Мен сизди өз атамдай көрөм. Насааттарыңызды калтырбай окуйм. Менин өз атам орус динине өтүп кеткен. Өзүм болсо хижап кийип, намаз окуйм. Жигитим да динге берилген муслим. “Мага турмушка чыкканда орус динине өткөн атаң менен катташпайсың” деген. Аял күйөөсүнө баш ийиши керек да. Бул туурабы?

Жигитиңдин  айтканы  туура  эмес.  Ал канчалык  акмак  болсо  дагы  сенин  атаң.  Аны  менен  катташууң  керек  болот.  Балким,  сенин  жана келечектеги  жолдошуңдун  жакшы  мамилесинин натыйжасында  Аллах  Таала  ага  хидаят,  туура  жолду  насип  кылаар.      Аял  күйөөсүнө  баш  ийүүсү  керек болот.  Бирок  күйөөсүнүн  талаптары  шарияттын чегинен  чыкпай  турган  болсо.  Ата-эне  мусулман эмес  болсо  дагы  шариятыбыз  катташууга  буйруйт. Бирок  башка  диндеги  ата-эне  зыян  жеткире  турган болсо,  абайлаганы  эп.  Кудайым  бактылуу  кылсын. Жигитиң  менен  үйлөнгөнгө    чейин  эми  сүйлөшпө. 

-Медресеге кирем десем ата-энем каршы. Эмне кылсам болот? 16 жаштамын. 077898...

-Ата-энеңизди көндүргөнгө аракет кылыңыз. Медресенин жакшы жактарын айтып бериңиз. Кудайдан суранып, дуба кылыңыз.

Биз Москвада турабыз азыр. Бизде бир бөлмө, бир ашкана эле бар. Телевизор ашканада турат. Орустардын бакшылар каналы бар. Кээде кайненем орус бакшыларын көрөт. Мен оюмду башка жака буруп укпаганы аракет кылам,себеби мен ал маалда тамак жасап, же камыр жайып жаткан болом. Келин болгондугуман ишимди таштап чыгып кете албайм,мажбурмун турушкан. Кайним болсо кечке гороскопту угат, тоскоол кылам. Бирок күнөө десем да ал кайтпайт.

Ар кимдин кабыры ар башка. Сен ага маани бербе. Озунду тууралай бер бейишке. Кайненендин тозокко баруусун сен кантип тосуп коет элен...

Апам, эжем, карындашым бар. Апам оорукчан, эжем 30га чыкса да турмушка чыкпай жүрөт. Карындашым 16да, анык көпкөн маалы. Атам көп эле жерге окутту, бирок атам каза болгондон кийин үй-бүлөнү багыш керек болуп, азыр Москвага келдим. Акыркы күндөрү көп көчөгө чыгып, ичип, чегип калдым. Орозодо таштайын деген ниетим бар. Намазымды да баштап жатам. Эжем апам менен карындашыма катуу айтып жатыптыр. 30га чыкканча күйөөгө тийбей, орой болуп калды. Эжемден көңүлүм калды. Эми карындашымдан да көңүлүм калып баратат. Кеңешиңизди бериңиз? (Суроону устаз толугу менен окуду. Бул жакка кыскартылып берилди) Москва, Эсентур.

 Садагасы, бир тууганым! Сенин сурооңду окуп олтуруп менин көз алдыма далай тарых келди. Сен сыяктуу асыл жигиттер элибизде бар экенин эстеп көңүлүм ордуна түштү. Кудай Таалам сени апаңа, эжеңе жана карындашыңа валий (кожоюн, кароочу, жоопкер) кылып койду. Үйдөгү жападан-жалгыз эркектана катарында сенин милдетиң зор. Балким, Кудай Таалам ушул үч алсыз аялзатты жакшы карап, аларды бактылуу кыла алсаң, сага жалпы кыргыз элинин тагдырын тапшыраар! Балким сен асмандан күтсөк жерден чыккан, күндүзү күтсөк түндөсү чолпон жылдыздай жаркыраган, бактыбызга жаралган улуттук лидер, эл баккан азамат, дин баккан такыба, сөз баккан куйма кулак болуп жүрбө! Андыктан, бир боорум, иним, кандашым, диндешим, эч мүңкүрөбө! Сага капаланганга болбойт! Чөккөнгө да болбойт. Бук болгон учурда намазда Кудай Таалама мунаажат кылсаң, ошол жерден Аллахтын өзүнө арманыңды айтсаң, жеңилдеп каласың. Эптеп эжеңди эрге берүүгө, тентек карындашыңды тарбиялап, адепке көндүрүүгө аракеттен. Жакшы иште, намазды калтырба! Жакшыларга жанаш, жамандардан адаш. Келечекке үмүт арт, үмүтсүз шайтан. Шайтанга алдырба, жем болбо! Бишкекке келгениңде жолук, чай ичкенче баарлашабыз! Өткөн кеткенди эстеп, досторчо чогуу олтурабыз! Атам өттү деп капаланба. Мени атаңдай кеңеш берчү, агаңдай сырдашчу, досуңдай баарлашчу адам катары көр! Ошент, Эсентур! Жолугушканга чейин эсен тур!

8 айлык кызым эмгенде көкүрөгүмдү тиштеп, жара кылып салды. Жара болгондуктан өзү дагы эмбейт. Эми биротоло эмизбей койсом күнөө эмеспи?

 Балага теңелип бала болчу беле? Эмиз.

Бала киринткен сууну эл баскан көчөгө төксө эмне болот?

 Көп чачса, баткак болот. Азыраак чачса, жайдын күнү жер чаңыбай сергек болот. Кыштын күнү чачса тайгак болуп, тайталаңдап араң баскан абышка тайып жыгылса, буту сынып аксак болот. Самын кошулуп жуулган болсо, көчөнүн баарын сасытып, каргыш алып келгенге себеп болот. Андан башка эч нерсе болбойт. Болгону ушул нерселер эле болот.

Кайнене келинин урганга шариатта укугу барбы?

Келинди урууга эч кимдин укугу жок. Кайненеси да, кайнатасы да, кайынсиңдилери да урууга акысы жок. Шариатта бул урууну арам деп тааныйбыз. Мына ошол жөн жерден сабалган келиндин дубасы кабыл болуп, урган адамдарга каргышы дароо тиет. Келин тил албаса эле урган туура эмес. Кээ бир адамдар келиндерди жалдап алган кызматчысындай, же сатып алган кулак кести кулундай көрүшөт. Ал да адам баласы. Ким келинине күн көрсөтпөсө, анын кызына да барган жеринде ошондой мамиле болот. Кудай мына ушундай адепсиз, адамгерчиликсиз пенделерден сактасын.

Жаш баланын башына жол түшүп калса эмне кылыш керек?

Доктурга баруу керек...

Намаз окуймун, атам мечитке эле бара бересиң десе, апам сакалың ал деп урушат. Эмне кылсам, устаз?

Ата-энеңди капа кылба! Аларды ыраазы кыл. Баары ордуна келет.

“Аяна” деп ысым ыйгаруу туурабы? “Аянанын” ачык мааниси кандай?

Аян - кыргыз тилинде “Боло турган иш, окуя жөнүндө алдын-ала билинген белги, жышаан”. Түшүнө аян берүү деп да айтылат. Истихаара окуганда, Кудай Таалам түшүнө аян берет деген мына ушул. Бул ысымды койгондо ата-эне Кудайдын бере турган жакшылыгынан аян болсун деп койгон эмеспи. Бул нукура кыргызча жакшы ысым. Анан, артындагы “а” тамгасы орусташып кеткенибиздин белгиси. Анткени, орустарда кыздардын аты адатта а жана я тамгалары менен бүтөт эмеспи. А, кыргыздарда андай адат милдеттүү эмес. Мисалы: Уруят, Гүлжамал, Гүлшайыр, Гүлназ, Гүлайым, Камкаян ж.б. .