Базардагы цыгандар арча түтөтүп жүрүшпөйбү, ширк деп айтса болобу? Менин көз карашым боюнча, алар соодасы жакшы болсун деп акча таап жүрүшөт. Аларга садака берсе болобу?

Аларды  лөлүлөр  деп  айтабыз.  Арча түтөткөндүн  эч  кандай  ширки  деле  жок.  Жакшы жыттан  шайтан-шабырлар  качат.  Анан  калса,  ал лөлүлөрдүн  негизги  максаты  акча  табуу  эле.  Андан башка  максаты  деле  жок.    Садаканы  өзүң    билген жардыларга  бергениң  жакшы. 

-Түшүнөн чочуса же кырсыктаса жети токоч бериш керекпи? 077944...

-Жети токоч эмес, садака бериш керек. Садака – балээлерди кайтаруучу. Токоч береби, акчалай каражат береби, ар кимдин өзүнүн ыктыяры.

Ушул хадисти түшүндүрүп бересиздерби. "Васила бин Аскаь( р.а ) айтты: «Оо, Аллахтын элчиси! Адам өз коомуна зулум кылууга (улутчулдук кылып) жардам берсе улутчулдукка киреби ? деп сурадым . Пайгамбар (с.а.в) : «Ооба, улутчулдукка кирет»,- деп айтты

Улутчулдук шариатыбызда жок. Улутту сүйүү, сыйлоо бар.

Апам пайызга акча берет. Ошондон мага да окуума, жол киреме, тамакка берет. Мунун менин ыйманыма зыяны барбы?

Ыйманына зыяны тийбейт. Сен колуңдан келишинче өзүндү-өзүн бакканга үйрөн.

Наристе төрөлгөндө денесинин бир жеринде териси кызыл тартып калса Анара, же Анарбек деп койсо жок болуп кетет деген туурабы? Исламга туура келген нерсеби?

Андай маселе бизде айтылбайт.Ага анчалык деле маани берилбейт. Анары барды Анарбек десек, анары кетип калса, каапырларга Исламча ат берсек бардыгы мусулман болуп кетеби?

Таблиг жамаатыны туура эмес багытта даават кылышат, мазхаб менен кылбайт дейт. Аны эмнеге айтпайсыздар? Мазхабсыз адашып калабыз го?

Сиздин маалымат туура эмес маалымат. Биздеги дааватчылардын бардыгы мен билгенден, ханафий мазхабында амал кылышат. 

Кайсыл кесипти тандоого кеңеш берет элеңиз? Медреседе окусам кийинки турмушумда кыйналып калбаймынбы?

 Медреседе окугандар турмушунда кыйналбайт. Турмушунда жыргайт садагасы. Анткени шариаттын жолун билип, эл баскан бокту да, чокту да басышпайт. Кесип тандоо боюнча кабыргаӊ менен кеӊешкениӊ жакшыраак.

Агам өлгөндөргө куран окубайт, даават жолун жактыра бербейт. Бактияр ажынын баяндарын угууга тыюу салат. Бирок экөөбүз тең намаз окуйбуз. Арабызда келишпестиктер да чыга турган болду. Агамдын кылгандары туурабы?

Агаңыз, Куран окуп, анын сообун маркумдарга багыштабай турган жамааттан экен. Ал жамаат дааватты да, дааватчыны да жакшы көрө бербейт. Бактыяр дамла дааватчы дамла эмеспи?! Ал эле эмес, кээ бирлери мени да жактыра бербейт. Бардык адамдарга жагуу кыйын. Кээ бир адамдарга жагуунун өзү жагымсыз маанай жаратат.

Менин сизге кеңешим: агаңыз менен диний темада баарлашпаңыз. Жөн гана бир туугандык сый мамиледе болгула! А, Бактыяр дамланы уксаңыз илиминен пайдалангандан башка зыян таппайсыз.

“Ата жолу” деген агым барбы? Манас атабыз деп мүрзөлөргө зыярат кылат экен.

Ал эми болбогон бир пенделер. Ыймандан ажыраган, Исламдан четтеген бир байкуштар! Манас атабыз азыр тирүү болгондо, мына ошол мазарларга каттагандарды кылыч менен кыя чапмак...

Дос кызым сеанска деп эле бир жерге бара берет. Андан да тиги тигиндей болот, бул мындай болот экен деп эле ойду буза берет. Чубак устаз сабагын туура эмес өтөт жана Пайгамбарыбыздын өмүр баяны китеби туура эмес деп көп айтат. Акыркы күндөрү жек көрүү пайда болду. Эмне кылсам болот? Чыдамсыздык менен жооп күтөм. (суроону устаз толук окуду, бул жакка кыскартылып берилди)

Сенин айтканың туура. Кээ бир адамдар менин кээ бир сөздөрүмдү туура эмес деп айтышат. Анткени алардын сөзүнө окшошпойт. Кээлер өзүнө окшобосоң эле ката деп айта беришет. Сөз качан туура болот? Сөз Куранга жана Сүннөткө туура келгенде гана туура болот.

Адатта бекинип сабак бергендер мандемдүү болот. Айткан сөзүн эч кимден жашырбай айтса, ишенич туулат. Ката кеткен жери болсо, эл айтса ошого карап түздөнөт.

Биздин сабактарыбыз Ханафий мазхабынын жана Ахлу Сунна (матуридия ) мектебинин негизинде жүргүзүлөт. Тасаввуфту жакшы көрөбүз. Мен деле ката кетирип алуум толук мүмкүн. Эгерде жогорудагы багыттын негизинде туурасын айтып бергендер болсо, сүйүнүп кабыл алмакмын.

Акыйкат ар дайым айтыла берет. Мени жамандагандар, же жашынып алып жамаатына сындагандарга айтарым, сынчынын сыңар өтүгү майрык деген кеп бар. Ар ким өзүнүн өтүгүнүн түздүгүн караган жакшы болор.