Ислам медицинасы. Хижама жана сүлүк коюу
16.06.2016

Ислам медицинасы. Хижама жана сүлүк коюу

Ислам дининде жаман канды чыгарып дарылануунун эки жолу бар: капиллярдык кан чыгаруу – хижама жана гирудотерапия- сүлүк менен дарылоо. Эки ыкма тең жөңөкөйлүгү жана таасирдүүлүгү менен таң калтыра алат. Экөөнүн тең максаты дененин белгилүү бир жерине таасир этип, жаман канды чыгаруу. Алар окшош көрүнгөнү менен айырмачылыктары бар. Айырмачылыктарын билип алсаңыз, кайсы ооруга кайсы ыкма туура келээрин билүүгө оңой болот.

Хижаманын таасири:

  1. Дененин белгилүү бир бөлүгүнө коюлган банка соруп алуучу касиетке ээ болгондуктан дарылоо максатындагы укалоонун да таасирин берет.
  2. Теринин үстүндөгү вакуумдан улам лимфалар жылып, терең катмардагы клеткалардын арасындагы суюктук чыгып, сезгенүүгө каршы, шишиккке каршы таасир берет.
  3. Зат алмашуунун толук кычкылданбаган азыктарын камтыган уюган кан жана суюктукту чыгаруу менен ууланууга каршы жана сезгенүүгө каршы таасир этет.
  4. Теринин майда кесиктери ткандардын калыбына келүүсүн жөнгө салат.
  5. Бир аз кан чыгаруу кан айланууну жана биологиялык активдүү заттардын канга кошулуусун жөнгө салат.
  6. Хадисте айтылгандай хижама бардык ооруларга даба. Жада калса, илимдин көз карашы менен түшүндүрүүгө болбогон көз тийүү, кара дуба сыяктуу дарттарга да даба.

Сүлүк менен дарылоонун таасири:

  1. Сүлүктү биологиялык активдүү чекиттерге коюу рефлексотерапия сыяктуу таасир берет.
  2. Сүлүктүн шилекейи канга аралашат. Сүлүктүн шилекейи 100гө жакын фермент жана биологиялык активдүү заттарды камтыйт. Төмөндөгүдөй таасир берет:

- кан суюлат да кан айлануу жакшырат, кан уюп калуунун алдын алат.

- калыңдап калган ткандарды калыбына келтирет (спайка, фиброма, тромб ж.б)

- сезгенүүдөн арылтат.

  1. Уюган канды чыгаруу жана буга окшогон таасирлери хижамага окшош: организмдин коргонуу күчүн жакшыртуу, уулуу заттардан арылтуу, кан айланууну жакшыртуу жана калыбына келтирүү.

Колдонулуусу

Эки ыкма тең түрдүү сезгенүү ооруларында колдонулат. Мисалы, артрит, остеохондроз, гематома, аялдардын жана эркектердин жыныс органдарынын сезгенүү оорулары, ангина, бронхит жана башкалар. Айырмачылыгы: катуу сезгенүүдө, жаңы жараттын шишигин, сезгенүүсүн жок кылууда хижама жакшыраак. Ал эми көпкө созулуп калыңдап калган сезгенүүнү жумшартуу же жок кылуу жана эски жараттын натыйжасы менен күрөшүү үчүн сүлүк коюу ылайыктуу. Кан тамыр ооруларында эки ыкма тең таасирдүү. Варикоз оорусун айыктырууда сүлүктү да, банканы  да туура койсо эле жакшы жыйынтык берет. Бирок көп кан уюп калган жер болсо сүлүктү колдонгон жакшы.

Өпкөнүн туберкулёз оорусу күчөп турганда хижама ылайыктуу, а муундардын жана сөөктөрдүн туберкулёзунда жана өпкөнүн “эскирген” туберкулёзунда сүлүктү колдонуу жакшыраак. Негизи ар бир ооруга жекече көңүл буруу керек болот.  Алгач оору кандай өтүп жатканын, организм ага кандай реакция кылып жатканын аныктап, чечим чыгарыш керек: инфекция менен күрөшүүгө жардам керекпи (хижама) же оорунун очогун соруп алуу керекпи (сүлүк)?

Дары-дармектерди колдонуу учурунда хижаманы тандоо туура болот. Сүлүк коюуну дары-дармекке аралаштыруу сунушталбайт. Анткени сүлүк көптөгөн заттарды бөлүп чыгаргандыктан, ал дарылар менен өз ара катышканда кандай таасир этээрин алдын ала айтып болбойт. Хижама тескерисинче рецепторлорду тазалоо менен дарылануунун таасирин күчөтөт.

Эгер сүлүктүн шилекейинен аллергия болсо, кан айлануу начар болсо жана аз кандуулук оорусунда сүлүк коюуга болбойт. Ал эми хижамага эч кандай каршылык жок, кан аз болсо деле, кан жакшы айланбаса деле жасаса болот, албетте, жол-жобосун билген адам кылдаттык менен жасоосу керек.

 

Даярдаган Назира Тилекова