Өмүрлүк жарды кантип тандоо керек?
15.06.2016

Өмүрлүк жарды кантип тандоо керек?

Өмүрлүк жар тандоо адамдын тагдырын аныктайт. Бул үй-бүлө куруу, жаңы кызыкчылыктар, милдеттер, укуктар, адаттар, жалпысынан алганда – жаңы  жашоо. Бул жашоодогу бактылуулук кимди тандаганыңыздан көз каранды.

Азыркы чындык

Азыркы заманда үй-бүлө куруунун негизги шарты – сүйүү, тагыраак айтканда эки жаштын романтикалык мамилеси. Сүйүүнүн ролу түшүнүктүү эле. Мени сүйгөн адам чыккынчылык кылбайт, балдарды чогуу тарбиялайбыз, бактылуу болобуз деп ойлойсуз. Демек, анын сүйүүсүнөн улам ага ишенесиз. Кантсе да ишеним мамиленин пайдубалы эмеспи.

Диний насааттар

А Ислам дини үй-бүлө курууда эмнеге таянат? Албетте, жубай тандоодо ыймандуулукка чоң көңүл бурулат, ыймандуу адам үй-бүлөнү бактылуу кыла алат. Айта кетчү нерсе, ыймандуулук сырткы келбетте эмес, көрүнбөйт, ал жан дүйнөнүн тазалыгы. Мунун үй-бүлөлүк жашоого кандай таасири бар? Сүйүшүп кыз-жигит болуп жүрбөсөңүз деле, эгер ал жигит ыймандуу, башкача айтканда диндар болсо, анда ал:

  • ишенимдүү болот, алдабайт, сизге коопсуздук сезимин тартуулайт;
  • сүйгөн адам катары кызганат, бирок чектен чыкпайт, кыймылдагандын баарынан эле кызганып чыр чыгара бербейт. Аны менен бирге ишенимди сактайт.
  • ал сизден шектенип, жаман күмөн санап тынчыңызды кетирбейт. Анын диндарлыгы буга жол бербейт;
  • үй-бүлөлүк маселелерди кеңешип, чогуу чечет;
  • андай адам менен ортодогу балдар ыймандуу болуп чоңоюшат;
  • момун мусулманга тиешелүү сылыктык, кең пейилдүүлүк сапаттары мамилени бекемдеп, үй-бүлөдө жагымдуу жагдайды түзөт.

“Сүйүүдөн жек көрүүгө бир кадам” деп айтылгандай кээде сүйүү сууп калышы да мүмкүн. Андыктан Кудайдан коркуу сүйүүгө караганда көбүрөөк кепилдик берет. Сизди Кудайдын аманаты катары билип, үй-бүлө үчүн, сиз үчүн жоопкерчиликтүү экенин сезет. Мындай адам менен бейпил жашоону сезесиз. Анткени мусулмандардын эң жакшысы – үй-бүлөсүнө эң жакшы караганы.

Ыймандуулук – үй-бүлө куруунун эң негизги талабы, бирок кээде бул жетиштүү эмес. Мухаммед пайгамбарыбыз сунуштагандай, социалдык абалына, тегине, материалдык абалына да көңүл бурган жакшы. Бул үй-бүлөнүн тең салмактуулугун сактайт. Элибизде “тең теңи менен, тезек кабы менен” деп бекеринен айтылган эмес. Материалдык жашоодогу, руханий жашоодогу айырмачылыктардын көптүгү пикир келишпестиктерге алып келиши мүмкүн.

Өмүрлүк жар базардан сатып ала турган буюм эмес, тыгыз кызматташууга макулдашкан жашоодогу жан шерик. Бири-бирин жактыруу, сыйлоо жана эки жактуу аракет үй-бүлөнү гүлдөтөт.

 

Назира Манас кызы