Сырдуу сандык
24.06.2016

Сырдуу сандык

Абышка-кемпирдин түтүн булатканына алтымыш жыл болду. Жашоонун бир караганга узун, бирок көз ачып жумганча өтүп кеткен бул ирмемин экөө ынтымак, бакыт менен өткөрүштү. “Казан аяк кагышат” деп коёт эмеспи эл ичинде, булардын казан аягы да кагышкан жок. Мунун сыры эмнеде деп ойлоп калдыңызбы? Мунун сыры кичинекей темир сандыкчанын ичине катылган болчу. Баса, абышка-кемпир эч качан сырларын жашырышчу эмес. Алардын жашоосунда баары ачык болчу. Болгону баягы эле кичинекей сандыкча сырдуу эле. Ооба, ал абышкага гана сырдуу болчу. Колуктусу босогосун аттаганда ошол сандыкчаны көтөрө келген эле. Алгач анын кооздугуна суктанып, колуна алып көрүү үчүн жанына барганда, жаш жубайы акырын гана: - Сүйүктүүм, бул менин сыр сандыгым, сизден сураныч, мен уруксат бермейинче ага колуңузду тийгизбеңиз, - деген жылмайып. Көөдөнүндө жубайына болгон сүйүүсү ашып турган жигитке аны сөзү мыйзамдай сезилди. Колун акырын тартып алды. Ошол күндөн ушул күнгө чейин сандыкты көзү менен гана карап койгону болбосо, ага кол суна элек. Бир канча жолу батынып анын сырын сурагысы келди, бирок “Мен уруксат бермейинче ага колуңузду тийгизбеңиз” деген жагымдуу үн кулагына жаңырып, жагымдуу жаштыгы эсине түшүп кыялга батат да, сандыкты эсинен чыгарып коёт. Мына андан бери арадан алтымыш жыл өтсө да сандык сырдуу бойдон турат. Кемпирдин ооруусу күчөп, төшөккө жатып калды. Табып көпкө чейин тамырын кармап, абышканын кулагына: “Байбиче адам боло албайт, аркы-беркисине камына бер” деп шыбырады. Абышка кайгыга батты. Өмүрлүк жарыңды жаш кезиңде канча сүйбө, канча жакшы көрбө андан ажыроо ал кезде жеңил болот. “Катын жолдо, бала белде” дейт эмеспи. Дагы бирөөнү таап аласың да, аны бат эле унутасың. Бирок, карыгандыкы кыйын. Картайганда кемпирден жетим калгандан сактасын Кудай. Абышканын муундары бошошуп кетти. Сексендин сересине чыгып калса да, баскан-турганы тың абышка, бир күндө өзүн таштап жиберди. Керебетте кыймылсыз жаткан кемпир да өз абалын билип калды. Абышкасынын колунан акырын сылап, текчедеги сандыкчаны алып келүүсүн суранды. Калтыраган колдору менен сандыкчаны кармап, абышка кемпирге алып келди. “Ача бер” дегендей белги берди кемпир, жылмайып. Абышка сандыкчаны ачты. Кызык, сандыкчада кийизден жасалган эки куурчак, баштык толо күмүш тенгелер бар экен. Кемпир алсыз колдору менен куурчактарды кармалап, абышканын суроолуу көз карашына жооп кыла күбүрөдү: - Мен сизге жаңы турмушка чыккан күнү чоң энем мага насаатын айтты: “Эркек менен жашоо өткөрүү абдан оор, эгер бүгүнкү чыгып жаткан сапарыңдын ийигиликтүү болуусун кааласаң, менин бир осуятымды өлөр-өлгөнчө аткарып өт” - деди ал. – “Менин осуятым ушул: качан күйөөңө ачууң келгенде кийизден бир куурчак жаса жана ачууңду күйөөңө билдирбе, бир күн келет сен бул ишиңе ыраазы болосуң”. Мен чоң энемдин осуятын аткарып, сизге ачууланган сайын бирден куурчак жасап койчумун. Кемпирдин жанатан берки икаясын угуп отурган абышка азыр эле башына түшүп турган кайгыны эсинен чыгарып, көздөрү күлмүңдөй түштү: - Сен мага ушунча жылдын ичинде болгону эки эле жолу ачууландыңбы, демек, мен татыктуу күйөө боло алган турбаймынбы? Ооба, абышка чындап эле кудуңдай түштү, анан баштык толо тенгелерди колуна алып: - А булардын сыры эмне, булар кайдан келген? – деп сурады. Кемпирдин көздөрү жашылдана түштү, жылмаюуга аракет кылды, үнү жанагыдан алсыз чыкты: - Булар ошол куурчактарды саткандан түшкөн акча. Абышканын жанагы кубанычы суу сепкендей болду. Кемпирдин алсыз колун кармап, көзүнө жаш алды. Ушунчалык көп ачуусун басып сабыр менен жашаганына ыраазылык айтып, кечирим сурайын деп кемпирине үңүлө карады. Бирок...