Үй-бүлө канткенде бактылуу болот?
10.07.2016

Үй-бүлө канткенде бактылуу болот?

Үй-бүлөө бактылуу болуусу үчүн жубайлардын ортосундагы милдеттер менен укуктар так жана даана түшүнүктүү болуп, сакталууга тийиш. Эркектин аялына карата укуктары; Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Дүйнө ырахаттардан турат. Дүйнөнүн эң жакшы ырахаты такыба аял!" (Муслим) Такыба аял адегенде Аллахтын алдындагы жоопкерчилигин, андан соң жолдошунун алдындагы жоопкерчилигин сактоого умтулат. Такыба аял үйүнө байланат. Сыртка эч бир муктаждыксыз көп кирип-чыкпайт. Такыба аялдын камы өзүн кароодо, үй ичин сарамжалдуу кармоодо, балдарын тарбиялоодо болот. Такыба аял үй-бүлөөсүнүн ынтымак-ырашкердикте жашоосу үчүн аракетте болот. Намазын, орозосун, зикирлерин жан дили менен аткарат. Такыба аял Кудай Таалам ага берген ырыскысына ыраазы болот. Аял киши күйөөсүнүн укуктарын сактабастан туруп, аны урматтабастан туруп такыбалардын катарына кошула албайт. Андыктан эркектин аялынын алдындагы укуктарынын кээ бирин билүү ашыкча болбойт:

1.Аял киши өзүнүн да, туугандарынан да күйөөсүнүн укугун жогору коёт. Анткени күйөөнүн укугу улуу.

2.Аял киши күйөөсүнүн кызматын кылууга дайым даяр туруу керек. Тактап айтканда күйөөсүнүн аялына эркектин жумушу чыкканда баш тартпоосу керек. Бир гана айыз же нифас учурунда ал нерсеге тыюу салынат. Күйөөсү төшөккө чакырган учурда жооп кылбаган аялзаты күнөөкөр болот. Периштелер каргыш айтат. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Күйөөсү аялын мамилеге чакырса, аялы баш тартып, күйөөсү ачууланган абалда түн өткөрсө, таң атканга чейин ал аялга периштелер каргыш айтып чыгышат" (Бухарий, Муслим). Башка бир хадисте: "Күйөөсү аялын муктаждыгы үчүн чакырса, аялы дандырда нан жаап жаткан болсо да жооп берсин!" деп айтылган (Термизий, Насааий).

3.Аял киши күйөөсүнүн уруксатысыз нафил орозолорду тута албайт. Анткени орозо тутуп жаткан учурда күйөөсүнүн муктаждыгы пайда болсо, аткарууга мүмкүн эмес болуп калат. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Күйөөсү жанында болуп турган аялга (күйөөсүнүн уруксатысыз) нафил орозо тутуу адал болбойт...!" (Бухарий, Муслим).

4.Аял киши күйөөсүнүн үйүнөн анын уруксатысыз эч бир нерсени бере албайт. Төркүндөрүнө да ага айтпастан туруп бере албайт. Берген болсо аялга күнөөсү, эркекке сообу жазыла берет. Бирок үй-бүлөө үчүн бышырылган тамактан белекке берсе болот.

5.Аял киши үйүнөн чыкпайт, чыкса да махрамдары менен чыгат. Үйдүн сыртында күйөөсүнүн уруксатысыз иштебейт. Жолдошуна жакпаган аялзаттары менен да мамиле түзбөйт, аралашпайт.

6.Кудайдын тагдырга жазган ырыскысына каниет кылат. Жашообуз эмнеге мындай жарды (?) деп ачууланбайт. Күйөөсүнүн кулагын жебейт. Ар бир таап келген ырыскыны ыраазылык менен кабыл кылып, Кудай Таалама шүгүрчүлүк келтирет. Ашыкча нерсе талап кылып коюп, күйөөсүн арам ишке кириптер кылып коюдан сактанат. Мурунку замандагы такыба аялдар күйөөсүн эртең менен жумушуна узатып жатып айтышчу: "Биз ачкачылыкка го чыдайбыз, а бирок тозок отуна чыдай албайбыз. Бизди адал оокат менен гана бак!".

7.Аял киши өзүн сактайт. Сулуулугун ар кимге көрсөтө бербейт. Шариат буйругандай таризде кийинет. Кыска жана жука кийимдерден оолактайт. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Аял киши күйөөсүнүн үйүнөн башка жерде жоолугун чечпесин...!" (Термизий, Абу Дауд).

8.Кайсы бир муктаждыгы боюнча күйөөсүнүн досторуна өзүн тааныштырбасын. Күйөөсүнүн достору менен мамиле түзбөсүн. Анткени кызгануунун көбү мына ушулардан чыгат. Телефон аркылуу, же күйөөсү жокто үйүнө келип, анын бар экендигин сураса, кыскача гана "ал жок эле" деп жооп берүү милдеттүү. Сөздү созуп олтуруу күнөө.

9.Күйөөсүнөн өзүн жогору койбоосу керек. Өзүнүн сулуулугуна же байлыгына маашырканып, күйөөсүн өзүнөн төмөн кароо бактысыздыкка алып келет.

10.Балдарына мээрим төгүп кароосу зарыл. Балдарын жаман сөз менен урушпоо. Күйөөсүнүн жакшылыктарын дайыма айтып, балдарына күйөөсүнүн жакшы адам экендигин баса белгилеп айтып туруу.

Аялдын күйөөсүнө карата укуктары; Эркектин аялына карата укуктары аялдын жеке өзүнө гана байланыштуу. Аялдын мал-мүлкүнө тиешеси жок. Аялдын жеке байлыгына, аялдын өзүнүн уруксатысыз эркектин кийлигишүүгө укугу жок. Аял өзүнө таандык байлыкты каалагандай жумшай алат. Ал эми аялдын күйөөсүнө карата укуктары эркектин өзүнө да, мал-мүлкүнө да тиешелүү болот. Каржы тараптан нафака, махр сыяктуу нерселер да аялдын укуктарына кирет: Аялдын күйөөсүнө карата кээ бир укуктары:

1.Аялына жакшы кулк-мүнөздө болуу, жакшы мамиле жасоо, жакшылык ыроологон жашоодо жашоо, ага зыян жеткирбөө. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Силердин эң жакшыраагыңар, үй-бүлөсүнө эң жакшыраагыңар!" (Термизий). Коомчулук менен болгон мамилесинде, сыртта жүргөндө адеп-ахлактуу болуп, үйгө келгенде "каардуу тиранга" айлануу жакшылыктын белгиси эмес. Чыныгы момун-мусулман адегенде аялына жакшы мамиле жасайт. Анткени ал ошого татыктуу, анын жакшы мамилесине башкаларга караганда көбүрөөк муктаж.

2.Аял тараптан болгон ызаны, кээ бир кеткен кемчиликтерди көтөрүү, ачууланганда жана капа болгондо айткан сөздөрүн кулактын сыртынан кетирүү. Азирети Анас бин Маалик айтат: "Пайгамбарыбыз алайхис саламдан да үй-бүлөсүнө ырайымдуураак бирөөнү такыр көргөнүм жок!" (Муслим). "Пайгамбарыбыз алайхис саламдын аялдары да Пайгамбарыбызга сөз кайрышат эле, а түгүл кээ бир аялдары кечке чейин Пайгамбарыбыз алайхис саламга сүйлөбөй коюшат эле!" (Бухарий, Муслим).

3.Аялын эркелетүүсү, тамашага салуусу, ойнотуусу кажет. Бирок мына ушунун баары чектен чыгып кетпөөсү зарыл. Эркектин айбатын, кадыр-баркын түшүрбөгүдөй болсун. Анткени бул амалдар аялдардын жүрөгүн жакшыртат.

4.Аялын кызгануусу милдеттүү. Анын урмат-сыйы, адамгерчилик бедели сакталып турууга тийиш. Жаман нерсе болуп кетпөөсү үчүн абалды дайыма көз алдында сактоосу керек. Ошол эле убакта чектен чыгып кетпөө керек. Болбогон жерден шектенип, конгон көпөлөктөн деле кызгана бербөөгө тийиш. "Пайгамбарыбыз алайхис салам үй-бүлөсүн түндө чочутуп, эшик такылдатып ойготуп, алардагы кээ бир кемчиликтерди издөөдөн тыйган" (Муслим).

5.Аялды өз алдынча шариатка ылайыктуу жашоосуна шарт түзүп берүү. Эркектин туугандарынын эч кимиси аралашпаган, дааратканасы жана жууна турган жайы бар жатак жай даярдап берүүсү лаазым. Аллах Таала Куранда айтат: "Аялдарыңарга мүмкүнчүлүгүңөр болушунча, өзүңөр жашап турган жайдан орун бергиле...!" (Талак, 6).

6.Аялдарга дароо берем деген калың-махрды дароо берүүсү керек. Аны кечеңдетүүгө болбойт. Ал аялдын жеке укугу.

7.Аялына жете тургандай нафака жумшоосу. Ичип- жегенинде, кийиминде кемчилик кетирбесин. Ысырапкерчиликке да жол бербесин. Эркек бул нафакаларды берүүсү менен Кудай Тааламдын алдында чоң соопторго ээ болот. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Кудай Тааланын ыраазылыгы үчүн жумшаган нафакалардын баарына сооп аласың. Ал эле эмес аялыңдын оозуна салган бир үзүм тамакка да сооп аласың!" (Бухарий, Мус- лим). Башка хадисте: "Адам сооп үмүт кылып үй-бүлөсүнө нафака жумшаса, ал ага садака деп эсептелет!" (Бухарий, Муслим).

8.Аялына дин таалимдерин үйрөтүүсү зарыл. Эгер аял ошол нерселерди үйрөнө элек болсо. Адегенде ыймандын шарттары менен түркүктөрүн, андан соң ыймандын калган бутактарын, шариат өкүмдөрүн, даарат, айыз маселелерин, намаз жана орозону үйрөтөт. Дайыма намаз окуусуна көмөктөшүп турат. Аллах Таала Куранда айтат: "Үй-бүлөңдү намаз окууга буйруп, жана намаз окууга сабыр кыл!" (Тоохаа,132).

9.Эки же андан ашык аялы болгондор аялдарына адилеттүүлүк менен мамиле кылуусу парз. Бирин башкасынан нафака берүүдө, убактысын бөлүүдө артыкча көрбөө. Жүрөгүндөгү махабатынан башкасынын баарын тең бөлүүсү милдеттүү. Ал эми жүрөктү инсан өзү башкара албайт. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Кимдин эки аялы болуп, бирине көбүрөөк тартса, кыямат күнү бир тарабы кыйшайып, тартылып турган абалда келет!" (Абу Дауд, Термизий, Насааий, Ибн Маажа).

10.Аялын тарбиялоосу милдеттүү. Айрыкча Аллах Тааланын парздарын аткаруусу, андан соң күйөөсүнүн алдындагы милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөйт. Эгер шалаакылык же жөн эле камырабастык менен намаз окуганды, же жоолук салынганды таштап коё турган болсо эркек аны тарбиялоого милдеттүү. Күйөөсүнүн көңүлүн алууга аракеттенбесе да тарбиялоого муктаж болот. Тарбиялоо өзүнүн тартиптери менен болот. Адегенде ага жакшы сөз, насаат айтуу менен болот. Ага да болбосо бир эле бөлмөнүн ичинде төшөгүн бөлүп салып жатуу кирет. Бул бөлүү бир күндөн үч күнгө чейин созулат. Ага да болбосо, төшөк маселесинде күйөөсүнө моюн сунбай турган аялды көгөрбөй турган, катуу оорутпай турган таризде урууга жол берилет. Бетине, башына, бөйрөктөрүнө, денесине зыян жеткире турган жерине урбайт. Бул уруу аны таяктоо деген сөз эмес. Бул "ушул даражага чейин келдиң, көзүңдү ач (!)" деген маани. Бул мурдагы усулдар аткарылып, дале болсо аялы баш ийбей, жагымсыз иштерин уланта берген учурда болот. Куранда айтылат: "Күйөөлөрүн көзгө илбей калуусунан чочулаган учурда адегенде насаат кеп айткыла, болбосо төшөктө бөлгүлө, ага да болбосо ургула!" (Нисаа,34). Кээ бир наадандар, ушул аятты далил кылып, аялын урууну өнөкөт адатка айландырган. Пайгамбарыбыз алайхис салам аялдарды эч качан урган эмес. Анын мырзалыгы бул нерсеге жол берген эмес. Эркектин өзү такыбалыкка моюн сунбай туруп, аялынан такыбалыкты талап кылуусу өтө кейиштүү көрүнүш. Бул аялдарды уруу зарыл деген сөз эмес. Бул, төрт адам "эркек-аялдын зынаа кылганын сыя калем сыя челекке кирип жатканын кандай көргөн болсо, мына ошондой көрүнүштө алака болуп жатканына күбө болгонун" айтса, таш бараңга алынып өлтүрүлөт. А бирок он беш кылымдык тарыхыбызда төрт күбө менен таш бараңга алган учурубуз боло элек. Адамдар кылмыштуу иштерге түшпөсүн деп, ал жаза менен эч ким жазаланбаса да, өзгөчө оор кылмыштардын жазасы оорлотулат. Анткени кылмыштан кайтаруу саясаты ошону талап кылат. Кээ бир аалымдарыбыз урса кантип урат десе, тиш тазалаган мисвак менен, же бир тутам саман алып, ошону менен жамбашына урат деп да айтышкан.

11. Аялы менен кошулганда, аялдын уруксатысыз уруктугун сыртка төкпөөсү керек болот. Ал аялдын укуктарын толуктап турат.

12. Аялдын руханий муктаждыгын, аялдык муктаждыгын кандырууга жан-аракет кылат. Аялы арамга түшүп кетпөөсү үчүн колунан келген өнөрүн аябайт. Анын көңүлүн табат.

13. Аялын, анын туугандарын жөндөн-жөн эле кордобойт. Сөз менен же кылык-жорук менен аларды кемсинтпейт.

14. Аялын жакшы көрбөсө да, ага ырайым менен мамиле кылат. Ар бир адамдын жакшы жери бар, ошол жакшы жери аркылуу аны жакшы көргөнгө аракет кылат.
(Уландысы кийинки санда)

Чубак ажы Жалилов