Убада же ата мээрими
20.08.2020

Убада же ата мээрими

1989-жылы Арменияда 8,2 балл күчү менен жүз берген зилзала ал жердин таш-талканын чыгарган. Ал болгону 4 мүнөт ичинде 30 000 ден ашуун адамдын өмүрүн алган.
Мына ушул аянычтуу мүнөттөрдө өмүр коопсуздугуна ишенип, бир киши аялын үйдө калтырды. Уулунан кабар алуу үчүн мектепти көздөй чуркады. Бирок, тилекке каршы мектепти орду түбү менен урап калган абалда көрдү. Коркунучтан селейип, катып калды. Ошондо кокустан качандыр бир мезгилде уулуна берген убадасы эсине түштү:

- Кандай окуя жүз бербесин, мен албетте сага жардамга жетип келемин!

Атанын көзү жашка толду. Ал урандыга тигилип туруп, эч бир чара, кутулууну көрө албады. Бирок, оюнан уулуна берген убадасы тап-такыр кетпей койду. Ал уулун ар күнү мектептин кайсы жерине жетелеп барганын эстөөгө урунду. Имараттын оң тарабындагы бурчта жайгашкан классты чамалап тапты. Анан урандыны колу менен каза баштады. Ал арада башка окуучулардын да кайгыга баткан ата-энелери жетип келишти. Алар ый менен:

- Уулум! Кызым! - деп чуу салышты. Кээ бир ата-энелер:

- Эми кеч!

- Алардын баары жаштайында куурады!

- Биз эми аларга жардам бере албайбыз!

- Үйгө кеттик! - деп кайгыга чөгүштү.

Баланын атасына да:

- Акыл менен иш тут, урунуу пайдасыз, - деп кеңеш беришти.

Ошентип сооротуу максатында ага жакындашкан ар бир адамдан баланын атасы бир нерсени гана сурап жатты:

- Сиз мага жардам бергени келдиңизби?! - ал ушинтип сурайт эле, бирок колу иштен токтободу. Ишенич менен таштарды жылдырып, урандыны ачып барды, бул аракети менен өзүн барган сайын уулуна жакындашып бараткандай сезип жатты. Ошол учурда өрт өчүрүүчүлөрдүн командири келип ал жердеги бүт адамдарды кубалай баштады:

- Азыр бүт тарапты өрт каптайт, жарылуу жүз берүүсү да мүмкүн. Силер өзүңөрдү коопко калтырбагыла. Үйүңөргө кайткыла. Бул жерди тазалоого өзүбүз жетишебиз.

Баласын куткарууга урунуп жаткан ата капарына да албай ишин уланта берди да баягы эле суроосун командирге узатты:

- Сиз мага жардам бергени келдиңизби?

Айлананы коргоп жаткан милиционер да эскертүү берүүнү унутпады:

- Бул акылсыздык, мындай кылсаңыз башкалардын да өмүрүн коопко коёсуз, үйүңүзгө барыңыз бул ишти бизе калтырыңыз.

Ата милиционерге жүздөнүп:

- Сиз мага жардам бергени келдиңизби? Болбосо менин ишиме аралашпаңыз!

- Милиционер, буга сүйлөө пайдасыз деген ойдо андан ыраактап кетти.

Ата болсо бүт күчүн ишке салып, урандыны каза берди. Ал уулунун тирүү же жансыз денесин өз көзү менен көрмөйүнчө максатынан кайтпайт эле.

Арадан 8 саат, 12 саат, 24 саат... 36 саат өттү. Мына 38 саат дегенде ал чоң бир бетон бөлүгүн жылдырып жатып уулунун үнүн укту.

- Арман! -деп уулун атынан чакырды ата.

- Ата! Бул сизби, атааа! Коркпоңуз мен тирүүмүн. Келээриңизди билгенмин. Мен досторума да, кабатырланбагыла, атам бизди куткарганы сөзсүз келет, дедим. Себеби, сиз мага "Кандай гана нерсе жүз бербесин мен албетте жардамга жетип келемин", деп сөз берген элеңиз ата.

- Ал жерде эмне болуп жатат? Абалыңар кандай? - сурады ата өзүн ыйдан араң басып.

- Отуз үч баладан он төртүбүз тирүү калдык. Биз баарыбыз ачпыз, ысып кеттик, аба жетишпей жатат, коркуп да жатабыз, атааа! Баарыбыз сизди күттүк. Имарат кулаганда биз дубалдын четине туруп алдык, ал бизди куткарып калды.

- Бол эми уулум, чык тезирээк, сени күтүп жатам, - деди ата соңку бетон калдыгын жылдырып жатып.

- Жок ата, оболу башка балдар чыксын. Мени куткарууңузга ишенемин. Эмне болсо болсун, сиз баары бир жардамга келесиз, - уулунун үнүнөн ишенич жана сыймык жаңырып жатты.

Азирети Айша энебизден (Алла андан ыраазы болсун) рабаят: "Пайгабарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Алланын пенделеринин эң жакшысы убадасына тургандар", деп айтты. (Имам Ахмад) 

Бул макаланы ар тараптуу түшүнүңүз ...

Даярдаган: Абибилла Кадырбердиев