Жетимдин урматына ажыга жетимиш жолу барды
09.07.2019

Жетимдин урматына ажыга жетимиш жолу барды

Абдулла бин Мубарак деген такыбаа пенде жашаган. Ал эки жылдын биринде ажылык милдетин өтөө үчүн Меккеге барат эле. Адаттагыдай ажылыкка баруу жылы келгенде камданып, үй-бүлөсү менен коштошуп жолго аттанат. Жол жүрүп олтуруп бир аялдын жерди казып өлүп калган тоокту чыгарып жатканын көрүп калат. Анын жанына келип: "Сага эмне болду, оо, Алланын кулу" - деп сурайт. Тиги аял болсо: "Жолуңду улай бер, оо, Алланын пендеси! Мени Жаратуучуга калтыр, чындыгында мага Алла Таала жетиштүү" - дейт. Анда, Абдулла бин Мубарак: "Аллага ант! Эмне болгондугун айтпасаң, бул жерден бир кадам да жылбаймын" - дейт. Аял: "Мен төрт баланын энесимин, балдарым болсо аябай жаш, алардын атасынын көз жумганына бир канча убакыт болду. Тамак-аш сурап бир нече эшиктерди каккылап көрдүм, бирок, бир да эшиктин артынан мээрим таппадым, эч ким тамак бербеди. Ошол себептен өлүп калган тоокту жегенге мажбур болуп жатабыз" - деп арызданат. Аялдын кыйын абалга кабылганын түшүнгөн Абдулла бин Мубарак ажылык өтөө үчүн топтогон акчасынын бардыгын аялга карматып: "Оо, Алла! Мен бул жылы ажылык амалдарын аткара албадым" - деп үйүнө кайтып кетет. Күндөр өтүп ажыга кеткен адамдардын бардыгы өз үйлөрүнө кайтып келишет. Абдулла бин Мубаракты да ажыдан келген адамдар ажылыгың кабыл болсун деп дуба кылып куттуктап башташат. Ал, адамдарга ажыга барбагандыгын айтат, бирок, алар: Биз сени Каабаны тооп кылып, айланып жүргөнүңдү көрдүк деп касам ичип айтышат. Абдулла бин Мубарак ошол түнү түш көрөт, түшүндө жүзүнөн нуру чачыраган, ак жүздүү киши келип: "Ассаламу алайкум, оо, Алланын кулу!, Мени тааныбадыңбы, мен бул дүйнөдөгү сүйүктүү пайгамбарың, акыреттеги шапаатчың, Алланын элчиси Мухаммедмин, сен кыйналып жаткан аялдын кыйынчылыгын жеңилдеткендигин үчүн, Алла Таала сенин да ооруңду жеңил кылып, түйшүктөрүңдү жок кылып койду. Ажылыкка баргандарга бир ажылыктын сообу берилди, а сага болсо, жетимиш ажылыктын сообу жазылды" - деп сүйүнчүлөйт.