Туугандарга садага кылуунун сообу
01.08.2019

Туугандарга садага кылуунун сообу

Салман бин Аамирден (Алла андан ыраазы болсун) рабаят, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтты: "Кедейлерге садага кылса, садаганын эле сообу берилет. Туугандарга садага кылса, садага жана тууганчылыкты улоонун сообу берилет".

Ибн Хузайманын сөздөрүндө: "Туугандарга садага эки садагага барабар. Садаганын жана тууганчылыктын" - деп айтылган.

Пайда: Хадисте туугандарга садага кылуунун эки эсе сообу айтылган. Себеби, мында садага менен биргеликте тууганчылыкка да көңүл коюлду. Хадисте туугандар менен жакшы мамиленин чоң артыкчылыгы айтылган. Жалпысынан туугандардын абалын билишет. Аларда кээде үйдөгү жашоо жөнүндө талаш-тартыш болуп турат. Ошол себептен аларга сарптоо табиятка да оор болот. Мында напсиге каршылык да бар.

Жалпысынан аялдар туугандардын абалынан кээ бир талаш-тартыштын себебинен аларга садага кылышпайт. Бул жакшы эмес. Ошол шайтандын жана напсинин азгыруусун таштагыла, бир гана Алланын ыраазылыгы үчүн туугандарга канчалык колдон келсе ошончолук садаганы берип туруу зарыл. Алла кааласа, анын акысы дүйнөдө эле көрүнөт.

Бейишке татыктуу аял китебинен