- Даарат алып жатып мурдумду чайкаган кезде канап кетет. Дааратты башынан башташым керекпи? +770239...

-Албетте, башынан башташ керек. 

-Гусул алып жатып “аслан гуслан жана баян суу аклай көр денемди, дуба аклай көр тилимди” деген сөздү айтыш керекпи? 077366...

-Шариятта мындай сөз жок.

Кафеде иштейм. Кээде намаз окуганга такыр убакыт болбойт. Эмне кылсам?

 Аракет кыл.Аракетке берекет. 

Башымда бүдүрлөр канай берет,анан аны мен салфетка менен аарчып чөнтөккө салган бойдон унутуп(кайра даарат менен) бир канча намаздарды окуп алыпмын, кайра кайталап окуймунбу?

Эгер ошол кагазга жуккан кан алакандын отунан чоң болуп кетсе, анда ошол кагаз салынган учурда окулган намаздардын баарын кайра баштан окуганга туура келет.

Каза намаздарды 1 күндүгүн окуганда 1азан менен эле окуш керекпи? Көп жылдык каза намаздарын толук окуп бүтмөйүнчө, нафил намаздарын окуса болобу? Аллах ыраазы болсун.

Эгерде бир канча каза намазды бир учурда окусаныз, бир эле азан айтып жапызыраак добуш менен, ар бирине өз-өзүнчө коомат айтып окусаныз сүннөт болот. Каза намазы бар адам нафил окуса деле болот, бирок ошол убакытты каза намазга жумшаган акылдуулук болот.

Мен карыган кемпир багып иштеп жатам. Намаз окууга мүмкүнчүлүк аз. Бир эле маал окусам болобу?

Бир кемпирди карасаң эле убактың жок болуп калса, анда сени караганга да бир адам керек болуп калат го, бир тууганым, ыя!!? Анчалык бошошпо. Намазды калтырба! Миң кемпир карасаң да, аларга абышкаларын кошуп карасаң да намазды калтырба!

Тишке пломба койсо, гусул толук болбойбу?

Гусул толук боло берет. Ал сөзгө маани бербе!

Намаз окуганда башка эле нерселерди ойлой берем. Бул намазымды бузбайбы?

 Жок, берекем! Бузбайт. Шайтандын иши ошол. Сени бузсам дейт, сен ага моюн сунба.

Жайнамазда Каабанын сүрөтү болсо, ага намаз окуу макрух болобу?

Жайнамаздагы Каабанын сүрөтү намазга эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Деги эле, жайнамаздагы оюу-чиймелер адамдын көңүлүн өзүнө бурбай турган болсо, алагды кылбай турган болсо жакшыраак болот. Эркектерге жибек кездемеден жайнамаз колдонууга болбойт. Жандуулардын сүрөтү түшүрүлгөн жайнамаздарга намаз окуу макрух. А эгерде жайнамазда башка диндегилердин диний ырым-жырымдары, же белгилери тартылган болсо, андай жайнамазда намаз окуу таптакыр жакшы эмес. Уурдалып, же тартылып алынган жайнамаздарда намаз окуган да намаздын сообун кемитет.

Намазды кечиктирип окуу мустахаб болобу? Кечиктирсе канчалык кечиктирүү керек?

 Багымдатты ар дайым, жайында бешимди, дигерди дайыма бир аз, күн бүркөктө шамды, куптанды түндүн үчтөн бирине чейин ар дайым кечиктирген мустахаб болоор.