Жакшылык жерде калбайт
22.07.2019

Жакшылык жерде калбайт

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өз осуятында: "Кимде-ким бир мусулмандын муктаждыгын чечип берсе, Алла Таала Кыяматта анын муктаждыгын чечип берет" - деген. Бул хадис ар бир мусулман баласынын көңүлүнөн орун алууга тийиш. Анткени, Кыямат күнү баардык адамдар бир нерсеге муктаж болушат. Бул - Алла Тааланын ырайымы. Бул күндө биз Алланын ырайымы менен гана бейишке кире алабыз. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Бейишке эч ким жасаган ибадаты менен кире албайт" - деп айтканда, жанындагылардын бири: "Сиз да кире албайсызбы?" - деп сурайт. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Ооба. Бирок, Алланын ырайымы менен гана кире алабыз" - деп жооп берген. Демек, Кыяматта ар бир адам Алланын ырайымына муктаж болуп турган учурда, Алла анын муктаждыгын чечип берүүсүн ким каалабасын? Муну баарыбыз эле каалайбыз. Бирок, ага татыктуу иш кылууга кээ бир эле адамдар аракет кылбаса, көпчүлүк дагы эле кайдыгер мамиле кылууда. Мына ушундай мусулмандарга жакшылык кылууну өзүнө милдет кылган атуулдардын бири "Ош Пирим" ААКнын директору Пиримов Бердибай. Бердибайдын кылган иштерин жана жакшылыктарын айтуудан алдын, ал иштетип жаткан көмүр кени тууралуу учкай айта кетели. Сары-Могол айылы мал чарбасын өнүктүрүү программасынын негизинде Тажикстандын Мургаб районуна ижарага берилген болчу. Ошол мөөнөт бүтүп айыл кайрадан Алай районуна өткөрүлүп берилген мезгил союздун тараган учуруна туш келип, адамдар жашоо-турмуштан кыйналып, башка жактарга көчүп кете башташкан. Алардын негизи көйгөйү - отун маселеси болгон. Анткени, Сары-Могол айылы жайгашкан аймак - Кыргызстандагы эң суук жана кыштын узундугу сегиз айга созулган жалгыз аймак. Мындай жерде отун-көмүрсүз жашоо мүмкүн эмес эле. Ошол мезгилдерде айылдын күңгөйүндө жайгашкан жайлоолордо суурдун ийнинен кара топурактын чыкканын жана кээ бир суурлардын түсү да кара экендигин көргөн жергиликтүү малчылар ошол жерлерде көмүр кенинин бар экендигин болжошкон. Кийинчерээк адамдар ар кайсы жерлерди өз алдынча казып, жер алдынан көмүр казып ала башташкан. Мына ушул мезгилде бул жердин көмүр казуу ишин толук мыйзамдаштырып, көмүр кенине айландырган ушул Бердибай болду. Ал өзүнүн иш билгилигинин натыйжасында, аз убакыттын ичинде көмүр кенин бутуна тургузуп, бир гана Кыргызстан эмес, коңшулаш Тажик республикасынын Жерге- Тал жана Мургаб райондоруна да көмүр ташып жеткирүү ишин колго алды. Учурда, бул кен толук кандуу иштеп, Ош облусунун көптөгөн райондорун көмүр менен камсыз кылууда. Бирок, менин айтайын дегеним Бердибайдын жеке адамдык сыпатына тиешелүү мусулмандык милдеттери тууралуу болмокчу. Ал көмүр кени казыла баштаган күндөн тартып эле айылдагы мечиттерге көмүр берип келе жатат. Мындан сырткары муктаждарга жана кол алдында иштеген кызматчыларга ар тараптуу жардамдарды көрсөтүп келет. Мусулманчылыктын бир парзы болгон ажы амалын аткарып келгенден бери, кээ бир ыймандуу адамдарды өз каражаты менен ажы амалын аткарып келүүгө жөнөтүүдө. Кыскасы, "Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң" деген сөздү эсине тутуп, өзүнүн ушундай даражага жетүүсүнө себеп болгон элди эсинен чыгарбай, алардын муктаждыгын чечип келүүдө. Мына ушундай жакшылыктарды эске алып, эл атынан Бердибайга ыраазылык билдирем. Анын мындан аркы ишине ийгилик каалоо менен бирге дагы ушундай кайрымдуулук иштерин жасай берүүсүнө тилектешмин. Жараткан Алла анын ар бир жакшылыгын он эсе кылып кайтарып, Кыяматта муктаждыгын чечип берсин.

Азиз Сейитбеков