Туугандык карым-катнаш жана ата-эне акысы
25.03.2020

Туугандык карым-катнаш жана ата-эне акысы

Алла Таала Курани Каримде мындай деп айтат: «Оо,адамдар! Силерди бир адамдан жаратып, андан жубайын жараткан жана алардан кѳптѳгѳн эркектер менен аялдарды тараткан Эгеңерге каршы чыгуудан корккула! Силер бири-бириңерге урматынын улуулугу менен кайрылган Алладан корккула жана тууганчылык мамилени үзүүдѳн сактангыла! Чындыгында, Алла силерди кѳзѳмѳлдѳѳчү». (Ниса сүрөөсү: 1-аят)

«Эгер артыңарга кайтсаңар, анда, силер жер жүзүндѳ бузукулукту таратып, бир туугандык байланыштарды үзѳсүңѳрбү? Аларды Алла каргап, дүлѳй жана сокур кылып салгандар». (Мухаммед сүрөөсү: 22-23-аяттар)

«Ал бузукулар Аллага берген убадаларын бекемдегенден кийин да бузушат, Алла сактоону талап кылган байланыштарды үзүшѳт жана жер бетинде бузукулукту таратышат. Мына ошолор накта зыян тартуучулар». (Бакара сүрөөсү: 27-аят)

«Алла менен келишим бекемделген соң аны бузгандар, Алла бириктирүүгѳ буйруганды ажыраткандар, жер жүзүндѳ бузукулук кылгандар - мына ушуларга наалат. Алар үчүн жаман жай даярдалган». (Раад сүрөөсү: 25-аят)

Имам Бухари менен Муслим азирети Абу Хурайрадан (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылганы боюнча Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай деген:

Алла Таала бардык нерселерди жаратканда «Туугандык байланыш: «Оо, Жараткан Алла! Бул жай туугандык жана достук байланыштарын үзгѳнү үчүн кайгыргандардын орду», - деди. Алла Таала: «Ооба, сага кѳңүл бурган пендеге жакын болуума жана сага кайдыгер болгондорду θзүмдѳн оолак кармоого ыраазы болбойсуңбу?» - деп сурады. «Туугандык байланыш: «Ооба, ыраазы болом», - деди. Алла Таала: «Анда ошол жай сеники», - деп айтты. Кааласаңар Алла Тааланын тѳмѳнкү аятын окугула:

«Эгер артыңарга кайтсаңар, анда, силер жер жүзүндѳ бузукулукту таратып, бир туугандык байланыштарды үзѳсүңѳрбү? Аларды Алла каргап, дүлѳй жана сокур кылып салгандар». (Мухаммед сүрөөсү: 22-23-аяттар)

Азирети Абу Бакирден (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылынганы боюнча Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун):

«Акыреттеги азабы менен жазалары эртелетилип, бул дүйнѳдѳ эле бериле турган күнѳѳлѳрдүн башында зулумдук менен туугандык укуктарды тебелѳѳ турат» деп айткан.

Имам Бухари менен Муслим аркылуу келген маалыматтар боюнча Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Туугандык укукту тебелегендер бейишке киришпейт» деген.

Суфян Саури (Алла ырайым кылсын) : «Бул сѳздүн мааниси - туугандар менен карым катнашта болбогондор» деп чечмелеген. Имам Ахмад рабаят кылганы боюнча: «Адам баласынын жасаган иштери ар бейшемби күнү жана жума түндѳрү Алла Таалага сунулат. Туугандык укутктарды тебелегендердин иштери кайра артка кайтарылат» деп айтылган.

Имам Байхакинин рабаяты боюнча Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай деди:

«Жебирейил (Алланын саламы болсун) мага келип мындай деди: Бүгүн түнү Шаабан айынын он бешинчи Баарат түнү. Алла Таала бул түнү Калб уруусунун койлорунун кылдарынын санынча кѳп кишини тозоктон бошотот. Бирок, тѳмѳнкү кишилердин жүзүнѳ карап да койбойт. Алар:

1 - Алла Таалага шерик кошкондор;

2 - Кек сактоочулар;

3 - Туугандык карым-катнашка кайдыгер карагандар;

4 - Менменсинүү жана текебердиктин белгиси катары кийимдерин тамандарына чейин сүйрѳлтүп алгандар;

5 - Ата-энесине баш ийбегендер;

6 - Υзгүлтүксүз ичкилик ичкендер».

Бин Хиббан жана башкалардын рабаятында Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Υч түрдүү киши бейишке кирбейт:

1 - Дайыма ичкилик ичкендер;

2 - Туугандык карым-катнашка кайдыгер карагандар;

3 - Кѳзү ачыкка ишенгендер» деген.

Бин Абу Дуня жана имам Ахмаддын рабаятында Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) тѳмѳнкүдѳй хадиси бар:

«Бул үммѳттүн ичинен ушундай бирѳѳлѳр чыгат. Алар кечинде башка кишилер сыяктуу эле жеп-ичип ойношот, бирок, маймыл жана доңуз кейпинде таң атырышат, аларды жер жутат же баштарына таш жаайт.

Эл «Кечээ баланча уулдарын жер жутту, баланча дүнүйѳпараздардын үйү астын-үстүн болду» - дейт. Лут коомун кээ бир урууларына таш жаагандай алардын жана үйлѳрүнүн үстүнѳ да таш жаайт. Аад коомунан кээ бирѳѳлѳрдү каптаган сыяктуу бороон чапкынга кабылышат. Бул апаттардын себеби тѳмѳнкү күнѳѳлѳр:

1 - Дайыма ичкилик ичүү;

2 - Эркектердин жибек кийим кийүүсү;

3 - Ырчы аялдардын болуусу;

4 - Сүткорлук;

5 - Туугандык карым-катнаштарга кайдыгерлик».

Азирети Жабир (Алла андан ыраазы болсун): «Дагы бир нерсе бар эле, бирок, аны Жаафар (Алла андан ыраазы болсун) унутуп коюптур» деп айткан.

Имам Табарани «Ал-Аусаттагы» рабаяты боюнча бир күнү Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) келип: «Оо, мусулмандар, Алладан корккула жана туугандык укуктарга кѳңүл бургула. Анткени, эң тез сыйланган жакшы иш - туугандык байланыштарга кѳңүл буруу.

Зулумдуктан сактангыла, анткени, жазасы тез берилген күнѳѳ - зулумдук. Ата-энеге каршы чыгуудан сактангыла, анткени, тѳмѳндөгүлѳр миң жылдык аралыктан сезилген бейиш жытын да жыттабайт:

1 - Ата-энеге каршы чыккандар;

2 - Туугандык байланыштарга кайдыгер карагандар;

3 - Картайганда зына кылгандар;

4 - Менменсинүү, мактануу үчүн кийимдерин жерге сүйрѳп жүргѳндѳр. Себеби, улуулук Аллага гана таандык» деди.

Азирети Исфаханинин рабаяты боюнча Жабир (Алла андан ыраазы болсун) мындай дейт: «Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жанында олтурган элек. Ал: «Туугандык байланышка кайдыгер кишилер арабызда олтура алышпайт», - деди. Бир жигит ордунан туруп чыгып кетти. Таежеси менен таарынышып жүргѳн экен, ага барып кечирим сураптыр. Таежеси аны кечиргенин билдиргенде кайра келип арабызга кошулду.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Арасында туугандын укугун тебелеген киши болгон жааматка Алланын мээрими түшпѳйт» деди.

Жогорудагы хадис башка бир рабаятты тастыктап турат: «Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) тууралуу айтып жатып: «Ал туугандары менен карым-катнашын үзгѳндѳрдү арабыздан чыгарып салчу» дегенде ал жерде олтурган бир жигит топтун арасынан чыгып кетти. Ал бир топ жылдар бою таарынышып жүргѳн эжеси менен элдешип келиптир.

Аял инисинен бул иштин себебин сураганда ал Абу Хурайранын (Алла андан ыраазы болсун) сѳзүн айтып берди. Аял: «Бар, бул маселе тууралуу дагы кененирээк маалымат ал», - деди. Жигит Абу Хурайрага (Алла андан ыраазы болсун) келип кеңири маалымат сурады. Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун): «Анткени, мен Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) «Арасында тууган-уругу менен карым-катнашын үзгѳн кишиси бар элге Алла Таала мээрмин тѳкпѳйт» - деп айтканын укканмын деди.

Имам Табарани (Алла ырайым кылсын) рабаят кылганы боюнча «Арасында туугандык укуктарга кайдыгер караган киши бар элге периштелер түшпѳйт» деп айтылат.

Имам Табаранинин (Алла ырайым кылсын) сахих рабаяты боюнча мындай деп айтылат: «Бир күнү багымдат намазынан кийин Бин Масуд (Алла андан ыраазы болсун) кѳпчүлүктүн арасында олтуруп: «Арабызда туугандары менен карым-катнашын үзгѳндѳр бар болсо чыгып кетишсин. Анткени, биз Жараткан Эгебизге дуба кылабыз. Асмандын эшиктери туугандары менен алакасын үзгѳндѳр үчүн жабык» дегенин угуп калдым.

Имам Бухари жана Муслимдин айтымында Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Туугандык мамиле Аршта илинип турат жана ал: «Ким мага маани берсе Алла да ага назар салат, ким мага кайдыгер караса Алла аны мээриминен куру калтырат» дейт» - деген».

Хадисти имам Абу Дауд менен Тирмизи да рабаят кылган.

Абдурахман бин Ауфтун (Алла андан ыраазы болсун) рабаяты боюнча Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай дейт: «Алла Таала: «Мен Алламын, Мен Рахманмын. Туугандыкты жараттым жана ага θз ысымым менен бир уңгудан келген ат койдум. Ага маани берген пендеге Мен да назар салам, ага кайдыгер караганды ырайымымдан куру калтырам» деген.

Имам Ахмаддын сахих баяны боюнча Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай дейт: «Сүткорлуктун кѳп эселенгени – мусулмандын намысына жѳнсүз жерден тил тийгизүү. Рахым туугандык мамиле - Алла Тааланын «Рахман» деген ысымынан келип чыккан. Бул жакындык байланышты сактабагандарга Алла бейишин арам кылат».

Бин Хибандын рабаяты боюнча Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай дейт: «Рахым - туугандык мамиле - Алланын «Рахман» деген ысымынан келип чыккан. Ал туугандык «Оо, Жараткан Эгем! Мени тебелешти, мага кайдыгер мамиле жасашты. Оо, Жараткан Эгем! Мага адилетсиздик кылышты. Оо, Жараткан Эгем! Оо, Жараткан Эгем!» - дейт»

Ал ошонтип даттанганда Алла Таала ага: «Сага кѳңүл бурган кишиге назар салуума жана сени тебелегенди мээримимден куру калтыруума ыраазы эмессиңби?» - деп айтат»

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Рахым - туугандык мамиле - Аршка илинген шакекче. Ал: «Оо, Жараткан Алла! Мага кѳңүл бурганга Сен да кѳңүл бур, мага кайдыгер караганга мээримиңден оолактат» - дейт» деген.

Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтат: «Ушул үч нерсе Аршка байланган:

1 - Рахым - туугандык мамиле. Ал: «Оо, Жараткан Алла! Мен Сенин жаныңдамын, эч качан байланышымды үзбѳйм» дейт.

2 - Аманат. Ал: «Оо, Жараткан Алла! Мен Сенин жаныңдамын, эч качан кыянаттык кылбаймын» дейт.

3 - Ниймат. Ал: «Оо, Жараткан Алла! Мен да Сенин жаныңдамын. Эч качан шүгүрсүздүк кылбаймын» дейт».

Имам Базар менен Байхакинин рабаятында Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай дейт:

«Мѳѳр Арштын түркүгүндѳ илинип турат. Рахым - туугандык мамиле бирѳѳ тууралуу даттанганда же бир пенде Алланын буйруктарына каршы чыгып күнѳѳ кылганда Алла мѳѳр периштесин жиберип жүрѳгүнѳ мѳѳр бастырат. Андан кийин ал киши кылган жаман иштеринин эч бирин байкабай калат».

Имам Бухари менен Муслимдин рабаяты боюнча Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Аллага жана Акырет күнүнѳ ишенгендер коногун жакшы сыйласын. Аллага жана Акырет күнүнѳ ишенгендер туугандык карым-катнашка кѳңүл бурушсун. Аллага жана Акырет күнүнѳ ишенгендер пайдалуу сѳз сүйлѳсүн же унчукпасын» деген.

Имам Бухари менен Муслимдин дагы бир кабарында Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай дейт:

«Ырыскысынын мол жана ѳмүрүнүн узун болуусун каалагандар тууган-уруктары менен карым-катнашынын бекемделүүсүнө кѳңүл бурушсун».

Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) Алланын Элчисинин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Жашоосунун жакшыруусун жана ѳмүрүнүн узун болуусун каалаган пенде туугандары менен карым-катнашынын бекемделүүсүнө кѳңүл бурсун» дегенин уккан.

Бул хадисти имам Бухари менен Тирмизи тѳмѳндѳгүчѳ рабаят кылган: Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтты: «Ата-тегиңер тууралуу туугандык байланыштарды уланта турганчалык деңгээлде маалымат алгыла. Анткени, туугандар менен байланышта болуу үй-бүлѳгѳ сүйүү, мал-мүлктѳ молчулук, ѳмүргѳ береке алып келет».

Туугандар менен карым-катнаш тууралуу айтылган дагы кѳп хадистер бар.

«θмүрүнүн узун, ырыскысынын кең болуусун жана акыркы демде ыймансыз жан бербѳѳнү каалаган киши Алладан корксун жана туугандары менен байланышын бекемдесин».

«Тооратта ырыскысынын жана ѳмүрүнүн берекелүү болуусун каалагандар туугандык карым-катнашын үзбѳсүн деп айтылат».

«Садага бергени жана туугандык байланыштарга кѳңүл бурганы үчүн Алла Таала пенденин ѳмүрүн узартат, акыркы демде ыймансыз жан берүүдѳн сактайт, жагымсыз жана коркунучтуу нерселерден оолак кылат».

Абу Йала (Алла ырайым кылсын) Хатам уруусунан бир кишинин мындай дегенин рабаят кылат: «Бир күнү Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бардым. Ал бир канча сахабасы менен олтурган экен. «Алланын Элчисимин деген сенсиңби» - деп сурадым. Ал: «Ооба, менмин», - деди. «Оо, Алланын Элчиси, Алланын алдында эң улуу иш кайсыл иш? - деп сурасам ал: «Аллага ыйман келтирүү» - деп айтты. «Оо, Алланын Элчиси, андан кийин эмне?» - деп сурадым. Ал: «Бир туугандык байланыштарын бекем сактоо» - деп жооп берди.

Андан кийин сѳзүбүз тѳмѳндѳгүчѳ уланды:

- Оо, Алланын Элчиси, Алла эч жактырбаган иш кайсыл?

- Аллага шерик кошуу.

- Андан кийинчи?

- Туугандык мамилени бузуу.

- Андан кийинчи?

- Жамандыкка чакырып, жакшылыктан тыюу».

Имам Бухари менен Муслимдин рабаяты боюнча, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сапарда баратканда алдынан бир бедуин чыкты. Ал Алланын Элчисинин тѳѳсүнүн буйласынан тартып туруп: «Оо, Алланын Элчиси, мени бейишке жакындатып, тозоктон алыстата турган иш тууралуу айтчы» - деди. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) суроого жооп берээрден мурун сахабаларын карап: «Бул киши чындап эле ийгиликке жетти же чын эле туура жолго түштү», - деди. Анан бедуинден «Эмне дедиң эле?» - деп сурады. Ал суроосун кайталаганда Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Тозоктон алыстап, бейишке жакындагың келсе эч шерик кошпой Жалгыз Аллага кулчулук кыл, намазды туура окуп, мал-мүлкүңдүн зекетин бер жана туугандарың менен карым-катнашыңа кѳңүл бур. Эми тѳѳмдүн тизгинин коё бер, жолумду улайын» деди.

Бедуин артына кайтып кетип баратканда Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) «Эгер бул киши айткандарымды аткарса бейишке кирет» - деди.

Имам Табаранинин рабаяты боюнча, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Алла Таала бул дүйнѳгѳ келгенден бери аларга каарданып, жүзүнѳ карабаган коом менен ѳлкѳнү ѳнүктүрүп, жашоо шартын жакшыртат» деген.

Сахабалар «Оо, Алланын Элчиси, муну кандай түшүнсѳк болот?» - деп сураганда, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Мунун себеби, ал элдин туугандык карым-катнашка жакшы кѳңүл буруусунда» - деп жооп берет».

Ахмад бин Ханбалдын (Алла ырайым кылсын) ишенимдүү кишилер аркылуу жеткен рабаяты боюнча Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун):

«Жагымдуу мүнѳз жана кеңпейилдикке ээ болгон пенде бул дүйнѳ жана акыретте эң жакшы үлүшкѳ, туугандык карым-катнашка кѳңүл бурууга, жакшы коңшулукка жана жакшы мүнѳзгѳ ээ болот» деген.

Бирок бул хадисти рабаят кылган кишилердин чынжырчасынан бирѳѳ гана белгисиз.

Абу Шейх, Бин Хиббан жана Байхакинин (Алланын ырайымы болсун) баяндоосу боюнча, Пайгамбарыбыздан (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) «Кишилердин эң жакшысы ким?» деп суаршканда Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) «Алладан корккондор, туугандык карым-катнашка чоң маани бергендер жана жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюуга аракет жасап жүргѳндѳр», - деп жооп берди.

Имам Табарани жана Бин Хиббандын айтуусу боюнча Абу Зарр (Алла андан ыраазы болсун) мындай дейт: «Досум – Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун):

1 - Мага байларды эмес, жардыларды кароону;

2 - Колунда жокторду жакшы кѳрүп, аларга жакын болууну;

3 - Таарынсаң да туугандардын ортосундагы туугандык карым-катнаштарды бекем сактоону;

4 - Алланын ыраазылыгы үчүн бирѳѳнүн сынынан коркпоону; 

5 - Ачуу болсо да чындыкты айтуудан тайманбоону;

6 - «Лаа хавла ва лаа куввата илла биллах» деп айтууну сунуштады. Анткени, бул сѳз - бейиш казыналарынын бири».

Имам Бухари жана Муслим жана дагы башкалардын рабаяты боюнча Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жубайы азирети Маймуна Алланын Элчисине (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) айтпай туруп ѳзүнүн бир күңүн азат кылат. Кийин Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) анын бѳлмѳсүнѳ келгенде «Оо, Алланын Элчиси мен күңүмдү азат кылдым» деп кабарлайт. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) «Сен ушундай кылдыңбы?» - дегенде, азирети Маймуна: «Ооба, кылдым» - деп жооп берет. Ошондо, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) «Аны азат кылгандан кѳрѳ таекелериңдин бирѳѳсүнѳ тартуу кылсаң дагы кѳбүрѳѳк сооп тапмаксың», - дейт.

Бин Хиббан жана Хакимдин рабаяты боюнча бир киши Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) келип: «Чоң күнѳѳ кылдым, менин тобом кабыл болобу?» - деп сурайт. Пайгамбарыбыз андан:

- Энең барбы? - деп сурайт.

- Жок, - деп жооп берет берки.

- Таежеңчи?

- Таежем бар.

- Анда бар, ошого жакшылык кыл, - дейт Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун).

Имам Бухари жана башкалардын рабаяты боюнча Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай деди:

«Туугандарынан кѳргѳн жакшы мамилеге карата так ошондой жакшы мамиле жасаган киши туугандык карым-катнашты бекемдеген болуп эсептелбейт. Таарынышкан туугандары менен байланышкан киши туугандык карым-катнашка кѳңүл бурган болуп саналат».

Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун):

«Башкалардан жакшылык кѳрсѳк, биз да аларга жакшы мамиле жасайбыз, бизге адилетсиздик кылышса, биз да ошондой адилетсиздик кылып, алардан ѳчүбүздү алабыз» деген акылсыздан болбогула. Башкалардан кѳргѳн жакшылыгыңарга жакшылык менен жооп берүүгѳ жана силерге карата жасалган адилетсиз мамилелерге адилетсиздик менен жооп бербѳѳгѳ кѳнгүлѳ» деп айткан.

Имам Муслимдин рабаяты боюнча бир сахаба Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) келип: «Оо, Алланын Элчиси, менин бир канча туугандарым бар. Алар менен карым-катнашка жакшы кѳңүл бурам, бирок, алар ортобуздагы туугандык акыларга кайдыгер карашат. Мен аларга жакшы мамиле жасайм, алар болсо жамандык кылышат. Мен аларга сылык мамиле кылам, алар орой мамиле жасайт. Кандай кылайын?» - деп сурайт.

Адамзаттын Асыл Таажысы (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ага:

«Эгер абал сенин айтканыңдай болсо, сен алардын жүзүнѳ ысык күл чачып жатасың. Алларга ушундай мамилеңден жазбасаң, аларга каршы Алланын колдоосу коштоп турат» деп жооп берет.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун):

«Садаганын эң жакшысы - кек сактап жүргѳн тууганга берилген садага» деп айткан.

Имам Табарани менен Хакимдин рабаяты боюнча Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун):

«Кимде ушул үч сапат бар болсо, Алла аны жеңил сурактан кийин бейишке жиберет» дейт.

Сахабалар: «Ал кандай мүнѳздѳр» - деп сураганда, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун):

1 - Сенден байлыгын аяганга садага берүүң;

2 - Туугандыгын үзүп койгондор менен карым-катнашты улантууң;

3 - Сага карата адилетсиз мамиле жасагандарды кечирүүң.

Мына ушул үч сапат сенде болсо Алла сени бейишине киргизет» деп жооп берет.

Имам Ахмад бин Ханбалдын баяндоосу боюнча Укба бин Амир (Алла андан ыраазы болсун) айтат: «Бир күнү Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кезигип калып колун кармап туруп: «Оо, Алланын Элчиси, мага эң жакшы иш кайсыл экенин айтчы» - деп ѳтүндүм. Ал мага: «Оо, Укба, туугандык мамилесин үзгѳндѳргѳ жакшы мамиле жасай бер, сенден малын аягандарга сен аяба жана сага адилетсиздик кылган кишини кечир» деп жооп берди. Имам Хакимдин рабаты боюнча, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Сѳзүмѳ кулак сал! Θмүрү узун, ырыскысы кең болуусун каалагандар туугандык акыларына кѳңүл бурушсун» деп аяктаган.

Имам Табаранинин рабаяты боюнча Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бир сахабага:

«Бул дүйнѳ менен акыретте эң пайдалуу мүнѳз тууралуу айтайынбы. Мамилесин үзгѳн жакыныңа туугандык мамиле жаса, куру кол кайтаргандарга бер жана сага жамандык кылган кишини кечир» деген.

Имам Табарани башка бир рабаятында Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун):

«Эң жакшы сапат - алакасын үзүп койгон жакындарына туугандык мамиле жасооң, колуңду куру куру калтыргандарга берүүң, сага кѳңүл оорутаар сѳздѳрдү айткандардын оройлугун кечирүүң» деп айткан.

Имам Табаранинин дагы бир рабаяты боюнча Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай дейт: «Алла Таала мамлекеттерди улуу кылып, пенделеринин даражаларын бийиктетүүсүнө себеп болгон мүнѳздѳр тууралуу айтайынбы?» - деди. Сахабалар: «Оо, Алланын Элчиси, айт» - деп кулак түрүп калышты. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун):

1 - Сага орой мамиле жасагандарды туура түшүнүүң;

2 - Адилетсиздик кылгандарды кечирүүң;

3 - Сенден малын аягандарга берүүң;

4 - Туугандык мамилесин үзгѳндѳр менен алакада болууң» - деп жооп кайтарды.

Бин Маажанын рабаяты боюнча Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Сообу бул дүйнѳдѳ эрте бериле турган жакшылыктар - ата-энеге жакшылык кылуу жана туугандык мамилени сактоо. Ал эми эң эрте жазасы бериле турган жамандыктар – ата-эне жана башка туугандарга жамандык кылуу жана туугандык мамилени үзүү» деп жооп кайтарды.

Имам Табаранинин рабаяты боюнча Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай дейт: «Акыретке сакталган жазасынан сырткары бул дүйнѳдѳ жазасы берилүүсүнө эң ылайык жамандыктар – туугандык мамилени үзүү, аманатка кыянат кылуу жана жалган айтуу.

Ал эми сообу ѳтѳ тез бериле турган жакшы иш - туугандык мамилелерге маани берүү. Бир үй-бүлѳ мүчѳлѳрү аң-сезимдик жактан бузук болушса да туугандык мамилесин жакшы сактоо менен мал-мүлкүнүн кѳбѳйүүсүн тилесе мал-мүлкү кѳбѳйѳт».

Жүрѳктѳрдүн ачкычы китебинен