Тырмагына лак койгондордун гусулу өтпөй калса жасаган тамагы кандай болот?

Тырмагына  лак  койгон  аял  дегеле  гусул жөнүндө  ойлонот  болду  бекен.  Гусул  жөнүндө  ойлонгон  адам  тырмагына  лак  койбосо  керек.  Ошого  карабастан  колун  таза  чайкаган  болсо  тамак  жасай  берет. 

Аялымдын чачы түшүп жатат, кыркса болобу? Узуну 50 см го.

Кырккандан  башка  жолу  жок  болсо, кыркса  макул.  Колунан  келишинче  кыркпаганга аракет  кылсын.  Аял  кишинин чачы эң   кыска дегенде  мүрүсүнөн  болуусу керек.  Такыр  болбосо,  таз  кылып  алганга  деле  уруксат  берилет,  айласы  куруса... 

-Айыз келип баштаганда биринчи кичине келет, кайра жок болот. Ушинтип баштаганда намазды токтотомбу?055322..

-Айыз келгенден баштап намазды токтотосуз. Толук бүткөндөн кийин окуп баштайсыз.

Мен хижаб кийейин дейм, бирок мектепте уруксат беришпейт. Анан дагы жакындарым: «Мектепти бүткөндө кийесин болбосо, мугалимдерин сени жаман көрүп калышат»,- деп жатат. Эмне кылсам болот? Мен аябай хижаб кийгим келет.

Эгер сен балагат жашына жетип калган болсон, анда жоолук салынууң милдеттүү болот. Мектептин уруксат бербей койгонго укугу жок.

Жолдошу уруксат берсе, каш терсе болобу?

Жок. Кээ бир нерселерге адамдардын уруксат берүүсү менен да уруксат берилбейт.

Зобум бар эле. Жоолукту артыма салынсам болобу? Намаз окуганда алдыма салынам.

Аялзатынын мойну чоочун эркектерге көрүнбөш керек. Кененирээк кылып салынып көр.

Аял төрөгөндөн кийин баардык күнөөсү жуулат деген чынбы?

Бул суроого бир аз кененирээк жооп берүүгө туура келет:

Имам Табарааний “аль Авсатта” риваят кылган хадисте мындай айтылат: “(Оо аялдар!) Өз күйөөсүнөн боюнда болуп, күйөөсү андан ыраазы болсо, ал аял Алла Таала жолунда түнү менен намаз окуп, күнү менен орозо кармаган адамдын сообундай соопко ээ болгонуна ыраазы болбойсуңарбы?

Ошол аял (төрөт учурунда) бир толгоо тартканда асмандагылар менен жердегилер биле албай турган, көз кубанта турган соопко ээ болот!

Ошол аял төрөгөң соң, ар бир тамчы сүтүнө, (перзентинин) ар бир соргонуна сооп жазылып турат!

Эгер, ошол аял түнү менен перзентин карап уктабай таң атырса, Кудай жолунда жетимиш кулду азаттыкка чыгаргандай соопко ээ болот!

Силер билесиңерби, мындай соопторго кандай аялдар татыктуу болушат? Алар күйөөлөрүнө баш ийип, такыбалыкты карманган саалиха, күйөөлөрүн “мени эч жыргатпадың!” деп жакшылыктарын билбей койбогон пакиза аялдар!”.

Имам Ибнул Жаузий бул хадисти “Мавдууьаат” китебинде риваят кылып, Абу Хаатем Ибну Хиббандан бул хадистин мавдууь (жасалган, жалган) хадис экендигин айткан сөзүн келтирген.

Башка бир хадисте төрөттөн өлгөн аялдын сообу шейиттердей болору тастыкталган. Имам Ахмад, Абу Дауд, Насааий жана Ибну Маажа риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз алайхис салам: “Кудай жолунда курман болгондордон башка да жети түрдүү шахиддер (шейиттер) болот” деп айтып келип, жетинчисинде “курсагындагы баласы чоңоюп калган учурда өлгөн аял да шейит” деп белгилеген.

Кээ бир аалымдар “хасан” даражасын ыйгарган, Ьабд бин Хумейддин муснадында, Ибну Аби Дуняанын “Китаабул ьияаал” деген китебинде, Ибнул Жаузийдин “Ахкаамун нисаа” китебинде риваят кылынып, Ибну Умардан азирети Пайгамбарыбызга “марфууь” болгон хадисте Пайгамбарыбыз алайхис салам мындай дейт: “Аялзаты боюна көтөрүп, төрөп, эмчектен чыгарганга чейин Кудай жолунда шейит болуп, өз канына жуурулушкан адамдын сообундай соопко ээ болот! Эгер ушул аралыкта акыретке сапар тарта турган болсо (өлсө), ал аялга шейиттин сообу берилет!”.

Бул хадистин маанисинен, төрөгөн, баласын эмизген жана баккан аялга берилген соопту, төрөттөн каза болгон аялга берилген соопту, бул түрдөгү аялдардын кичине күнөөлөрүнүн кечирилүүсүнө себеп боло турганын түшүнө алабыз.

Жыйынтык сөз: Төрөгөн аялдын кичине күнөөлөрү төрөттөгү кыйынчылыгы менен кечирилет, ал эми чоң күнөөлөрүнө атайын тообо кылуу шарт.

Жоолук оронгон аял “сулуулук салонун” ачса болобу?

 Болот. Эмне үчүн болбосун? Шариат тыюу салган нерселерди аткаруудан качып, уруксат берген нерселер менен иштегенге болот.

Мен жолдошумдун унаасын жууймун. Аны көргөн адамдар “уят эмеспи аял киши болуп унаа жуусаң” деп калышат. Шариятта болобу? Багымдат намазын кээде окуй албай калам. Казасын качан окусам болот?

Жолдошуңдун ыштаны менен байпагын жууп жатпайсыңбы? Машинесин жуусаң эмне болуптур. Шариатта тыюу салбайт. Кээ бир аялдар машине жууганды жактырса жууй берсин. Бирок, эркек аялын машинесин жууганга мажбурлай албайт. Күн чыгып бара жатканда, батып бара жатканда, чак түштө окуган болбойт. Калган убакта казасын окуса боло берет. Мүмкүн болгон эң алгачкы убакытта окуганы эп.

Жашаганыма 11 ай болду. Кудайдан бала сурап ыйлаймын. Келинимдин боюнда бар. Мага мактанып атат. Ичим күйүп атат? Эмне кылам?

Туз жалаңыз деп айтсам капа болсоңуз керек. Кудайым келиниңиздин аман-эсен көз жаруусун насип кылсын. Сиз да сабыр кылыңыз. Эми эле 11 ай болуптур. Дуба кылыңыз....Кудайым кайрымдуу перзент насип этсин.