Жакшы кошуна
20.08.2019

Жакшы кошуна

Абдулла момун, такыбаа, Алланы жана Анын Элчисин сүйгөн, ибадатка бекем адам эле.

Ар дайым колунда жок, кембагалдарга жардам берип, алардын жүзүнө кубаныч киргизет эле. Кошуналары менен да жакшы мамиле кылчу. Анын Акмад аттуу кедей кошунасы бар болчу. Күндөрдүн биринде Акмад чоң көлөмдөгү акчага муктаж болуп, үйүн сатууга мажбур болду. Үйүн сатууну жарыялаган кезде, үй сатып алууну каалаган адамдар келип;

- Биз үй сатып алалы дегенбиз, үйүңдүн баасы канча? - деп сурашат. Акмад абдан кымбат бааны айтат. Аны уккандар мындай дешет;

- Сенин үйүң анча акчага татыктуу эмес, абдан эски, урап түшөйүн деп калган кичинекей үйүңдү ошончо кымбат баага саткандан уялбайсыңбы? Ал акчанын жарымына да татыбайт. Акмад эч тайманбастан айтты:

- Туура  айтасыңар, үйүм бул айткан баага татыбайт, бирок, туугандар менин Абдулла деген кошунам бар. Кайрымдуу, берешен адам. Кошуналарынын абалынан дайыма кабар алып турат. Оорусам кабар алат, тамак бышырса мага да алып келет. Тамак-аш кылсам анын буюмдарын алып, пайдаланам. Кубансам кубанычымды, капалансам капамды тең бөлүшөт. Канча жылдан бери чогуу жашасам да, андан бир жаман сөз уккан жокмун. Мен үйүмдү эч качан сатмак эмесмин, ушундай кошунаны таштап, башка жакка кетмек эмесмин. Аргасыздан ушул ишке барып жатам. Эми өзүңөр деле айткылачы? Менин үйүм ушул баага татыйт бекен же татыбайт бекен? Абдулла кошунасынын айткан сөздөрүн угуп, анын абалынан кабарсыздыгын билип, абдан капаланды. Бир маалда Акмаддын жанына келип;

- Сенден суранам, үйүңдү сатпай эле койчу. Канча акча керек болсо өзүм эле берейин, сен мага эле кошуна болчу. Сендей кошунам бар үчүн мен бактылуумун - деп ага акча сунат.

Ал экөөнүн окуясын уккан шаар эли ушундай кошуна менде да болсо деп, алардын мамилесине суктанышат.

Автору: Талас казыятынын басма сөз катчысы Нуржан Мамазалиев