Контейнерде 2 ай мурун бирөө бир нерсе таштап коюптур. Ким таштаганын билбейм. Сатып акчасын ошол кишинин атынан садака берейин десем болбойт дешти. Эмне кылсам болот?

Сактап  коё  бер.  Сактоо  кыйын  болуп  баратса,  же  бузулуп-эскирип  баратса  ошол нерсени медреселерге  алып  барып,  ошол  кишинин  атынан  садака кылып  берип  кой.  Бирок,  күндөрдүн  бир  күнүндө    ал киши  келип,  калтырган  нерсесин  талап  кылса  төлөп бергениңиз  макул  болот.  Соопко  каласыз. 

Жакшы көргөн адамым боору ооруп көз жумду. Өлөөрүн бир ай мурда өзү уккан экен. Жашоодон чарчадым деп ооруканага барбай ар кандай дарыларды ичип жүрдү. Арак ичпей дарыланса, дем салдырып, өзүн караганда өлбөйт беле деп катуу өкүнүп ыйлайм. Көз жумаардын алдында дарыгерлер «Эртерээк алып келсеңер беш жыл жашамак»,- дешиптир. Аракет кылып чуркасак аман калмак беле деп эзиле берчү болдум. Өзүмдү күнөөлөйм, же тагдырбы, же ажал жетет деген чынбы?

Тагдыр. Анын жашоосунда эмне болуусу жазылган болсо, ошол нерсе ишке ашты. Өзүңүздү кыйноонун кереги жок. Намаз окуп, Куран окуп сообун багыштасаңыз жакшы болот. Жакшы көргөнүңүздү далилдеңиз. Маркумдар сиздин өкүнгөнүңүзгө, ыйлагандыгыңызга муктаж эмес. Алар сооптуу амалдарга муктаж.

Түш жөнүндө Исламда эмнелер айтылат? Түшүңдө көптөн бери көрбөгөн адамдарды көрсө, эртеси эле ошолорду көрүп каласың. Түштү жоруган кандай болот?

Түш  жөнүндө    көп  жолу  айттык  гезит бетинен.  Ошентсе  да,  түштү    дайыма  жакшылыкка гана  жоруу  керек.  Эптеп  жоруй  албай  турган  адамга айтуунун зарылдыгы  жок.  Түштөр  сүйүнчү  сыяктуу болушат.  Мисалы  сиздин  түшүңүздө    кимге  жолуга тургандыгыңыз  көрүнөт    экен.  Бул  жакшы  нерсе, ошол  көрө   турган  адамга  бересеңиз  болсо  камдап алсаңыз,  оңой  кутуласыз.  Көбүнесе,  адам  көп  ойлонсо,  ойлонгон  нерсеси  түшкө    кирет.  Ачка  тооктун  түшүнө    таруу кирет. 

-Балага ат коюуда курандан алып же пайгамбарыбыздын аялынын атын койсо атты көтөрө албай оор болот деген чынбы? 077060...

-Жок андай эмес, ар бир адамдын аты өзүнө жараша болот. Абдулла же Абдурахман деген аттар Аллага сүйкүмдүү аттар. Ушундай аттарды койсо жакшы болот.

Ата-энем жөнүндө. Менин жашым отуз төрттө, ыйманым Аллага миң мертебе ыраазымын Өзүн таанытып жүрөгүмдү ачканына. Илим издеп келем китеп окуйм корконум риядан, шайтандын азгыруусунан. Мага дуба кылып коюңузчу, суранам

Кудай Таалам тилегинизди берсин.Омийин.

Устаз, китеп окууга кантип берилүү керек. Ыкмаларын айтыңызчы.

Китеп окугандын ырахатын таап алсан, окуп баштайсын.Окуганынды элестетип оку...

Чөнтөктө кичинекей кагазда «Аллах ыраазы болсун» деген жазуусу бар баракча ажааткананын тешигине түшүп кетти. Алууга эч мүмкүнчүлүк болбой калды тереңдигинен . Эмне кылсак болот? Өтө кыжаалат болуп калдык дейт.

Дагы жакшы кыжаалат болуптур.Тообосу кабыл болсун. Сүйүнгөндө ыймандан чыгып кетмек экен. Кудай сактаптыр.

Балага Адилет деп ат койсо болобу, себеби Адыл деп ат койбоо керек деп укканмын?

Адилеттүү деген маанидеги жакшы ат болот

Улак, козу бычуу күнөө эмеспи?

 Муктаждыкка жараша боло бере турган жумуш. Ал эмес курмандыкка мына ошол бычмалдын эти жакшыраак болот деп айтылат. Ал эми адамды бычуу, же адамдар өздөрүн бычтыруусу арам деп эсептелет. Азыркы учурда педофилдерди бычтырып салууну сунуштагандар бар. Кайсы бир деңгээлде “шарьий таьзиир” катары кабылдоого да мүмкүн. Бирок, аларды “таш бараңга алып өлтүрүү” адилеттүүрөөк болот эле. Президентибиз да ушуну каалап, ачык эле жарыя кылганын баарыбыз көрдүк. Айта кете турган маселе, “таш бараңга алуу” же өлүм жазасын ыйгаруу атайын ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан аткарылат. Ар ким эле өз бетинче аткара бербейт.

Кытай тили тозоку тил деген туурабы?

Андай маалыматты билбейт экенмин. Тилдин баарын Кудай Таалам жараткан. Тилде айып жок.