Мен турмушка тийип чыккан келинге үйлөнгөнмүн. Ата - энем ыраазы болгон. Бирок турмуштан чыккан кыз экенин билишпейт. Ушул сырды айтпай койсом күнөөкөр болуп калбаймбы?

«Кыргызда кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет» деген кеп бар.Кийин билинип калып, уят болуп жүрбө. Эки кыргыз сураша келсе эле тууган чыгат эле...

Менин жашым 19да. Бир күндө уруктук өзүнөн-өзү эки-үч маал бир аз чыгып калып жатат. Ошол себептен улам гусул алыш керекпи , же башка жолу да барбы?

Эгер уруктук чыкканда атырылып, делебе козголуп чыкса, гусул алуу милдеттүү болот. Ал эми жөн эле агып калса, же делебеси козголуп бирок атырылып чыкпаса да даарат эле бузулат.

Бир досум 10 жыл мурун бөйрөгүн алдырган. Үйлөнөөрдө кызга ошол нерсени айтуу шартпы? Айтса, кыздар тийбей коёт экен. Өзү күчтүү, тың жигит.

Айтканы туура болот. Акылы бар кыз деле айлантып карап көрөт да. Кызга бергис жубан бар, атка бергис кунан бар дегендей, кош бөйрөктүүгө бергис жалгыз бөйрөктүү бар дегенди билген эстүү кыз кош көңүл болбос.

Алдын ала кечиресиз. Эркектер мүчөсүн чонойтуу үчүн операция же дары-дармек колдонуусу күнөөбү?

Эгерде кичине болгондуктан запкы жеп жатса, дары дармек колдонгондон ден-соолугу зыян тартпай турган болсо макул. Аны ушул эле гезиттеги врач агабыздан сурайсың. Артык кылам деп тыртык кылып алып, ошол кичинеңден да кол жууп калба анан, айтор абайла. Колуңдан келсе Кудай бергениң менен эле аракеттенгениң жакшы. Аракетке берекет дейт.

Менин нафсим төшөктү каалаганда жолдошум баш тартса шариятта жазасы барбы? Аялга бар.

Эркектер менен аялдардын жыныстык байланышка даярдануусу ар түрдүү. Ошондуктан эркектерди күнөөлөгөн бир аз кыйын болот. Ошого карабастан колунан келишинче аялынын көңүлүн алуусу кажет. Анын үстүнө аялдардын делебеси (шахваты) эркектерге караганда күчтүү болгондуктан, аял каалаганда эле аткара берсе, тез эле баспай калбайбы алы кетип...

Бир кыз менен таанышып, жактырып калдым. Ал да мени жактырат. Бирок жакында эле ата-энеси кудалашып коюптур. Ал кыз ага каршы. Мен алып качып кетейин деп атам. Кеңеш бериңизчи.

Кызга айт. Кудалап койгон жерин жакшылап карап көрсүн, итке салып бербей эле турган болсо ошого эрге тийсин. Ата-эне перзентке жамандык каалабайт. Такыр жакпаса аны да айтсын. Атасы өлгөндү деле угузат тура. Сен жага турган болсоң, ошондон кийин сага дароо тийсин. Эрте күндү кеч кылбасын. Ала качуу арам.

Эки аялдын ортосунда адилеттүү болбосо кандай жаза болот?

Темир аралачу араа менен экиге бөлүп аралайт, аралап бүтүп жармаштырып кайра аралайт...

Мен 20 жылдан бери бир кызды сүйөм. Убагында материалдык жетишпегендиктен улам үйлөнө алган эмесмин. Азыр жаркылдап башкага жар. Ошко барганда алыстан бир көрбөсөм кете албайм. Ал мени көргүсү жок. Мен күнөөгө батып жатамбы?

Ооба. Сиз күнөөкөрсүз. Ал туура кылат. Аны көрүп эмне муратка жетмекчисиз? Ажырашып сизге келсин дейсизби? Андай болбойт. Намаз окуңуз, убактыңызды пайдалуу нерселерге жумшагандыгыңыз пайдалуу.

Бир кызды жакшы көрүп калганмын. Никесиз жүрсө күнөө болот. Эмне кылсам болот?

Кудага жөнөт, сөйкө салсын. Нике кыйдырап ал дагы, кечке кучактап жата бер сүйгөнүщдү....Никесиз жүргөн арам...

Мен жолдошум менен жашагым келбейт. Ортодо бир балабыз бар. Уяттуу кинону көп көрөт. Төшөктө кинодогудай “оозуңа сал” дей берет. “Болбойт” десем, “бири-бирибизге адалбыз” дейт. Ошон үчүн жашабай келе бергем. Эмне кылсам болот? Намаз окуймун. Шарият боюнча эркек менен аял кошулганда уяттуу жерлерин көргөнгө болбойт го.

Жолдошущ сенден макрух нерсени талап кылып жатыптыр. Жубайлардын бири-биринин уяттуу жерлерин көрбөгөндүгү адептүүлүк деп билинет. Бирок тыюу салынбайт. Уяттуу кинолорду көргөн арам жумуш. Үйгө ал сыяктуу кинолорду киргизбөө керек. Жанагы жаман адатыщы ташта деп келишип алып, кайра жашагандыгыщыз макул.