Жакшы тарбиянын жемиши
10.08.2019

Жакшы тарбиянын жемиши

Бир аял күйөөсү менен бир канча жыл жашап, балалуу болбой ажырашып кетиптир. Күйөөдөн ажырагандан кийин тим олтура албай эшик алдына бир түп терек тигет. Аны сугарып, түбүн жумшартып, курт-кумурскадан сактап, баласындай бапестеп багат. Ар тарабынан өнүп чыккан бутактарын кесип таштап: "Балам сага мындай жаман кылыктар жарашпайт" - деп күлүп койчу. Күндөр өтүп терек асман тиреп чоңоё берет. Ошол заманда бир падыша өзүнө аксарай салдыра баштайт. Кабат-кабат салынган сарайдын эң жогорку түндүгүн көтөрүп тура турган узун жыгач эч жерден табылбайт. Падыша бүт аймактарга чабарман жиберет, алар андай узун жыгач таба албай кайра келишет. Бир күнү падышага бир аялдын короосунда узун теректин бар экендиги тууралуу кабар келет. Падыша дароо ага адамдарын жөнөтөт. Алар аялга келип:

- Бизге бул даракты сат, - деп, суранышат. Бирок, аял:

- Кечиресиздер, бул дарак эмес, бул менин балам, кайсы эне өз баласын акчага сатсын" - деп, бербей коёт. Алар падышага болгон окуяны айтып келишет. Анан аялга падыша өзү барат да:

- Оо, мээримдүү эне, ар бир аял баласын бир керекке жарасын деп тарбиялайт. Уулуңузду падышага кызмат кылсын деп сурануу үчүн өзүм келдим, - дейт. Аял макул болуп даракты кестирет, анан падышага карап:

- Эгер сиз уруксат берсеңиз, мен каалаган убагымда барып уулумду көрүп турсам, - деп, суранат. Падыша макул болот. Бир күнү аял аксарайга келет. Аксарайга кирер замат өзү өстүргөн устунду жазбай тааныйт. Анан анын жанына келип колу менен сылап, бир нерселерди айта баштайт. Аны көргөн падыша акырын жакындап келип тыңшаса, аял устунга карап минтип жатыптыр:

- Мына көрдүңбү балам, мен сага жакшы тарбия бердим, сен эми падышанын аксарайында кызмат кылып турасың. Эгер мен сени жаман тарбия кылганымда, сен эчак эле наабайчынын тандырында күйүп күлгө айланмаксың.

Абдишүкүр ажы Нарматов