Зекет бербөөнүн кесепети
24.03.2020

Зекет бербөөнүн кесепети

Бир топ киши Абу Синандын үйүнѳ барышат. Ичкери кирип, жанына олтурушкан соң Абу Синан конокторуна: «Жүргүлѳ, коңшубуздун бир тууганы ѳлгѳн эле, ошого кѳңүл айтып келели», - деди.

Андан аркысын ушул топтун арасындагы Мухаммед бин Юсуф ал-Фараби мындайча баяндайт:

«Ал кишинин үйүнѳ баарыбыз чогуу бардык. Бечара буулугуп ыйлап жатыптыр. Аны сооротууга канчалык аракет кылсак да сѳзүбүздү угаар эмес.

Ага: «θлүм качууга мүмкүн болбогон сапар экенин билбейсиңби?» - дедик. Ал: «Албетте билем, бирок, мен тууганымдын күн-түн дебей азап тартканына ыйлап жатам» - деди. Биз андан «Алла сага кайыпты билдирдиби?» деп сурадык эле ал тѳмѳндѳгүдѳй окуяны айтып берди:

«Жок, кайыпты билбейм. Бирок, бир тууганымды кѳмгѳн соң, элдин баары мүрзѳдѳн кеткенден кийин кабырдын жанында олтуруп калдым. Мына ошол убакта ичкериден: «Аттиң ай, мени азапка жалгыз таштап кетишти. Мен намаз окуп, орозо кармап жүрчү эмес белем» деген үн угулду. Мен бир тууганымдын минтип сыздаганына чыдай албай койдум. Натыйжада, абалы кандай болду экен?» деп мүрзѳсүн каза баштадым. Казсам кабырдын ичи күйүп, бир тууганымдын мойнуна оттон бүткѳн тогоо ѳткѳрүлүптүр. Бир туугандык мээримим менен аны мойнунан чыгарайын деп кармасам манжаларым менен алаканым күйүп калды».

Ал ушуну айтып жууркандын астына жашырган колун чыгарып кѳрсѳттү. Алаканында чындыгында эле күйүктүн кара тагы бар эле.

Бир тууганы каза болгон киши кебин андан нары минтип улантты: «Бул абалга күбѳ болгондон кийин кабырды топурак менен кѳмүп, жолго түштүм. Бирок, тууганымдын абалы кѳз алдымдан кетпей туруп алды. Мен анын абалын билип туруп кантип ыйлабай коё алам? Анын тарткан азабын кантип унутам?».

Андан: «Бир тууганың тирүү кезинде кандай жаман иштерди жасачу эле?» деп сурадык. «Мал-мүлкүнүн зекетин берчү эмес» - деди. Ошондо баарыбыз: «Алла Тааланын «Алла берешендиги менен берген нерселерге сараңдык кылгандар муну ѳздѳрү үчүн жакшы деп ойлошпосун. Жок, бул алар үчүн абдан жаман! Сараңдык кылып бербеген байлыктары Кыямат күнү тогоо болуп моюндарына оролот» (Али Имран сүрөөсү: 180-аят) деген аятын эстедик.

Демек, анын бир тууганынын азабы Кыямат күнгѳ калтырылбай, кабырда эле берилип жатыптыр».

Мухаммед бин Юсуф сѳзүн мындайча улантты: «Бир топ убакыттан кийин баягы кишинин жанынан чыгып, Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сахабасы Абу Заррга (Алла андан ыраазы болсун) бардык. Ага тигил кишиден уккандарыбызды айтып бердик да, «Жѳѳттѳр менен христиандар ѳлгѳндѳ эмнеге алардын кабырында мындай кѳрүнүш болбойт?» - деп сурадык. Ал: «Алардын тозоку болгону анык. Алла Таала момундардын мындай абалдарын силерге сабак болсун деп кѳрсѳтүп жатат» деп жооп берди.

Алла Таала Курани Каримде мындай дейт:

«Оо, Мухаммед, адамдарга айт; «Силерге Жаратканыңар тарабынан анык далилдер келди. Ким аларды кѳрсѳ – ѳз пайдасы. Ким сокур болуп алса - ѳзүнѳ зыян! Мен силердин үстүңѳрдѳ корукчу эмесмин». (Анаам сүрөөсү: 104-аят)

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Мал-мүлкүнүн зекетин бербегендер Алланын алдында жѳѳттѳр жана христиандар сыяктуу. Υшүр бербегендер болсо Алланын алдында отпарастардан айрымасы жок» деп айткан.

Зекет менен үшүр бербегендер периштелердин, Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) каргышына калат жана алардын күбѳлүктѳрү кабыл алынбайт.

Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) сѳзүн андан ары мындайча улантат: «Зекет менен үшүр берип жүргѳндѳр кандай гана бактылуу! Берген зекетинен улам кабыр жана Кыямат күнүнүн азабына кабылгандар кандай бактылуу! Анткени, мал-мүлкүнүн зекетин бергендерге Алла Таала кабыр азабын тарттырбайт. Кыямат күнү алардын денелерин тозок отуна арам кылат. Аларды сураксыз бейишке киргизээри да анык. Андай пенделер Кыяматтагы кан ката турган учурда да суусашпайт».

Жүрөктөрдүн ачкычы китебинен