Ислам банкы менен келишип, ипотекага үй алса болобу?

Ислам банкы жөнүндө фатва бере албаймын, садагасы. Ал жөнүндө ошол жерден каттоодон өткөн, шарият кеңешинде иштеген фатваны бере турган молдолору бар. Ошолордон сурасаң жок деп айтышпаса керек...

Бажыканага түшкөн товарларды адамдар арзандатып сатышат. Биз аны алсак шариятка туура келеби?

Туура келбейт. Анткени туура эмес, чалагайым жазылган мыйзамдардын натыйжасында көп адамдардын көз жашын төгүп, мажбурлап зордоп тартылып буюм-тайымдар. Башка бирөөнүн көз жашына бактыны куруп болбойт. Аны алган арам! Арам! Арам!

Кайнежем пайыздап акча берет. Ошол акчадан бизге карызга берет. Биз үчүн арам эмеспи?

Колуңардан  келсе  башкалардан  алгыла.  Жок  болсо,  алсаңар  бир  жөн.  Ар  кимдин  күнөөсү  өзүнө.    Бирөөнүн    күнөөсүн    башка  бирөө    көтөрбөйт

-Мен эже-сиңдилерим менен ар айда 1000 сомдон черная касса ойноп турам. Бул исламда арам дешет. Маалымат берип койсоңуз. 077394...

-Мунун келечеги адилетсиз болгондуктан тыюу салынган.

-Кредит жана пайызга акча берүү, алуу эмне себептен арам болоорун толук айтсаңыз.

-Алла Таала сооданы адал, сүткордукту арам кылды. Бир түрдүү нерселерди бири-бирине саткан учурда теңме-тең сатуу керек. Артыкча сатып пайда табуу арам. Мисалы, алтынды алтынга, буудайды буудайга, тарууну тарууга, акчаны акчага ж.б. сатканда кайсы биринен ашыкчалыкты талап кылса сүткордук болот.

Банктын акча которуу бөлүмүндө иштесе да күнөөбү?

 Акча которуу жаатында иштеген күнөө эмес. Пенсияны, айлыктарды берген жаатта иштеген да күнөө эмес. Кудай Таалам адал ырыскы насип этсин, омийиин!.

1 жыл мурун банкка 100 000 сом салган элем, кийин 114 000 сом кылып алдым. Ошонун 14000 сому адал эмес сага дешет. Чын эле адал эмеспи? Эгер адал болбосо, кандай жолго иштетейин?

 Ал сага арам экендиги чын. Аны жебе! Жалпы мусулмандардын тамактан башка жерине иштет. Мисалы жолго, же башка жерлерге...

Кредиттен түшкөн пайдадан бей-бечарага жардам берсе болобу жана жардам берүү менен бирге кредитке акча берүү мүмкүнбү?

Жардам адал оокаттан берилгенде сооп болот. Арам оокаттан берилгендин сообу болбойт.

Биздин үйүбүздө чакан дүкөнүбүз бар. Арак, тамеки сатылбайт. Аялым айтат “шарият боюнча мен дүкөндө соода кылганга болбойт” деп. Ушул туурабы? Мен болсо таксист болуп жана дүкөнгө товар ташып эч бошобойм.

Анын айтканы бир чети туура. Дүкөнгө бейтааныш эркектер келип аны-муну сүйлөөсү да мүмкүн. Ошондон айбыкса керек. Эгер аялдарга же жаш балдарга соода кылса эмне үчүн болбосун. Шариат баш оту менен эле аялдарга соода кылууну тыйбайт.

Ырчы же актриса болуу күөө дешет. Ошол чынбы?

Аялдардын өзүнө эле ырдап берүү эмне үчүн болбосун? А бирок жалпынын алдына чыгып, болушунча боёнуп алганды шариатыбыз жактырбайт.