Сүткордук-Көтөрмө
18.07.2016

Сүткордук-Көтөрмө

Аллах Таалага мактоолор жана анын пайгамбарына салам- салаваттар болсун. Араб тилиндеги “риба” деген сөз - ашыруу, көбөйтүү деген маанини түшүндүрөт. Биз кыргыз тилинде колдонуп жүргөн “сүткордук” деген сөз, негизи фарс тилинен алынган “суд” - түшкөн пайда, ал эми “хур” - жеш деген маанини туюндурат. Даяр акчаны жеш деген маанини билдирет. Ал эми, мунун арам болуусу тууралуу айта турган болсок, ыйык Курани Каримде Аллах Таала минтип айткан: «Сүткорлук кылгандар (кыямат күнүндө мүрзөлөрүнөн) жин тийген киши сыяктуу турушат. Ага алардын: “Соода сүткорлукка окшош»,- дегени себеп. Аллах Таала сооданы адал, ал эми сүткорлукту арам кылган. Демек, кимге Жараткан Эгесинен үгүт-насаат жеткен соң, (сүткорлуктан) тыйылса, анда мурункулары өзүнө, ал эми анын иши Аллах Таалага (тапшырылат). Кимде-ким (сүткорлукка) кайтса, ошолор - тозок ээлери жана анда түбөлүк калышат” – деп айткан. Аллах Таала сүткорлукту (жана анын кирешесин) жокко чыгарып, садакалардын пайдасын көбөйтөт. Аллах Таала ар кандай (сүткорлуктун арам экендигин танган өжөр) каапырды жана күнөөкөрдү жакшы көрбөйт. "...Оо, ыйман келтиргендер! Алла Тааладан корккула жана чындап ынанган болсонор, сүткорлуктун саркындыларын таштагыла.Эми (буйругубузду) аткарбасаңар, анда Алла Таала жана Анын Пайгамбары тарабынан (сүткорлукка каршы) болотурган согушту билип койгула! Эгер (сүткорлукту таштап) тообо кылсанар, мал-дүнүйөнөр өзүңөргө. Зулумдук кылбагыла, ошондо зулумдукка кабылбайсыңар!" (Бакара,275-279-аяттар). Жогорудагы аяттарды чечмелеп түшүндүрүп берген аалымдар «сүткорлук менен алектенип, анын пайдасын жеген адамдар Кыямат күнү сурак берүүгө чакырылган убакта, кабырларынан турганда Аллах Тааланын амири менен алардын курсактары аябагандай чоң болот. Алар ошол кампайган курсактарын көтөрө алышпай, сурак майданына тоголонуп - жөрмөлөгөн абалда араӊ барышат» - деп айтышкан. Ошондой эле Саид бин Жубайрдан (радыяллаху анху) келген риваятка караганда, Кыямат күнү көтөрө алгыс даражада курсактарынын чоӊ болуп кетүүсү, бул - сүткорлордун эӊ чоӊ белгилеринин бири болуп эсептелет. Сүткорлукту жалпы жолунан эки түргө бөлүп карасак болот: 1) Ыйык Куранда тыюу салынган «жахилия рибасы» же «жахилия сүткорлугу». Сүткорлуктун бул түрүндө карызга алынган акчанын үстүнө, сүйлөшүлгөн учурда айтылган суммадагы акча кошуп кайтарылат б.а. карыздан пайда көргөн сүткорлук. 2) Соода-сатык жана айырбаштоодон (бартер кылуу) үстөк коштуруп алуу аркылуу пайда көргөн сүткорлук. Бул - насыя сүткорлук. Сүткорлук кылууга Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва- саллам) куттуу хадистери менен да тыюу салынган. Ашыкча алуу сүткорлугу, бул - ченелип-өлчөнө турган, же тартыла турган (окшош) товарларды (акчага эмес) айырбаштоо менен соода кылууда, кайсы бир товардын наркынын арзан же кымбатка туруп калуусу. Мисалы: тегирменге тартыла турган беш килограмм буудайды үч килограммдык үрөндүк буудайга айырбаштоо сыяктуу. Акчалай наркы чыгарылбастан, жөн эле мындай айырбаштоого тыюу салынуусунун себеби, товарларды айырбаштоодо кайсы бир тараптын алданып калуусуна бөгөт коюу жана кандай гана товар болбосун алардын акчалай наркы чыгарылып, ошол боюнча соода кылууга үндөө болуп эсептелет. Сүткорлуктун экинчи түрүндө болсо келишимде көрсөтүлгөн (сүйлөшүүдө айтылган) шартта үстүнө ашыкча кошуп берүү болуп саналат. Мисалы: бир адам башка бирөөдөн бир кап буудай алып, белгилүү бир мөөнөттөн кийин үстүнө кошуп, бир жарым же эки кап буудай кылып кайтарып берүүсү. Бул жерде насыя (карыз) алган адам белгилүү бир убакыттан кийин кайтарып бере турган болгондугу үчүн мындай сүткорлук «насыя сүткорлугу» деп аталат. Ал эми кандайдыр бир буюмдун же товардын үстүнө үстөк кошуп бербестен, ошондой эле буюмга же товарга ошол эле өлчөмдө айырбаштоо – жөн гана буюм же товар айырбаштоо болуп калат. Мындай иш-аракеттерге шариат эч кандай тыюу салбайт. Мисалы: бир окуучу кыз (кызыл түстүү экендигине кызыгып) өзүндөгү он жашыл дептерди кошунасынын он кызыл дептерине алмаштырып алды. Мында эч кандай сүткорлук болбойт. Ал эми он дептерди ошондой эле тогуз дептерге алмаштыра турган болсо, анда жогоруда айтылгандай сүткорлук болуп эсептелет. Бул жерде карала турган эң негизги принцип, берилген карызды карайбыз. Эгер берилген карыздын үстүнө кошуп акча алса, ал дароо рибага айланат. Ал эми банк маселелери тартыш маселе. Кээ бирлер бул пайызды, жөн гана кызмат акысы деп айтса да, мында баары бир риба бар. Ал эми, бир буюм узак мөөнөткө, өз наркынан кымбатка турса да сатылып алынса, ал риба болбойт.  Риба, эң алгач Аллахтын каарын ойготкон иш. Андан кийин толтура зыяндары бар. Кээ бирлерин атай турган болсок пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) адамдарды кыйратуучу жети чоӊ күнөөлөрдүн бири, бул – сүткорлук экендигин айткан. Сүткорлуктун кандай гана түрү болбосун, анын азы да, көбү да арам болуп эсептелет. Ошондой эле Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): « Сүткорлук менен алектенген, анын пайдасын жеген, жедирген, күбө болгон, деги сүткорлук ишине аралашкан бардык адамдарга каргыш болсун» - деген. Ошондой эле элдин пейилин бузган, муктаждын кыйынчылыгына жардам берүүнүн ордуна, карызга батырып, кээ бирөөлөрдү өзүмчүлдүкө алып келген жаман күнөө. Ошондой эле сүткорлук жумушсуздуктун көбөйүүсүнө, экономикалык өңүттөн алганда ортоӊку топтун жоголуусуна, баалардын жасалма түрдө көтөрүлүүсүнө, коомдун арасындагы жардамдашуу менен мээримдүүлүк сыяктуу асыл сыпаттардын жоголуусуна, менменсинүү менен текеберленүүнүн тамырлануусуна, элдердин байлыкка, мал-мүлккө болгон кызыгуусунун чектен ашуусуна себепкер болот. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кыйынчылыктарга карабастан соода иштеринде сүткорлуктан оолак турган адамга Кыямат күнүндө Аллах Таала назар салып, сүйлөшө тургандыгын сүйүнчүлөгөн. Сүткорлуктун жайылуусу адамдардын да, коомчулуктун да кыйроосуна алып келет. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) биздин сүткорлуктан алыс болуубузду буюруп, мындай илдеттин коомдо жайылышынын акыбети жаман боло тургандыгы тууралуу эскерткен: «Кимдир бирөө сүткорлук менен мал-мүлк топтогон болсо, анын акыбети сөзсүз түрдө жокчулук менен бүтөт», «Кайсы бир коомдо сүткорлук жайылган болсо, ал коом сөзсүз түрдө каатчылык менен жазаланат. Ал эми паракорлук жайылган болсо, анда ал коом сөзсүз түрдө коркунуч менен жазаланат», «Кайсы бир жерде зинакорлук менен сүткорлук ачык түрдө иштеле турган абалга жеткен болсо, ал жердин эли Аллах Тааланын азабын келүүсүн күтө беришсин». Ислам аалымдарынын бири Элмалылы Хамди Йазыр сүткорлук жөнүндө: «Кайсы бир коомдо сүткорлуксуз жашоо болбой тургандыгы тууралуу ой-пикир көбөйүп, сүткорлукту мыйзамдаштырууга болгон аракеттер баштала турган болсо, анда ал коом кыйроого учурап, артка кете баштайт. Ошондуктан биз сүткорлуктан коркконубуздан адал болгон оокатыбыздын ондон тогуз бөлүгүн четке кактык», – деп айткан. Жыйынтыктап айтканда, ар бир момун-мусулман, мейли ал соода-сатык иштери менен алектенсин, мейли башка тармактарда иштесин, дайыма сүткорлуктан алыс болуусу зарыл. Анткени, сүткорлук жолу менен табылган пайдада, мал-мүлктө береке болбойт. Тескерисинче, сүткорлук менен алектенген адам эки дүйнө бактысынан куру жалак калат. 

Фатва бөлүм башчысы: Шергазиев Жоробай