Тозок азабы
07.10.2019

Тозок азабы

Имам Бухари рабаят кылат: «Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) көбүнчө: «Оо, Жараткан Эгебиз, бул дүйнөдө да, акыретте да, бизге жакшылыктарды бере көр жана бизди тозок отунан сакта» - деп дуба кылчу».

Абу Йала баяндайт: Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бир кутпасында: «Эки улуу нерсени – тозок менен бейишти унутпагыла!» - деди. Анан ыйлаганда сакалы көз жашына жуулду.

Анын артынан: «Жаным колунда болгон Аллага касам ичүү менен айтам, акырет жөнүндө мен билгенди билсеӊер бул таза топурактын үстүндө текеберденбей ар дайым жөө жүрүп, жүзүӊөргө топурак сүрмөксүӊөр» - деп айтты.

Табарани «Авсатта» мындай деп жазат: «Бир жолу Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жанына Жебирейил периште күтүүсүздөн келип калды. Алланын Элчиси анын жолун тосуп чыгып: «Оо, Жебирейил, эмне болду, өӊүӊ кубарып турат?» - деди. Жебирейил: «Келмек эмес элем. Алла Таала тозок отун үйлөөчүлөргө алоону күчөтүү тууралуу буйрук берди! – деп айтты. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Оо, Жебирейил, мага тозоктун көрүнүшү кандай болоорун сүрөттөп берчи» - деди. Жебирейил (Алланын саламы болсун): «Алла Таала тозокко буйруду, ал миӊ жыл жагылып, ак корго айланды. Анан дагы миӊ жыл жагылганда кыпкызыл болду. Анан дагы миӊ жыл жагылганда капкара болду. Тозок азыр көөдөй кара. Балбылдап күйгөн от да, жылт этип учкан учкуну да жок. Сени ак пайгамбар кылып жиберген Аллага ант ичип айтам! Эгер тозоктон ийне тешигинчелик тешик ачылса анын ысыгынан бүтүндөй жер жүзүндөгүлөр өлүп калмак. Эгер тозоктун жазалоочу периштелеринен бирөө жер жүзүндө көрүнүп калса анын жагымсыздыгынан жана сасыктыгынан жер жүзүндөгү баардык жандыктар кырылып калмак. Сени ак пайгамбар кылып жиберген Аллага ант ичип айтам! Эгер Алла өз китеби Куранда сыпаттап айткан тозокулар маталган чынжырлардын бир эле шакекчеси жер жүзүндөгү тоолорго түшсө, тоолор анын салмагынан жерге батып кетмек.

Сөз ушул жерге келгенде Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Оо, Жебирейил, жетишет! Жүрөгүм кабынан чыгып өлүп калам! – деди. Анан Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Жебирейилге караса ал ыйлап жатыптыр. Пайгамбарыбыз андан: «Оо, Жебирейил, эмнеге ыйлап жатасыӊ? Сен Алла буйруган ишти аркалап, улуу орунда турасыӊ. Сен корко турган эч кандай негиз жок го! – деп сурады.

Жебирейил: «Мен ыйлабай ким ыйламак эле. Тескерисинче, мен көбүрөөк ыйлоом керек. Алланын алдында балким мен башка абалдадырмын. Балким, Ибилистин башына келген сыноо менин да башыма келеби, билбейм. Ибилис да периштелерден эле. Балким менин да башыма Харут менен Маруттун башына түшкөн балээлер түшөр, аны да биле албайм!» – деди.

Бул сөздөрдү угуп Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) да, Жебирейил да ыйлады. Көз жашы көл болду. Мына ошол учурда бир үн угулду . Аларды атынан чакырып: « Оо, Жебирейил, оо, Мухаммед, Алла силерди θзүнө каршы чыкпаган бейкүнөө кылып жаратты!»- деди. Муну угуп Жебирейил көздөн кайым болду. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) болсо сыртка чыкты. Сыртта бир топ киши ойноп–күлүп, жыргап жатышкан экен. Аларга:

- Күлүп жатасыӊарбы? Артыӊарда тозок бар. Эгер мен билгенди билсеӊер аз күлүп, көп ыйламаксыӊар. Жеген-ичкениӊерди аш кыла албай тоолорго чыгып, Аллага жалбармаксыӊар, - деди.

Мына ушул учурда Алланын Элчисине бир үн угулду. Ал Пайгамбарыбыздын атын атап: «Оо, Мухаммед, сен пенделеримди үмүтсүз кылба. Мен сени сүйүнчүлөөчү кылып жибергенмин. Адамдарды кыйноо үчүн жиберген эмесмин» - деди.

Ошондо Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Туура жолдон адашпагыла, туура жолго жакын болгула!» - деди.

Бир жолу Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Жебирейилден: «Мен Микаилдин (Алланын саламы болсун) күлгөнүн көрбөдүм, эмнеге андай?» - деп сурады.

Жебирейил (Алланын саламы болсун): «Микаил тозок жаратылгандан бери эч күлгөн эмес» - деди.

Имам Бин Маажа жана Хаким рабаят кылат: «Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Силер пайдаланган от тозок отунун жетимиштен бир ысыктыгына туура келет. Эгер отуӊарга эки жолу суу сээп муздатылбаганда аны колдоно алмак эмессиӊер. Силер пайдаланып жаткан от кайрадан тозокко кайтарбоону Алладан суранат» деген.

Имам Байхаки рабаят кылат:

Азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун): «Алардын терилери тозокто күйүп бүтөр замат, алар азапты татуулары үчүн Биз аны башка териге алмаштырабыз» деген маанидеги аятты окуп, «Оо, Кааб, мага бул аятты түшүндүрүп берчи, угайын. Эгер туура түшүндүрмө берсеӊ, тастыктаймын. Туура түшүндүрө албасаӊ жаӊылышыӊды оӊдойм» - деди.

Азирети Кааб аятка: «Кишинин териси бир саатта же бир күндө алты миӊ жолу күйгүзүлүп, кайрадан жаӊыланат» - деп түшүндүрмө берди.

Азирети Умар: «Туура түшүндүмө бердиӊ» - деп анын сөзүн тастыктады.

Азирети Хасан Басри аятка мындайча түшүндүрмө берген: «Тозок оту кишилердин терисин ар күнү жетимиш миӊ жолу куйкалайт. Ар бир жолкусунда «Мурдагы абалыӊарга кайткыла!» – деп айтылат. Алар мурдагы абалына келет».

Имам Муслим рабаят кылат:

«Бул дүйнөдө жыргап–куунап өткөн киши тозокуларга кошулат. Ал тозокко салынып алынгандан кийин: «Оо, адамзат, дүйнөдө жыргап–куунап жашадыӊ. Көргөн ыракат, жыргалчылыгыӊ тууралуу айт…» деп сураганда, «Жок, Кудай акы, мен дүйнөдө эч ыракат көрбөдүм!» дейт. Тозокко бир көз ирмемге салынып чыгарылуусу анын дүйнөдө көргөн жыргалчылыгын унуттурат.

Анан бейиштегилердин арасынан бул дүйнөдөгү өмүрүн кыйынчылыктар коштогон бир кишини алып келишет. Ал бейиш жыргалчылыгына бир киргизилип чыгарылат. Андан: «Оо, адамзат, сен бул дүйнөдө кандай кыйынчылык, азаптарды көрдүӊ эле? - деп сурашат. Ал: «Жок–жок, мен дүйнөдө эч кыйналбай жашадым» деп жооп берет».

Имам Бин Маажа рабаят кылат: «Тозокулар бир жолу катуу ыйга салынат. Көп ыйлап, көз жаштары кургайт. Анан көз жашынын ордуна кан агат. Мына ошондо жүздөрү катып, чарт-чарт жарыла баштайт. Бул жаракалардан аккан кан дарыясына кеме салсаӊ сүзүп кетүүсү мүмкүн!».

Жүрөктөрдүн ачкычы китебинен