Уялчаактыктын дубасы барбы, устаз? Нази

Уялчаактык жакшы сапат, берекем! Пайгамбарыбыз алайхис салам көшөгөдөгү кыздан дагы уялчаак болгон. Бирок, бул нерсе илимден, акыйкатты айтуудан тоспош керек.

Мен мүнөзүмдү кантип оңдосом болот? Аябай кополмун, апама да катуу сүйлөп алам.

 Дуба кыл! Дааватка чык. Абдышукур ажынын маселелерин көп уксаң, ордуңа келесиң.

Жездем кичине эле туура эмес иш болсо, тескери дуба кылат. Бул кылганы туурабы?

 Анын дубасы эле жапырт кабыл болуп жатыптыр деп ким айтыптыр? Дубанын кабыл болуусунун шарттары бар. Чын ниеттен чыккан, ордун тапкан дуба кабыл болот. Дуба кылуу менен зулумдук ишке ашпайт.

Азыркы кыргыз жаштарына кандай насаат берет элеңиз? Биз жаштар эмнеден аксап жатабыз?

Китеп окууга маани берилбей калды. Ар нерсенин убагында болорун эске алып, аксакалдарды, улуу муундагыларды урматтаса жакшы болот. “Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” кебинин фалсафасына кулак салсак жакшы болмок.

Никеде турган жубайлардын эл көзүнчө өбүшүп жабышып алышы арамбы?

Никеси бар жубайлардын өбүшкөнүнө эч каршылыгыбыз жок. Каалаганча өбүшө берсин. Бирок өбүшкөндүн орду бар. Элди көзүнө илбей жабышып алганын арам деп айтсак да жараша берет. Адепти адепсизден үйрөн дейт. Никебиз бар, шариат уруксат берген дейт болушу мүмкүн кээ бир обу жоктору. Аларга "Никеңер бар экен, жылаңачтанып эле эл көзүнчө кошула бергиле", деп айтыш керек болот.

Эжем бир жылда төрт жолу операция болуп, ар кимден кан алып куюшкан. Ошондонбу кыялы ар түрдүү. Бир карасан таарынып жаткан, бир карасан урушуп аткан. Кыялын кантип оңдосок болот? 5 убак намазды деле үйрөттүм, бир жума окуп таштап койду.

Дуба кылыңыз. Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяар. Баланы төрөөрүн төрөйт экенбиз, бирок кыялын кошо төрөбөйт экенбиз деп үшкүрүптүр бир аял. Эжеңизге бул дубаны үйрөтүңүз: "Оо Кудайым! Дене мүчөмдү көркөм жаратканыңдай эле, кулк-мүнөзүмдү да көркөм кыла көр. Сен баарына кудуреттүүсүң!".

Мен дүкөндө иштейм. Бир күнү таспи кармап бир бала келди. Мен бутумду биринин үстүнө бирин коюп отурат элем. “Антип отурба, айтыш парз, айтпасаң карыз” дейт. Мунун динге кандай тиешеси бар?

Антип олтурган адепсиздик катары бааланат. Бой көтөргөндөй болуп..

Суннага амал кылайын деп сакал койсом, туугандарым паланча имамдын сакалы жок, сага эмне бар деп каршы болуп жатышат.

Паланча имамдын көрү башка. Чубак ажынын сакалы бар экен деп айт. Ошо киши сакалы жок имамга муфтий болгон деп айт. Пайгамбар сакал койгонун да айт. Ага да болбосо Ленин менен Карл Марксты кошуп айт.

Пир кармоо тууралуу айтып бересизби?

Пир кармоо дегени, жүрүш-туруш, адеп-ахлак маселелеринде устаз, тарбиячы кармоо деген маани. Фыкых илиминде, араб тили илиминде, акыйда илиминде устаз, мударрис кармоо дегендей эле кеп. Мектепке барганда деле биринчи күндөн акыркы күнгө чейин устаз (пир) кармап жүрөсүң го, ошондой түшүн.