, шүгүр келтиргени жазылат.

Ошондой эле ашыкча салмактын алдын алуу үчүн сүннөт амалдары бар. Сүннөткө ылайык тамакты керектүү өлчөмдө гана жеп, ачкалыкты сезбеген абалда туруу керек. Ачкалык сезимин баскандан кийин да жей берген адам ашыкча салмак кошуп баштайт.

Буга ылайык ашыкча тамактанууну тыйган аят бар: “Жегиле, ичкиле, бирок ашырып жибербегиле. Чындыгында Аллах ысырап кылгандарды жактырбайт”.

Ошондуктан адам керектүү өлчөмдө гана жеш керек. Чегинен ашырып жей берүү ысырапкерчиликке жатат. Ачкалык сезими басылгандан кийин эле дасторкондон туруу керек. Бул ден соолук үчүн эле пайдалуу. Ошондуктан Ибн Сина айткан: “Ашказанды ашыра толтурбагыла. Азыраак жегиле. Тамактануудан соң 5-6 саат күтө тургула. Даба - тамак сиңирүүдө, а ден соолук – сабырдуулукта”.

Самура ибн Жунбаданын уулу бир күнү ашыкча тоюп алып көңүлү айланганын айтат. Анда Самура: “Эгер сен ашыкча тамактануудан улам өлүп кала турган болсоң, сага жаназа-намаз окулушунан шегим бар. Анткени ашыкча тамактануудан улам өлүү такыбалыкка жатпайт”.

Умар айтат: “Көңүлүң каалагандын баарын жей берүү керектүү болгонун жегенди билдирбейт. Тескерисинче, бул ысырапкерчилик. Аллах ысырапкерчиликти жактырбайт”.

Ашказандагы боштуктун мааниси

Аллахтын элчисинин тамактануу тууралуу сөзү ден соолук үчүн маанилүү: “Ашказаныңарды үч бөлүккө бөлгүлө, бир бөлүгү тамак-аш үчүн, экинчиси суу үчүн, үчүнчү бөлүгү аба үчүн, тагыраак айтканда боштук калышы керек”.

Демек, тамактанып жатып толук тоюп албай, сууга жана абага орун калтыруу керек.

Окумуштуулар бир канча тажрыйбаларга таянып, адамдын ашказаны толуп турбаган учурда толук кандуу, терең дем алууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн аныкташты. А терең дем албоо өмүрдүн кыскарышына алып келет.

Организмдеги кан көмүр кычкыл газынан тазалануу үчүн өпкөгө түшөт. Эгер терең дем алуу болбосо албетте, кислород керектүү өлчөмдө түшпөйт, анын натыйжасында кан өзүнө керектүү өлчөмдөгү кислородду алалбастан кайра органдарга кетет. Бул ден соолукту начарлатат.

Бир мүнөттө 16 жолу дем алып, чыгарабыз. Ар бир дем алууда организмге жарым литр аба кирет. Бир суткада адам 23 240 жолу дем алып, чыгарат, анын натыйжасында организмге 11 620 литр аба кирет.

Бирок, терең дем алынганда толук кандуу дем алуу болуп эсептелет. Эгер ашказан толуп турса өпкөгө аз өлчөмдө аба кирип, зат алмашууга, кандын тазаланышына таасирин бериши менен ар кандай оорулар пайда болот.

Төмөндөгү окуяны эске сала кетейин.

Бир күнү пайгамбарыбызга баалуу белектер менен бирге мыкты дарыгерди жиберишет. Ал дарыгерди кайра артка узатып жатып: “Биз курсагыбыз ачканга чейин тамак жебейбиз, негизинен эле тоюп тамак жебейбиз, ошондуктан дарыгерге муктаждыгыбыз жок” дейт.

Бул хадис менен йоганын “Эгер ачкалыкты сезбестен дасторкондон турсаңыз, анда муну билиңиз: өзүңүздү тамак менен ууктурдуңуз” деген ырастоосу да үндөшөт.

Пайгамбар билгенин илимий жактан изилдегенге мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Мына эми пайгамбардын айткандарынын жөнү бар экени илимий жактан далилденип жатат.

Диета

Диета – бул дарылоочу тамактануу, анткени медицинада ушундайча чечмеленет. Диетанын тарыхы байыркы замандарга карай кетет. Байыркы ата-бабаларыбыз үчүн диета ар кандай оорулардан арылтуучу биринчи жана жалгыз ыкма болгон. Кийинчерээк дары чөптөрдү, жасалма дарыларды колдонуп башташканда диета менен дарылануу экинчи планга өтүп калган. Ошентсе да азыркыга чейин дарыгерлер оорулууларга атайын диетаны сунуштап келишет.

Азыркы убакта диета деген түшүнүк өзгөрүп бараткандай. Диета ооруулардан айыгуу үчүн эмей эле ден соолугу чың айымдардын арыкташ үчүн колдонгон ыкмасы болуп калды.

Эмнеси болсо да диетанын тарыхы жөнүндө айта кетели. Диета – туура, рационалдуу тамактануу, анын негизи 14 кылым мурда Исламдын пайда болушуна келип такалат.

Исламда туура тамактануунун да эрежелери бар. Адам өзүнө руханий жактан да, дене-бой жактан да кам көрүшү керек.

Ислам боюнча туура тамактануунун эң негизги принциби – ашыкча тоюп албоо. Хадистерде пайгамбардын мындай айтканы бар: “Адам баласы тарабынан толтурулган эң жаман орган – бул анын ашказаны. Адамга керектүү күчтү алганга ылайыктуу тамак жеген жетиштүү”.

Ашыкча тоё тамактануу ден соолукка зыян экенин дүйнөлүк илимпоздор дайыма айтып келишет. Көбүнчө өнүккөн өлкөлөрдө адамдар абдан семирип кыймылдай албай калышканы дарыгерлерди тынчсыздандырууда. Ашыкча салмактын айынан инсульт, инфаркт, кант диабети сыяктуу оорулар көбөйүүдө. Жүрөк оорусунан көз жумгандар боюнча биринчи орунда Европа, Түндүк Америка, Россия жана башка өнүккөн өлкөлөр турат. А анын себеби – ашыкча тамактануу.

Албетте, бүгүнкү күндө дүкөндөрдө көздүн жоосун алган азыктар, кайсы жерди караба көзгө урунган азыктардын жарнамасы. Анын үстүнө кардарды өзүнө тартуу үчүн ар кандай даамдуу жыт берүүчү заттарды колдонушат. Мындай жагымдуу жыттан мээ эйфория абалында калып, денени баш эмес ашказан башкарып калат. Ашказан кантип болбосун таттууларды болушунча сугунуп

алыш керек дейт, а акыл-эс бул учурда четтеп калат. Ошондуктан адистер дүкөндөргө курсакты тойгузуп алып анан барууну сунушташат. Ошондо таасири азыраак болот.

Чындыгында көпчүлүк адамдар эмнени жегенине, кантип жегенине акыл жүгүртүшпөйт. Адам биринчи жеп алууну ойлойт, анан эмнени канчалык көлөмдө жегенин, пайдасын, зыянын ойлонуп баштайт.

Дүкөндөн түрдүү азыктарды алып жатып ойлонуп көрөлүчү: Африкада адамдар айлап-күндөп бир тиштем азыкка зар болуп, ачкалыктан жан берип жатканын, а биздин курсак ток, кайгы жок экенин. Бул жерде Мухаммед пайгамбардын убагын эстей кетүү керек. Ал убакта эч ким кошунасынын ачка отурган билип туруп тамагын бөлүшпөстөн жей алган эмес.

Айтмакчы, дагы бир кызыктуу мыйзам ченемдүүлүк бар: ашказанга канчалык көп кирсе кийинкисинде андан да көптү талап кылат.

Эгер тарыхка кайрылсак, төмөнкүлөрдү эстөөгө болот.

Орто кылымдарда Европадагы аристократтар ашыкча тамактанганы менен өзгөчөлөнүшөт. А карапайым элдер ачкалыктан өлүмгө дуушар болуп жатышкан. Ошол эле мезгилде мусулман өлкөлөрүндө мындай көрүнүш болгон эмес. Анткени милдеттүү түрдө бей-бечараларга зекет берүү, кайрымдуулук иштери болгон. Зекет берүүнү ислам дини бекеринен эң негизги 5 милдеттин катарына кошкон эмес да.

Даярдаган Назира МАНАС кызы