Зыяны тийип калуусу мүмкүн болгон маселе тууралуу башкаларды кабардар кылуу
31.07.2019

Зыяны тийип калуусу мүмкүн болгон маселе тууралуу башкаларды кабардар кылуу

Устат Бадиуззаман: "Эки адам чогуу иштей турган болуп, бирөөсү беркиси тууралуу "Бул адам менен иштешсе болобу?" деген кеңеш сураса, сиз да эч кандай арам оюңуз жок, жөн гана кеңеш берүү үчүн: "Аны менен иштешпей эле кой. Зыяны тийип калбасын", – дегендей сөздөрдү айтсаңыз бул гыйбат болбойт. Себеби, сиз өзүңүз билген, же байкап калган жамандыктардан башка бирөөлөрдү сактап калуу максатын көздөп жатасыз. Чынында, момун-мусулман акыбети жаман, зыяндуу боло турган жагдайлардан оолак болуусун боордошуна эскертип коюусу зарыл.

Ак ниет, түз жүргөн адамга бузукулук кылган, айланасындагыларды зыянга учуратып, терс таасирин тийгизген адам менен дос болбой же аны менен бирге жүрбөй эле коюусун айтып, эскертип коюу гыйбат болбойт. Себеби, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): "Адам досунун дининде болот. Ошондуктан, ар бириң ким менен достошо турганын кылдат карасын!" – деп айткан. (Абу Дауд)

Бир мисал бере кетсек: Кардар ала турган буюмдун кандайдыр бир кемчиликтери бар экенин билсек, аларды ачык айтуубуз керек. Буюмдун кемчилигин билип туруп айтпай коюу – боордошуна кыянаттык кылуу дегендик. Айтмакчы, ал буюмдун кемчилиги тууралуу айтып жатканда напсинин азгырыгы менен таптакыр башка нерселер тууралуу же башка бирөөлөр тууралуу жаман сөздөрдү айтпоо, ичи тардык кылбоо зарыл.

Ошондой эле жакында турмуш кура турган адам өзү жактырып калган же кызыгып жүргөн кызды же жигитти сураштырып калса толугу менен бейтарап пикирибизди айтуубуз керек. Башкача айтканда, ал адамга жан тартып, аны асманга чыгара мактабай же көрө албастык кылып баштан-аяк жамандабай, жөн гана өзүбүз билген сапаттарын айтуубуз керек. Ал адам тууралуу терс пикир айта турган болсок, айтканыбыз жаңылыш болуусу мүмкүн экенин да эскертип коюубуз зарыл. Ошентсе да пикир сураган адам такып туруп алса, өзүбүз даана билгендерибизди так айтып берүүбүз керек. Ошону айткан кезде да тигил адамдын ар бир кемчилигин ирети менен санап олтурбай, кемчиликтерин жалпылаштырып билдирүүгө аракет кылуубуз зарыл.

Фатима бинту Кайс (Алла андан ыраазы болсун) аттуу сахаба аял Сүйүктүү Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) келип, өзүнүн колун сураган эки адам тууралуу билгиси келди. Жуучу жиберген жигиттин бирөө Муавия, экинчиси Абул Жахм деген адам эле. Алланын Элчиси (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) биринчи жигит тууралуу жакыр, экинчиси жөнүндө кызыл камчы деп айтып, Фатима бинту Кайска (Алла андан ыраазы болсун) Усама ибн Зайдды (Алла андан ыраазы болсун) сунуш кылат.

Бул жерде да жаңыдан турмуш курууну каалап, кимдир бирөөлөрдү сураштырган кезде, аларга эч кандай арам ою жок туруп, кандайдыр бир кемчилигин айтуу гыйбатка кирбей турганы таасын көрүнүп турат.

Ардактуу Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Муавияны "Колунда жок жакыр" деп айтканы, бул кедей-кембагалдар менен үйлөнбөгүлө, турмуш курбагыла дегендикке жатпайт. Бул сөз аялынын бардык муктаждыгын камсыздоо милдетин алган күйөөнүн жакырлыгы бүтүндөй үй-бүлөнүн бакубат өмүр сүрүүсүндө зор маани ойнорун билдирүү максатында айтылган десек жаңылышпайбыз.

Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Абу Жазмдын аялдарды көп ура турганын айтып, Фатиманы (Алла андан ыраазы болсун) баш тарттыруусу да кунт коюп, көңүл бура турган жагдай болуп эсептелет.

Жогорудагы эки адамды сыпаттоо аларды жамандоо үчүн эмес, турмуш кура тургандар үчүн кеңеш катары айтылгандыктан, гыйбатка кирбейт.

Ошондой эле, сотко чакырылган адамдар да соттук жараянга байланыштуу болгонун болгондой айтуусу керек. Себеби, акыйкат баарынан жогору турат. Ошондуктан, андай учурларда башка бирөөлөрдү кемсинтпей же шылдыңдабай же тиешелүү айыбын жашырбай ачык-айкын айтуу гыйбатка кирбейт.

Тилдин балээси Ушак китебинен