Зына
25.03.2020

Зына

Курани Каримде мындай деп айтылат: «Алар уяттуу жерлерин коргошот». (Муминун сүрөөсү: 5-аят)

«Зынанын ашкересине да, кѳмүскѳсүнѳ да жакындабагыла!». (Анаам сүрөөсү: 151-аят)

Бул жерде зынанын түрлѳрү - ѳбүшүү, кармалоо жана тиктешүү тууралуу да айтылып жатат.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Колдор, буттар, кѳздѳр да зына кылышат» деген.

Алла Таала мындай дейт: «Оо, Мухаммед! Момундарга айткын: «Ар кайсы аялдарды карай берүүдѳн кѳздѳрүн сакташсын жана уяттуу жерлерин коргосун. Бул – алардын ѳздѳрү үчүн абдан жакшы. Чындыгында, Алла эмне жасагандарынан кабардар! Момун аялдарга айт: «Ар кайсы эркекти кароодон кѳздѳрүн сакташсын жана уяттуу жерлерин коргосун. Сулуулуктарын кѳрсѳтпѳсүн, кѳрүнүп тургандан башкасын. Жолуктарын кѳкүрѳгүнѳ чейин жаба салынышсын. Сулуулугун кѳрсѳтүшпѳсүн. Бирок, ѳз күйѳѳсүнѳ, аталарына, кайын аталарына, ѳз уулдарына, ѳгѳй уулдарына, бир тууган ага-инилерине, алардын уулдарына, эже-сиңдилеринин уулдарына, мусулман аялдарга, кол алдындагы күңдѳргѳ, аялга кумардануусу болбогон кызматкерлерге же болбосо аялдардын уяттуу жерлерин билбеген наристелерге кѳрсѳтсѳ болот. Анан да, кѳмүскѳ кооздуктарын башкаларга кѳрсѳтүү үчүн буттарын жерге катуу уруп жүрүшпѳсүн. Оо, момундар! Кутулууңар үчүн баарыңар Аллага гана тобо кылгыла!». (Нур сүрөөсү: 30-31-аяттар)

Алла Таала эркектерди да, аялдарды да арамга кароодон тыйган. Улуу Жараткан бир топ аяттар менен зынаны арам кылган:

«Зына кылгандар оор азапка тартылышат». (Фуркан сүрөөсү: 68-аят)

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай дейт: «Зынадан сактангыла. Анткени, анын бул дүйнѳдѳ үч, акыретте үч болуп, жалпысынан алты апаты бар.

Бул дүйнѳдѳгүлѳрү:

1. Ырыскыны кемитет;

2. Θмүрдү кыскартат;

3. Адамды жер кылат;

Акыреттеги апаттары тѳмѳнкүлѳр:

1. Алла Тааланын азабына себеп болот;

2. Катуу суракка кабылат;

3. Тозокко жол ачат».

Рабаят боюнча Муса пайгамбар (Алланын саламы болсун) Алла Тааладан:

«Оо, Жараткан Эгем! Зынакорго кандай жаза бересиң?» - деп сурайт.

Алла Таала: «Оо, Муса, ага чоң тоонун үстүнѳ ыргытылса ошол тоону бүт бойдон күлгѳ айлантып коё тургандай оттуу кийим кийгизем» - дейт.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, жаман жолго түшкѳн бир аял шайтан үчүн миң күнѳѳкѳр эркектен дагы сүйүктүүрѳөк.

«Масабих» аттуу китепте Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Пенде зына кылганда ыйманы жүрѳгүнѳн чыгып, кѳлѳкѳ сымал тѳбѳсүндѳ асылып турат да, зына иши бүткѳндѳн кийин пенденин жүрѳгүнѳ кайтып келет» деген сѳзү жазылган.

«Китабул-икнада» деген китепте Пайгамбарыбыздын (Алланыны тынчтыгы жана саламы болсун): «Алланын алдында эркек никеси жок аялдын жатынына уругун агызуудан өткөн чоң күнөө жок» деген сѳзү бар.

Эркек менен эркектин жыныстык катнашы болсо зынадан да ѳтѳ чоң күнѳѳ. Анас бин Маликтен рабаят болгон бир хадисте Пагамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Эркек менен жынысытык катнашта болгон эркек бейиштин жытын да жыттабайт. Ал эми бейиштин жыты беш жүз жылдык аралыктан сезилет» деген.

Υй-бүлѳлүү аялды кумарлана ѳпкѳн киши жетимиш кыз менен зына кылгандай болот.

Калбий, «Равнакут-тафсир» аттуу китепте мындай деп жазат: «Алгачкы жолу эркек менен эркектин жыныстык катнашын Лут коомуна Ибилис үйрѳткѳн. Аларга сүйкүмдүү жигит катары кѳрүнүп, эркектерди жыныстык катнашка чакырды. Бул азгырык менен кээ бир эркектер ага жакындык кылды. Ошонтип, эркектин эркекке жакындыгы ыпылас адатка айланды жана жат эркек кѳргѳн сайын ага жакындоого аракет кыла башташты.

Ошондо, Алла Таала аларды бул бузукулуктан кайтууга жана буттарга сыйынуудан баш тартып Алла Таалага кулчулук кылууга чакыруу үчүн Лутту (Алланын саламы болсун) пайгамбар кылып жиберди.

Лут (Алланын саламы болсун) аларды бул иштен тыйып, Алла Таалага ибадат кылууга чакырды. Бузуку иштерин уланта берсе Алланын азабы келээрин айтып эскертсе да, анын эли бул чакырыкты тоотпой, « Эгер айтканың чын болсо бизге Алланын азабын алып кел» дешти.

Башка чара калбаганына кѳзү жеткен Лут пайгамбар (Алланын саламы болсун) Алла Таалага дуба кылып, «Оо, Жараткан Эгем, бул бузукуларды жеңип чыгууну насип кыл» деп жалбарды.

Алла Таала алардын башына таш жадырууну кѳккѳ буйруду. Ар бир ташта анын кимге тиери жазылуу эле. Аятта ошол жааган таштар тууралуу баяндаганда «Алланын алдында белги коюлган» деген сѳздүн колдонулуусу бул чындыктын далили. Б.а., таштардын ар биринде Алла Тааланын ѳзгѳчѳ белгилери бар эле.

Айтууларга караганда Луттун (Алланын саламы болсун) коомунан бир соодагер киши ошол учурда Меккеде, Каабанын ичинде соода-сатык менен алектенип жүргѳн. Кѳктѳн түшкѳн бир таш келип ошол соодагерге тиерде периштелер «Келген жериңе кайтып кет, бул киши азыр Алла Тааланын коргоосунда» дешти. Ошол таш Каабанын сыртында, асман менен жердин ортосунда кырк күн абада калкып турду да, ал соодагер Каабадан чыгаары менен башына тийип, аны жок кылды.

Лут (Алланын саламы болсун) коому апатка кабыла турганын билери менен аялын жана ѳзүнѳ ыйман келтирген кишилерди жыйнап шаардан чыкты. Ал ѳзүн ээрчип келе жаткандарды артын карабай жүрүүсүн эскертти. Аялы гана бул буйрукка биш ийбей, шаардын апатка кабылуусун угаары менен «Оо, элим!» деп артын караганда бир таш келип башына тийип, жан таслим болду.

Мужахид (Алланын ырайымы болсун) айтат: «Ошол күнү эртең менен Жебирейил периште (Алланын саламы болсун) бул адашкандардын ѳлкѳсүнѳ келип, ал аймакты жашаган эли менен кошо канаты менен сузуп алып, кѳккѳ кѳтѳрүп чыгып кетти. Анан кайра аларды жерге таштап таш-талканын чыгарды.

Алардын башына келген балээ эч бир калкка келген эмес. Алла Таала оболу алардын кѳздѳрүн сокур кылып, анан ѳлкѳсүн жер менен жексен кылып салды. Бул жерде Содом баш болгон беш шаар бар эле. Курани Каримде «Бараа» сүрөѳсүндѳ баяндалган апатка кабылган жерлер ушулар эле. Ал учурларда бул аймакта 4 миллиондой адам жашаганы айтылат.

Жүрѳктѳрдүн ачкычы китебинен