Ыйман тапкан жол сакчы
18.09.2019

Ыйман тапкан жол сакчы

Төрт дөңгөлөгү чимириле зуулдаган бойдон келе жаткан унааны МАИ кызматкери токтотту. Шашып бара жаткан айдоочу дароо токтоп, МАИ кызматкеринин жанына басып барып салам берип:

- Ассаламу алайкум! Кандайсыз? Биз кандай эрежени буздук - деп, билмексенге салды. Жолдош МАИ кызматкери:

- Уа алайкум ассалам! Жакшыбыз. Калп эле билмексенге салганыңарды койсоңор боло ээ айдоочулар. Маңдайымда канча менен кетип бара жатканымды көргөн жокмун дечи кана? Аны уккан айдоочу калп кыдмая күнөөсүн сезе башын шылкыйтты. Анан:

- Кечиресиз, эми бир жолу болсо керек эми - деп, карап калды көзүнүн кыйыгы менен. МАИ кызматкери ошол эле нерсени күтүп турган жаны ичинен кымыңдай эле түштү. Өзүн салабаттуу кармап, бой көтөрө:

- Кандай жолу болмок эле? Айдоочу күбөлүгүңдү алып, машинеңди сактоочу жайга киргизебиз. Бул нерсени уккан айдоочу алаңдай түшүп:

- Эми коё турсаңыз. Ал жакка алып барбай эле, биз аябай шашып жатабыз. Мүмкүн башка жол менен чечишээрбиз - деп, капчыгынан миң сом көргөзүп, акырын МАИ кызматкеринин чөнтөк жагына сунду. Ары-бери жагын каранып:

- Мындай болсо башка сөз да иничек. Коётур, эч кимге көргөзбөй салып алайын - деп акчаны акырын чөнтөгүнө салды. Анан жылмая кол берип, документтерин айдоочунун колуна карматты. Айдоочу купуңдаган боюнча унаасына олтуруп зуулдата айдап жөнөдү. Бул нерсе ага сабак болууга тийиш эле. Бирок, эмнегедир ал кайрадан андан да ылдамыраак айдап жүрө берди. Ичиндеги кардарлар бири-бирин карап бири:

- Ырас, эрте жетет экенбиз. Жанагы ачка МАИ кызматкерине акча берип койгонуң дурус болду - деп каткырды. Анда экинчиси:

- Болду эми газды бастырып эле жүрө бер иничек - деди. Обочо четте олтурган, баятан бери Куран китебин кучактап келе жаткан жоолукчан жаш кыз тиги кардарларга карап:

- Ин шаа Алла, Кудай буйруса, аман-эсен эле жетип алганыбыз биз үчүн олжо болот деп ойлоймун. Анча шашуунун деле кажети жок болсо керек менимче. Буйруса жай айдасаңыз да дурус болоор - деди акырын гана үн катып. Айдоочуга мындай сөз жакмак беле? Кулагынын сыртынан чыгарды. Ошентип, бир канча убакыт зуулдап айдап келе жатты. Жол кенен, анан да түз эле. Болгону оң жак четинде чоң дарыя агат. Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей, бир кезде баягы зуулдаган унаа көз ачып жумганча, жолдун четине чыгып дарыяны көздөй ыкталды. Айдоочу тормуз басканга да жетише алган жок. Болгону учуп бара жаткан унаа дарыяны көздөй кулады. Дарыя акырын гана өзүнө кучак жая тосуп, сиңире берди. Акыры карааны да көрүнбөй калды. Бул көрүнүшкө күбө болгон жолдогу айдоочулар айлаларын таба албай ызы-чуу түшүп, чогула калышып МАИ кызматкерлерин жана тез жардамды чакырышты. Алар тезинен келип, иштин чоо-жайын билип, издөө сала башташты. Алардын ичинде баягы МАИ кызматкери да бар эле. Анын аты Таалай. Баары чогулуп дарыяны жиреп издөөлөрүн улантып, көп аракет жасашты. Бирок, эмнегедир, биздин мамлекеттин оор өнөр жайы өнүккпөгөнүнө байланыштуу дарыяга чөккөн унааны эки күн убара болуп таба албай үч-төрт күн дегенде араң табышты. Дарыядан баягы унаа алынып жээкке чыгарылды. Баардыгы жабыла чуркап жөнөштү. Таалай да чуркап барды. Унааны карап, жүрөгү болк дей түштү. Ичинен:

- Бул баягы жаш баланыкы турбайбы? Деги эмне болду экен? Жакшылап карайынчы - деп бушаймандана баштады. Элдер ичинен маркумдарды алып чыгып жатышты. Бир кезде элдер токтоп, таң калууларын жашыра албай, бири-бирин карап күбүрөнүп калышты. Таалай да чуркап маркумдардын сөөктөрүнүн жанына келип, көзү алая түштү. Караса төрт күн мурунку дүйнөдөн өткөн маркумдардын денелери былжырап бузула баштаган. Элдерди таң калтырганы маркумдардын арасындагы баягы жаш кыздын денеси эч нерсе болбогону, кайра нурлуу болуп көзгө сүйкүмдүү көрүнгөнү. Жаш кыздын колунда бекем кучакталган Куран бар эле. Бул көрүнүштү көргөн Таалайды ар тараптан ой басты:

- Бул окуяга мен күнөөлүмүн. Бул жаш секелек кыздын да башка маркумдардын да өлүмүнө мен себепкермин. Арам акча алам деп канча адамдын убалына калдым? Анан да бул Куран кучактаган кызчы....? Кандай түшүнсөм болот. Мен мурда Куранга ишенбейт элем, жоолукчандарды жек көрчүмүн. Эми бул көрүнүш нак далил болуп маңдайымда турганын кантип чана алам? Ммммм, башыыым! Эмне кылуу керек? Ооба, ооба дал өзү, Кудай мени тааны деп жаткан ачык-айкын көрүнүш эмей эмне? Таалай, өзүңө келип, Кудайды тааны! Азыр, азыр тааны! Эртең кеч болот - деп ичинен кайталай берди. Бир топто барып кичине эс алып, маркумдардын жаназасына барды. Ал жактан баяндарды угуп көзүнөн жаш сызылды. Баары жайларына берилген соң Таалай молдого барып:

- Ассаламу алайкум таксыр, кечиресиз мени, мен Алланын улуулугун көп уккум келип жатат. Туура, ак динде таза жашагым келип бушайманмын. Канткенде мен динди бекем кармап жашай алам - деп мукактанды. Айылдын имамы жылмайып:

- Уа алайкум ассалам уа рахматуллохи уа баракатуху бир тууганым. Алла Таалам өмүрүңүзгө береке берсин! Сиздин жан дүйнөңүз тынчтыкты каалап жаткан экен. Тынчтык Ислам дининде. Сизге кенешим Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сүннөтүн бекем карманган жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтара турган бир туугандар менен көп маектешип, илим алыңыз. Биздин аалымдардын баяндарын көп угуп, хадистерге амал кылыныз - деп, дагы көп кеңешин айтып, Алланы улуктап берди. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Таалай дин жолунда кызмат кылып, адашкан бир туугандарды жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарып, күнүн Алла жолуна, ибадатка арнаган. Чындыгында дербиш-дубана болуп кеткен жери жок. Болгону дүнүйө деп акыретин, акырет деп дүнүйөнү унутуп койбой, эки дүйнө бактылуу жашоосун тургузуп келе жаткан чагы. Ар бир инсан Жаратуучусун ар кыл тааныйт тура!

Аллахым баарыбыздан ыраазы болуп, акыретте Өз жамалы менен сүйүнтсүн момун-мусулман бир тууганым!!! Аамиин.

Урматым менен Чолпон Асанбек кызы.