Сүйүнчү айтуу
23.08.2020

Сүйүнчү айтуу

Сүйүнчү айтуу кыргыздын улуттук салттарынын бири. Сүйүнчү айтуу кайсы бир сүйүнүчтүү ишти башкаларга жеткирүү болуп эсептелет. Сүйүнчү келин келгенде, бала төрөлгөндө, согуштарда жеңишке жетишкенде ж.б. кубанычтуу иштерде айтылат. Сүйүнчүнү көбүнчө жаш балдар айтышкан. Бирок, шартка жараша ар кандай жаш курактагы адамдар да сүйүнчү айтышкан. Сүйүнчү айтуу кыргыздын бардык ооз эки чыгармаларында кездешет. Мисалы, Манас төрөлгөндө Акбалта Жакыпка сүйүнчүлөп келген ж.б.у.с.

Сүйүнчүлөө адеби:

Сүйүнчү айтуучу адам биринчи кезекте "Сүйүнчү" деген сөздү айтуусу керек. Аны уккан адам "болсун, болсун" деп жооп берет. Андан кийин сүйүнчү айтып келген адам жакшы кабарды угузат. Көпчүлүк учурда сүйүнчү айтууда сөздөр түз мааниде айтылган эмес. Мисалы: эгер аял эркек төрөсө "бычакка сап", "ат токур", "орун басар" деген сыяктуу сөздөр айтылса, кыз төрөлгөндө "кырк жылкы" деп сүйүнчүлөшкөн. Сүйүнүчтүү кабарды уккан адам өз чама-чаркына жараша сүйүнчүлөгөн адамга "сүйүнчү акысын" берет. Сүйүнчү эркек адамга айтылган болсо тай, кой, акча ж.б. беришкен. Эгер аял кишиге айтылса, калпак, кур, бөз ж.б. беришкен. Таптакыр эч нерсе таппай калган учурда да, сүйүнчү айтуучуну куру кол кайтарбастан ага "сүйүнчү акысын" кийинчерээк берүүнү убада кылышкан.

Шариятта:

Сүйүнчүлөө Исламда да жакшы иш катары каралат. Куранда бир канча аяттарда сүйүнчү тууралу айтылган. Ибрахим пайгамбарга, Закария пайгамбарга ыймандуу балалуу болуусу тууралу периштелердин сүйүнчүлөрү бар. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Эгер сүйүнчү кабар айттырсаңар, өңү-түсү жакшы адамдан айттыргыла" - деген. Сахабалардын турмушунда, Кааб бин Малик (Алла андан ыраазы болсун) Табук согушуна себепсиз катышпай калып, күнөөкөр болгондо анын күнөөсү кечирилгендиги жөнүндө аят түшөт. Аны сүйүнчүлөөгө бир канча адам шашылат. Алардын биринчи келгенине, сүйүнчү акысы үчүн Кааб (Алла андан ыраазы болсун) үстүндөгү кийимин чечип берет.  

Бейиш гезити