Зекет деген эмне?
14.05.2019

Зекет деген эмне?

Араб тилинде «зекет» деген сөздүн сөздүктөгү мааниси – “тазалык, көбөйүү, өсүү”, шарияттагы мааниси -  бул колунда бардар адамдын өзүнүн мүлкүнөн Алла Таала белгилеген кырктан бир бөлүк өлчөмүн кедей жана колунда жок адамдарга, бөлүнгөн мүлк ошол адамдардын менчигине өтүү жана эч кандай кайра кайтаруусуз шарты менен таратуу.

Суроо: Зекет берүү парз болуп эсептелеби?

Жооп: Ооба, анткени, зекет бул Алла Таала буйрук кылган парз ибадат. Мындайча айтканда зекет - намаз, орозо жана ажылык сыяктуу эле парз болуп эсептелет. Зекет бул Исламдын беш түркүгүнүн бири. Намаз менен зекеттин ортосундагы айырма бул эгерде намаз дене ибадаты болсо, ал эми зекет пенденин малы менен кылынган ибадаты. Алла Таала Куранда зекетти берүүгө буюрган:

"وأقيموا الصلوة وءاتوا الزكوة"

“Намазга тургула жана зекетти бергиле...”

Суроо: Зекетти кимдер берүү керек?

Жооп: Зекет ар бир эс-акылы дурус, балагатка жеткен, байлыгы зекет берүү өлчөмүнө жеткен мусулманга парз болуп эсептелет.

Суроо: Зекет берүүнүн өлчөмү канча?

Жооп: Зекеттин өлчөмү, зекет берилүүчү мүлктүн наркынын эки жарым пайызын же кырктан бир бөлүгүн түзөт. Мындайча айтканда байлыкка ээ болгон мусулман адам, байлыгынын кырктан бир бөлүгүн колунда жок жана кедей адамдарга таратып берүү керек.

Суроо: Нисаб деген эмне?

Жооп: Нисаб –  бул мүлктүн шарият тарабынан белгиленген өлчөмү. Мүлктүн өлчөмү ушул белгиленген чекке жеткенде зекет берүү парз болот. Нисаб акча бирдиги жана товар менен жана ошондой эле алтын жана күмүш менен да өлчөнөт. Нисабдын өлчөмү шариятта – 612 грамм 350 миллиграмм күмүш же 87 грамм 479 миллиграмм алтын. Эгерде кимдин 612 грамм 350 миллиграмм күмүшү же 87 грамм 479 миллиграмм алтыны же 612 грамм 350 миллиграмм күмүштүн баасынчалык мүлкү болсо, анда, ал адам зекет берүүгө милдеттүү.

Суроо: Зекетти качан берүү керек?

Жооп: Кимдир бирөө нисабга ээ болуп жана ошол убакыттан баштап ай календары боюнча ортодон бир жыл өтсө, ага зекет берүү парз болот. Бул жыл “зекет жылы” деп аталат.

Суроо: Кайсы мүлктөн зекет берилет?

Жооп: Зекет бериле турган мүлк беш катмарга бөлүнөт:

1) алтын, күмүш, бардык акча бирдиги жана товар болуп эсептелген бардык мүлктөр;

2) төөлөр;

3) уйлар;

4) койлор;

5) жердин түшүмү;

Суроо: Товар зекет бериле турган мүлккө киреби?

Жооп: Ооба, товар зекет бериле турган мүлккө кирет. Эгерде товардын баасы нисабка тең же андан ашык болсо, анда, бул учурда товардын зекетин берүү керек.

Суроо: Товар кайсы баа менен эсептелет?

Жооп: Товар базар баасы менен эсептелет, мындайча айтканда, өздүк наркы менен эмес, базар баасы менен эсептөө керек.

Суроо: Нисабдын канча түрү бар?

Жооп: Нисабдын эки түрү бар:

1) Нисаб нами – бул нисаб шариятта өсүүчү болуп эсептелет. Нисабдын бул түрүнө ээ болгон адамга зекет берүү парз. Бул нисаб өзүнө жогоруда айтылып кеткен зекет берилүүчү мүлктү камтыйт.

2) Нисаб гойр нами – бул нисаб өзүнө “хажат аслияга” кирбеген бардык буюмдарды камтыйт. Нисаб гойрияга ээ болгон адамга зекет берүү парз эмес, бирок, анын зекет алууга акысы жок.

Суроо: “Хажат аслия” деген эмне?

Жооп: Хажат аслия деген бул жашоого эң зарыл болгон, ансыз жашоо өтпөй турган, мисалы, турак-жай, кийим, күнүмдүк жашоого керектелүүчү акча же ансыз жашоо өтсө да, бирок, жашоо өтө оор боло турган, мисалы: үй эмеректери, унаа, кол өнөрчүгө керектелүүчү аспаптар ж.б. Ислам окумуштуулары хажат аслияга мобилдик телефон, кир жуучу машина, палас, килем, муздаткыч, диван, керебет, эмерек жана ушул сыяктууларды киргизишкен. Бул аталгандардын бардыгы хажат аслияга кирет.

Суроо: Өздүк буюмдардан зекет берилеби?

Жооп: Товарга кирбеген өздүк буюмдар: үйлөр, квартиралар, машинелер, дачалар, жерлер, оргтехникалар, адистик буюмдар жана аспаптар – булардан зекет берилбейт. Ошондой эле асыл таштардан алтын жана күмүштөн башкасына да зекет берилбейт.

Суроо: Кыймылсыз мүлктөрдөн, мисалы: үй, квартира, жер, магазин, заводдун имараты сыяктуулардан зекет берилеби?

Жооп: Жогоруда айтылып кеткендей, кыймылсыз мүлктөрдөн зекет берүү парз эмес.

Суроо: Эгерде кимдир бирөөнүн эки үйү болсо, биринде өзү жашаса, экинчисин ижарага берсе, экинчи үйдүн наркынан зекет берүү зарылбы?

Жооп:  Экинчи үйдүн наркынан зекет берүүнүн кереги жок. Бирок, эгерде ижара акысынын суммасы нисабга жетсе же аны зекет берилүүчү мүлккө кошкондо суммасы нисабга жетсе же ашса, анда, ижара акысынан да бөлөк мүлктөр менен катары эле зекет берилет. Бирок, экинчи үй, өзү жашабаган үчүн хажат аслияга кирбегендиктен, ал адамга битир садагасын берүү керек.

Суроо: Карыздар адам зекет төлөөгө милдеттүүбү?

Жооп: Карыздар адам, зекет бере турган мезгилде, карыздын өлчөмүн зекет берилүүчү мүлктүн наркынан чыгарып салуу керек, эгерде калган сумма нисабга жетсе же ашса, анда, зекет берүүгө милдеттүү, ал эми калган сумма нисабга жетпесе, анда, ага зекет берүү парз эмес.

Суроо: Карыз хажат аслияга киреби?

Жооп: Ооба, карыз хажат аслияга кирет, ошондуктан, аны зекет бериле турган мүлктөн чыгарып салышат.

Суроо: Адам сатуу максатында кыймылсыз мүлк сатып алган болсо, андан зекет берилеби?

Жооп: Эгерде, кыймылсыз мүлк сатуу максатында алынган болсо, андан зекет берүү милдеттүү болот, анткени, сатуу максатында алынган мүлк товар болуп эсептелет, ал эми товар нисаб намиге кирет. Бул абал кыймылдуу мүлктөргө да тиешелүү. Мындайча айтканда, сатуу максатында алынган бардык мүлктөн зекет берилет.

Суроо: Товардын зекети кантип берилет?

Жооп: Зекетти акчалай берсе да, товардын өзү менен берсе да болот. Бирок, акчалай берген жакшыраак.

Суроо: Бир адам нисабга ээ болсо, бирок, зекет берээр учурда бардык болгон акчасын колунда жокторго таратып берген болсо, бере турган зекети анын мойнуна карыз болуп калбайбы?

Жооп: Зекет берүү милдетинен кутулат, анткени, ал бардык акчасын муктаждарга кайыр садага кылып берип койду.

Суроо: Эгерде бир адам ага зекет берүү парз болгондон кийин банкрот болуп калса, ал зекет берүүгө милдеттүүбү?

Жооп: Эгерде адам толук банкрот болуп, эч кандай мүлкү калбай калса, анда, ага зекет берүү парз болбойт, бирок, акчасынын кандайдыр бир бөлүгү калса жана ал нисабга жетсе, анда, зекет берет, ал эми нисабга жетпесе, бербейт. Ал эми адам акчасын атайын бирөөгө берип же эч кандай пайдасыз коромжу кылып койгон болсо, анда, зекет берүү анын мойнуна карыз болуп калат.

Даярдаган: КМДБнын аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев.