Жашыл китеп
09.08.2020

Жашыл китеп

Кычыраган кыш канчалык өзүнүн мүнөзүн көрсөтпөсүн, жадырап жаз келди. Кечээ эле кыштын ызгаарында: “ичикий” үшүп кеттим деп жүргөн жаныбыз, мына минтип жаздын жылуу мамилесине ыраазы болуп олтурабыз. Күндүн жылуу тийген нуруна тез эле бак-дарактар бүрдөп, Бишкек шаары “Жашыл шаар” наамын кайрадан алгандай болуп калды. А мен болсо: “Илим алуу – ийне менен кудук казгандай” - деген макалдын маанисин аз да болсо түшүнүп, жон терим менен сезип, Кыргызстан Ислам Университетинде (КИУ) да окуп жүрөм. Туугандардын: “Койсоңчу, молдолуктан башка окуу калбай калыптырбы? Башка эле окууга тапшыр!” - дегенине карабай, илим нуруна бөлөнгөн КИУ га тапшыргам. Убакыт деген учкан куш, окуу менен алпурушуп жатып, биринчи курсту аяктаарга аз калганын байкабай калыпмын. Илимге болгон чанкоо – эгер илим бир чака суу болсо, бир көтөрүп ичип коё тургандай эле. Мына ушул чаңкоону басуунун аракетин көрүп, убагында сабакка келип, убагында үйгө кетип жүргөн күндөрдүн биринде, сабактан чыгып, Гоголь көчөсү менен түз Чүй проспектини карай кетип бара жатканмын. Алдымдан, мектепте окуп жүргөндө физика, химия, математика китептеринен көргөн окумуштуулардын сүрөтүндөгүдөй адамды кезиктирдим. Кийген кийийми, башындагы топусу, өтө узун эмес бир учтам сакалы, ийинге аскан китеп толо кыргыз оюмдары түшүрүлгөн сумкасы, ажайып бир көрүнүш. Тигиле караган бойдон өтүп кеттим. Бирок, ал адам эч жакка карабастан, жерди тиктеген бойдон жүрүшүн улантты. “Таалим-мутаалим” китебинде - аалым адамдын кийинүүсү, көчөдө өзүн алып жүрүүсү, көздү сактоосуу жана башка туурасында айтылган шарттарга бап келген адам экен. Бир нече күн өттү. Ал адамды “Гоголь” көчөсүнөн кайра кезиктирген жокмун. Эми кайрадан кезигет бекем? Ошондо эле бир ыңгайын таап, жолуксам болмок деп өзүмдү жемелеп жүрдүм. Бир күнү адаттагыдай эле сабактан чыгып, үйгө жөнөйүн деп турсам: “Жаңы устаз келиптир, фыкыхтан кошумча сабак берет экен” - деп балдар айтып калышты. Талап күчтүү болуп турганда, мындай сабакты өткөзүп жиберип болобу?! Шыр бурулуп, кайра университетке кирдим. “Мына бул аудиторияда” - деп бирөөсү үн катты. Уруксат сурап кирсем эле, баягы “Гоголь” көчөсүндө кезиктирген адам экен. Аудитория толо илимге суусаган окуучулар. Алардын катарын толуктап, орто ченинен орун алдым. Сабак башталды. Аудитория жымжырт. Ар бир сөзүн кунт коюп угуп жатабыз. Кудум эле китептин автору тирилип келип, өзү түшүндүрүп жаткандай элес калтырды. “Мына аалым, мына илим” - деп тамшанып сабагын уктук. Биринчи кезиктиргендеги ойлогондон он эсе жогору болуп чыкты. Сабактан кийин жолугуп, жакындан тааныша алган жокмун. Себеби, окуучулар үймөлөктөшүп курчап алышкан. Сыягы, жообун табалбай жүргөн суроолоруна жооп алып жаткан көрүнөт. Мына ушул күндөн баштап сабактарынан калбай катыша баштадым. Бир нече сабактардан кийин, устаз менен жакындан таанышып, шакиртине айландым. Барган сайын сабактар кызып, устаз бизге илим эшигин ача баштады. Мына ушундай эле жандуу сабактардын биринде, “Мухтар” аттуу китептин зекет бабын окуп жатканбыз. Устаз бизге карап: “Ким мусоддик менен муссоддиктин айрымасын айтып берсе, бул китепти берем” - деп, бир чоң жашыл китепти көрсөттү. Окуучуга китептен өткөн белек барбы? Китепти көргөндө, мээнин уктап жаткан клеткалары ойгонуп кетти көрүнөт. Жарышып жооп айта баштадык. Кандай болгон күндө да жообун таап, китепти алуу керек. Бирок эч бирибиз туура жоопко жакындай алган жокпуз. Канчалык жашыл китепке куштар болгонубуз менен, туура жоопту таппаган абалда сабак аяктады. Устаз бизге: “Ким туура жообун тапса келе берсин, кечке чейин ушул жерде болом” - деди. Жашыл китепти кылчак-кылчак караган бойдон эшикке чыктым. Убакыт аз, ким биринчи туура жоопту таап келсе, китепти алып кетет. "Кимден сурайм? Кайсы китепканага барам" - деп, ойлонуп туруп калдым. Башка устаздардан сурайын десем, жумуш убакыттары бутуп, кетип калышкан. Китепканага барайын десем, издеген нерсеңди таап алчу диний китепкана жок.
Антип-минтип оюмду жыйгыча дигер намазынын азаны айтылып калды. Оболу намаз окуп алайын, анан бир нерсе болоор деп, мечитке карай бастым. Мечиттен устаздардын бирин учуратып каламбы деп, эки жакты карап коём. Эч бири көрүнбөйт.

Намаз окуп, дуба кылып, кайра университет жакка келе жатсам, астымдан Абдулбасир устаз чыгып калды. Кудайдын бергени ушул дедим ичимден. Болгондо да сарф илиминен сабак берет. Мындай учурду коё берип болобу?! Саламдашып эле максатка өттүм. Абдулбасир устаз, мындай суроо бар...... деп, баштан аяк айтып берсем: "Мен бул суроонун жообун айтып койсом, сага эч пайда калбайт. Өзүң табууң керек. Ошондуктан, кайсы китептен табарынды айтайын. Өзүңөр окуп жаткан сарф китебинин тогузунчу бөлүмүнөн табасын" - деп шашылыш басып кетти. А мен болсо чуркаган бойдон университетке кирдим да, сумкамдагы сарфтан жазган дептерти барактап, издей баштадым. Биринчилерден болуп үлгүрөмбү же үлгүрбөй каламбы деп кыжалатмын. Айтор, ары-бери барактап олтуруп, жообун тапкандай болдум. Туура же туура эмес экенин билбесем да, барып айтып көрөйүн, балким туура болуп калаар деген бойдон шашылыш устазга бардым. Барсам, устаз китеп окуп отурган экен. Уруксат сурап кирип, суроонун жообун тапканымды айтсам: "Кана айтып көрчү" - деп, окуп жаткан китебин жапты. Тапкан жообумду мукактанып жатып айтып бердим. Устаз мага карап жылмайып: "Жообуң туура" - деди да, жашыл китепти колума карматты. Сүйүнгөн бойдон эшикке чыктым. Эми мындай сүйүнүчтү сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Мындай нерсени жөн гана сезүү керек. Бул менин илим жолундагы алгачкы сыйлыгым болду.

Бул кайсы устаз болду экен, - деп ойлонуп калдыңызбы?

Бул устаз - Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал Устаз Чубак ажы Жалилов.

Белек Турдалиев