Ушак
23.03.2020

Ушак

Алла Таала Куран Каримде ушакты сынга алып, ушакчыны ѳлгѳн адамдын этин жегенге окшоткон. Улуу Жараткан мындай дейт: «Бири-бириңерди андыбагыла жана бири-бириңерди артынан тилдебегиле. Силердин араңардан ким ѳлгѳн бир тууганынын этин жегенди жакшы кѳрсүн?! Силер аны жактырбайсыңар! Алладан корккула. Чындыгында, Алла - тоболорду Кабыл Кылчуу, Боорукер». (Хужурат сүрөөсү: 12-аят)

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Мусулман мусулмандын канын тѳгѳ албайт, мал-мүлкүн тоной албайт, намысын тебелей албайт» - деп айткан.

Дагы бир хадисте: «Ушак айыңдан сактангыла, анткени, ушак-айың зынадан да оор күнѳѳ. Зына кылган киши тобо кылса, Алла Таала аны кечирүүсү мүмкүн. Ал эми ушакталган киши кечирмейинче ушакчынын кечирилүүсү мүмкүн эмес» деп айтылган.

Аалымдар бирѳѳнү ушактаган пендени таш ыргыткан балага окшотушат. Ал бала оңго-солго таш аткандай эле ушакчы да жакшы иштерин ары-бери чачып жок кылат.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Момун бир тууганын каралоо максатында артынан сүйлѳгѳн кишини Алла Таала Кыямат күнү тозоктун кѳпүрѳсүндѳ тургузат жана сѳзүн кайтарып алмайынча жолун улантууга уруксат бербейт» деп айткан.

Адамзаттын Асыл Таажысы (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Ушак - мусулман бир тууганынын артынан ага жакпаган сѳздѳрдү айтуу» деген.

Демек, бирѳѳнүн артынан анын дене-мүчѳсүндѳгү кемчилиги тууралуу болсун, тексиздиги тууралуу болсун же дини же дүйнѳсү тууралуу кайсы бир кемчиликтерин айтса, булардын баары ушак-айың. Жадагалса бирѳѳнүн кийим-кечеси же минген унаасын жамандап сынга алуу да ушактоо болуп саналат. Ал эми бирѳѳнүн адамдыгы тууралуу кѳңүл оорутуучу сѳздѳрдү айтуу андан да чоң күнѳѳ. Айтууларга караганда бир күнү кээ бир маселелер тууралуу кѳңүл оорутуучу сѳздѳрдү айтуу андан да чоң күнѳѳ. Айтууларга караганда бир күнү кээ бир маселелер тууралуу маалымат алуу үчүн Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жапыз бойлуу бир аял келет. Ал аял чыгып кеткенден кийин Айша энебиз (Алла андан ыраазы болсун): «Алла Таала бул аялга кыска бой бериптир» дейт. Муну уккан Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ага: «Оо, Айша, сен ушактадың!» - деп эскертет. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Ушак-айыңдан оолак болгула, анткени, ал үч түрдүү апатты алып келет:

1 - Ушакчынын дубасы кабыл болбойт;

2 - Жасаган жакшы иштери кабыл болбойт;

3 - Жамандыктары жайылат» - деген.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ушакчылык тууралуу мындай деп айткан: «Кыямат күнү пенделердин эң жаманы - бирѳѳгѳ башка жүз менен, экинчиге башка жүз менен кѳрүнгѳн эки жүздүү кишилер. Бул дүйнѳдѳ эки жүздүү болгондордун Кыямат күнү оттон эки тили болот».

Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) башка бир хадисте: «Ушакчылар бейишке кире албайт» деген.

Сүйлѳгѳн, сүйлѳй албаган бардык жандыктын тили болгону менен эмнеге балыктын тили жок?

Айтууларга караганда Алла Таала Адам атаны (Алланын саламы болсун) жаратып, периштелерди ага сажда кылууга буйруганда Ибилистен башка бардык периштелер сажда кылышкан. Ошондо, Алла Таала аны периште кейпинен ажыратып, бейиштен кууп салган.

Бейиштен куулуп жер жүзүнѳ түшкѳн Ибилис деңизге барып, алгач балыкты кезиктирит да, ага Адамдын (Алланын саламы болсун) жаратылганын кабар берет. Анан Адам (Алланын саламы болсун) жер-суунун баарындагы жандыктарга аңчылык кылаарын айтат. Ошондо, Алла Таала балыктын тилин түп-тамыры менен жок кылат.

Амр бин Динардын (Алла андан ыраазы болсун) айтуусуна караганда мадиналык бир кишинин Мадинанын четинде жашаган карындашы бар экен. Ал аял оорулуу болчу. Тиги киши бат-баттан анын ал-абалын сурап барып турчу. Бир күнү ошол аял кѳз жумду. Бир тууганы аны кепиндеп, жерге берип үйүнѳ кайтты. Караса жанында акча салынган капчыгы жок. Аны мүрзѳнүн ичине түшүрүп алганын эстеди да бир досун ээрчитип мүрзѳгѳ барышты. Мүрзѳнү казып, капчыгын табышты. Маркум аялдын бир тууганы досун: «Сен арыраак бара тур. Мен бир тууганымдын кандай абалда экенин кѳрѳйүн» - деди. Υстүндѳгү топуракты казып, казанакты ачты. Караса казанактын ичи күйүп жатыптыр.

Буга күбѳ болгон киши дароо энесине барып: «Мага бир тууганымдын негизги мүнѳзү тууралуу айтып берчи» - деди. Энеси: «Карындашың кошуналардын эшигинин артына жашынып алып ичкеридеги сѳздѳрдү тыңшап, уккандарын башкаларга жеткирчү», - деп жооп берди.

Баягы киши ошондо ушактын кабыр азабына себеп болорун түшүндү. Демек, кабыр азабынан кутулгусу келгендер ушакчылыктан жана чагымчылыктан оолак болуусу керек.

Айтууларга караганда Абу Лайс Бухари (Алланын ырайымы болсун) ажыга баратканда чѳнтѳгүнѳ эки теңге салып, «Меккенин жолунда баратканда же келе жатканда бирѳѳ тууралуу ушак айтып салсам ушул эки теңгени кедейлерге берем» деп ѳзүнѳ-ѳзү ант берген.

Ошону менен ал Меккеге барып, ажылык милдетин аткарып үйүнѳ кайтты. Баягы эки теңгеси болсо дагы деле чѳнтѳгүндѳ жүргѳн. Анын берген убадасы тууралуу билген достору сурашканда ал: «Бирѳѳ тууралуу ушактагандан кѳрѳ жүз жолу зына кылгандын күнѳѳсү жеңил», - деген. (Кудай сактасын!)

Абу Хафсул-Кабир (Алланын ырайымы болсун): «Бир жылдагы Рамазан орозосун тутпай коюуну бир кишини ушактоодон артык кѳрѳм» деген.

Бир фыкых аалымын ушактаган киши Кыямат күнү маңдайында «Бул киши Алла Тааланын ырайымынан куру калды» деген жазуу менен келет.

Анас бин Маликтин (Алла андан ыраазы болсун) рабаяты боюнча, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай дейт: «Миражга чыгарылган түнү тырмактары менен жүздѳрүн тытмалаган жана тарп жеген бир топ кишилерди жолуктурдум. Жебирейилден «Булар кимдер?» деп сурасам «Булар дүйнѳдѳ жашап жатканда башкалардын ѳлгѳн этин жеген ар кимди ушактагандар» деп жооп берди».

Хасан (Алла андан ыраазы болсун): «Касам ичүү менен айтам, ушактоонун динге зыяны денеге түшкѳн курттун зыянынан да чоң», - деп айткан.

Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) мындай дейт: «Силер бир тууганыңардын кѳзүндѳгү чѳптү кѳрүп, ѳзүңѳрдүн кѳзүңѳрдѳгү дѳңгѳчтү кѳрбѳйсүңѳр».

Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылганы боюнча Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай дейт:

«Бул дүйнѳдѳ момун бир тууганынын этин жеп, аны ушактаган кишинин алдына Кыямат күнү ушакталган бир тууганынын ѳлүгү алынып келип, ага: «Эми бул ѳлүктү же, дүйнѳдѳ тирүүсүндѳ жеген элең» деп айтылат. Анан Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Силердин бириңер ѳлгѳн бир тууганынын этин жегиси келеби?» деген маанидеги аятты окуду.

Жабир бин Абдулла ал-Ансари (Алла ырайым кылсын) айтат: «Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) учурунда ушак айтылса дароо жыты сезилчү. Анткени, ушак ѳтѳ сейрек эле. Бирок, азыр ушак-айың ѳтѳ кѳбѳйүп, мурундардын баарына сасык жыты толгондуктан сезилбей калды. Мисалы, тери иштеткен жерге кирген киши ал жердин жытына кѳпкѳ чыдап тура албайт. Ал эми ошол жайда иштегендер иш орундарында эле тамактанып, жытын сезбей жүрѳ берет. Ушак-айыңдын азыркы кездеги жагдайы да ошондой».

Кааб (Алла андан ыраазы болсун): «Бир китептен окуганым боюнча, ушактан тобо кылгандар бейишке акыркы болуп кирет. Ал эми ушакты таштабай ѳлгѳндѳр баарынан мурда тозокко кирет» деп айткан.

Алла Таала мындай дейт: «Адамдарды артынан сынга алып, тили жана кыймыл-аракети менен шылдыңдагандарга азап болсун!». (Хумаза сүрөөсү: 1-аят)

Бул аят Валид бин Мугира тууралуу түшкѳн. Анткени, ал Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жана бүтүндѳй мусулмандарга акарат айтып шылдыңдачу. Маалым болгондой жеке бир киши же окуя тууралуу түшкѳн аят жалпыга жа тиешелүү болуп калат.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Ушактан сактангыла, анткени, ал зынадан да оор күнѳѳ!» дегенде сахабалар: «Ушак кантип зынадан оор болуусу мүмкүн?» - деп сурашты. Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бул суроого «Себеби, зына кылып тобо кылган кишинин тобосун Алла Таала кабыл алуусу мүмкүн. Ал эми ушакталган пенде кечирмейинче ушакчы кечирилүүсү мүмкүн эмес» - деп жооп берди.

Бирѳѳнү ушактаган пенде ѳкүнүп, тобо кылуусу керек. Ошону менен ал Алланын акысынан кутулат. Анын артынан ушакталган кишиден кечирим сурап, эгер ал кечирсе адам акысынан да кутулат.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай дейт. «Алла Таала Кыямат күнү мусулман бир тууганын ушактаган кишинин жүзүн кѳчүгүнѳ айлантып коёт».

Демек, бирѳѳнү ушактаган киши ордунан тура электе жана айткан ушагы ушакталган пенденин кулагына жете электе эле эң оболу Алла Тааладан ал үчүн кечирим суроосу керек. Анткени, андай учурда Алла Тааланын гана акысы болгондуктан тобосу кабыл алынат. Ал эми айткан ушагы ушактаган кишинин кулагына жетсе, ушактын күнѳѳсү жоюлуусу үчүн тобонун артынан ушакталган кишиден да кечирим суроо керек болот.

Зына маселеси да ушундай. Б.а., үй-бүлѳсү бар аял менен зына кылган киши ал аялдын күйѳѳсү угуп-биле электе тобо кылса тобосу кабыл болуусу мүмкүн. Бирок, аялдын күйѳѳсү уккандан кийин тобонун кабыл болуусу үчүн тѳшѳгү тебеленген күйѳѳ да кечирүүсү керек. Аткарылбаган намаз, орозо, зекет жана ажылык карыздары, бул карыздар каза кылынмайынча тобо менен жоюлуп кетпейт. Акыйкатын Алла билет.

Жүрөктөрдүн ачкычы китебинен