Жыртык чака
31.05.2020

Жыртык чака

Кайсы бир заманда чоң дарыянын жанында бир жакыр адам жашаган экен. Ал бечара киши эки жагына эки чака илинген баканды көтөрүп алып, байдын үйүнө күн сайын суу ташычу. Бирок, бул кишинин бир чакасы жедеп эскирип, ар кайсы жери жыртылган чака болчу. Ошондуктан, суу жээгинен мелт-калт кылып толтура куюлган суусу байдын үйүнө жеткенде жарымына чейин азайып калаар эле. Ал эми бир чакасы болсо бүпбүтүн жаңы чака эле. Ага куюлган суу бир тамчысы да коромжу болбой жетээр жерине чейин жетчү.

Бул абал бир канча жыл бою ушинтип улана берди. Жарды адам жайдыр-кыштыр колуна эки чака көтөрүп байдын үйүнө суу ташып турду. Жыртык чака болсо качан болбосун кырбуусуна чейин куюлган сууну жол бою агызып жиберип, үйгө сууну жарымын араң алып келип турду. Акыры буга жыртык чака катуу басынып, арданчу болду. Анын үстүнө берки бүтүн чака дагы шылдыңдай берип анын айласын кетирди. "Мен өз ишимди таптак аткарам. Мага куюлган суу агып калмак тургай, кайра чогулат" - деп ал ого бетер мактанып болбой калчу. Байкуш жыртык чака анын жанында кыңк деп сөз кайтара алчу эмес. Башын шылкыйткан бойдон үн-сөзсүз туруп берээр эле. Ошентип жүрүп бир күнү ал күйүтүнө чыдабай ээсине кайрылды. Жарды адам суу алып жатканда жыртык чакага өзүнөн-өзү тил бүтүп андан кечирим сурап:

- Оо улуу-урматтуу кожоюнум. Сен мени кечирип койчу суранам. Мен сенин алдыңда ушунчалык күнөөлүмүн, - деди.

- Эмнеге? Эмне болуп кетти? - деп сурады чаканын ээси.

- Ушунча жылдан бери ушул тешигимдин айынан суумду токтото албай агызып келдим. Ушул жөндөмсүздүүлүгүмдүн айынан мага куюлган суу байдын үйүнө жеткенче жарымы эле калып жатты. Кечирип койчу мени адам уулу.... - деди жыртык чака. 

Чаканын минтип жалбарып турганына ээсинин ичи жылыды. Ал чакасына элжирей карап турду да:

- Иий менин жароокер чакам. Сен менден кечирим сурагандан көрө, жол боюндагы гүлдөрдү бир сыйра карачы бүгүн, - деди. Ошентти да адатынча эки чакасына тең толтура суу куюп байдын үйүнө жөнөдү. Жыртык чака жолду катар кыркелекей өскөн түрдүү-түстүү гүлдөрдү көрүп бир аз жарпы жазылып калды. Бирок, качан байдын үйүнө жеткенде өзүнүн суусу дагы эле жартысынан калганын ойлоп кайра кайгыга батты. Айласы кетип, көз жашын төгүп жарды адамдан кайра кечирим сурады. Бул жолу чакасына кайрылып жарды адам:

- Менин жароокер чакам, өзүңдү көп эле антип кайгыга сала бербе. Андан көрө жолдун сен жак өйүзүндөгү жадырап-жайнап турган гүлдөр менен наркы өйүзгө такырайып турган жээкти кара. Мен сенин жыртык экениңди башынан эле билчүмүн. Бирок, мен сенин ошол сапатынды да жакшы ишке колдонгум келди. Натыйжада, жолдун сен тарабына ар кандай кооз гүлдөрдүн уругун сээп койгом. Мына эми ошол гүлдөр сенин жардамың менен күнүгө сугарылып, кулпуруп өсүп чыгышты. Сенин жардамың менен мен байдын көңүлүн алып, алкышына ээ болдум, - деген экен.

Эргүү икаялары китебинен