Замир каары Ракиев
20.08.2020

Замир каары Ракиев

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомшев кол койду.

Замир каары Ракиев 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында төрөлгөн.

БИЛИМИ:

1986 - 1995-жж. Орто мектеп.

1995 - 1999-жж. Бишкек борбордук мечити, Куран жаттоо медресеси.

1999 - 2000-жж. Египет мамлекети, “Университетке даярдоо курсу”.

2000 - 2003-жж. Аль-Азхар Ислам институту.

2003 - 2007-жж. Аль-Азхар Ислам университети, «Дин негиздери».

2008 - 2010-жж. Бишкек гуманитардык университети «Чыгыш таануу-Магистр».

ЭМГЕК ТАЖРЫЙБАСЫ ЖАНА ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:

2007 - 2008-жж. Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде мугалим.

2008 - 2010-жж. Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде мүдүр.

2010 - 2011-жж. Нарын облусунун казысы.

2011 - 2016-жж. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары.

2016 - 2017-жж. Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы.

2017 - жылдын май айынан тарта Азирети муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген.

Үй-бүлөлүк абалы:

Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын атасы.

https://muftiyat.kg/