Зулхижжанын улуулугу
02.08.2019

Зулхижжанын улуулугу

Бин Аббас (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылат: "Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Алла үчүн бул күндөрдө жасалган иштер башка күндөрү жасалган иштерге караганда сүйүктүүрөөк" - деди. Сахабалар: "Алла жолундагы күрөштөн да сүйүктүүбү?" - деп сурашты. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Алла жолундагы күрөштөн да сүйүктүү. Бирок, мал-жаны менен Алла жолунда күрөшкө чыгып үйүнө кайтпай калган пенденин иши мындан сырткары" - деп жооп берди".

Бин Масуд (Алла андан ыраазы болсун) айтат: "Алла күндөрдөн төртөөнү, айлардан төртөөнү, аялдардан төртөөнү өзгөчө жаратты. Мындан сырткары төрт киши бейишке биринчи болуп көрүүчүлөрдүн алдыңкы катарында болушат. Дагы башка төрт кишини чыдамсыздык менен күтөт. Күндөрдүн биринчиси – Жума. Бул күндө бир учур бар, ким бул учурга туш келгенде Алладан дүнүйөлүк же акыретке тиешелүү бир нерсе тилесе, ал сөзсүз берилет. Экинчиси – Арапа күнү. Арапа күнү келгенде Алла периштелерине кайрылып: "Оо, периштелерим, Менин пенделеримди карагыла. Кыйынчылыктарды көтөрүп, колунда жокторду тойгузууда. Силер күбө болгула, Мен аларды кечирдим" - дейт. Үчүнчүсү – Курман айттын биринчи күнү. Бирөө Алла үчүн курмандык чалса анын канынын алгачкы тамчысы күнөөлөрүнүн кечирилүүсүнө себеп болот. Өзгөчө күндөрдүн төртүнчүсү – битир садага берилип, муктаж жана жардылар кубандырылган күн. Момундар Рамазан орозосун тутуп, майрамга жетсе Алла периштелерине кайрылып: "Ар кандай жумушчу кылган иши үчүн акы алат. Пенделерим парз кылынган бир айлык орозону тутушту. Эртең майрамдашат, акыларын берүүбүз керек. Оо, периштелер, силер күбө болгула, Мен аларды кечирдим" - дейт. Ошондо бирөө: "Оо, Мухаммеддин үммөтү, көңүл бургула! Жаман иштериңер, жакшы иштерге алмашылат!" - деп жар салат.

Өзгөчө айлар: Ражаб, Зулкада, Зулхижжа жана Мухарам. Өзгөчө аялдар: Имран кызы Мариям, Хувайлид кызы Хадича, Мазахим кызы Асия, Мухаммед кызы Фатима.

Бейишке көрүүчүлөрдүн алдыңкы сабындагылар: Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун), Салман Фариси, Сухайб (Алла андан ыраазы болсун) жана азирети Билал (Алла андан ыраазы болсун).

Бейиш каалап күткөн кишилер: Азирети Али (Алла андан ыраазы болсун), Салман Фариси, Аммар бин Ясир, Микдад бин Асвад.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай дейт: "Ким Арапа күнүнөн бир күн мурда орозо тутса, Алла ага Аюб пайгамбардын (Алланын саламы болсун) балээлерге сабыр кылганы үчүн берилгендей сооп берет".

"Ким Арапа күнү орозо болсо, Алла ага Иса пайгамбарга (Алланын саламы болсун) бергендей сооп берет".

"Арапа күнү Алла жер жүзүнө Өз мээримин төгөт. Бул күнү абдан көп пенделеринин күнөөлөрүн кечирет. Ким Арапа күнү Алладан дүнүйөлүк же акыретке тиешелүү муктаждыгын сураса, Алла анын сураганын берет". (Муслим, 1162).

Жүрөктөрдүн ачкычы китебинен