-Мазардын алдынан өтүп баратып оомийн кылгандын пайдасы барбы? 077951...

-Маркумдарга дуба бар, “бизден мурда өтүп кеттиңер, биз да силерге кошулуучуларданбыз. Силерге да, бизге да Алла тынчтык берсин” дегендей мааниде. Өткөндөргө куран окуп, сообун багыштаган жакшы.

Шариатта тушоо кесүү барбы?

Жок. Бирок, ниетин түзөп, балам жашоосунда жаӊылбасын деген аруу тилек, асыл максат менен тушоо кестирсе, шариатка каршы эмес.

Бала итий болуп баратканда аттын шыйрагына киринтүү, баланын 40 чыгаруу деген нерселерге ишенсе болобу?

 Аттын шыйрагында, сөөктө пайдалуу заттар бар болушу ыктымал. Бардык нерсени ширкке чыгара берген болбойт. Баланын кыркы деген жок, баланын апасынын кыркы деген бар. Кыргыз эли сөздү тандап сүйлөгөн ак сөөк-мырза эл болгондуктан, аялдын кыркы дебестен, баланын кыркы деп тергеп айткан. Садага кетсе болот ушундай улуу элден.

Баланын тушоосун кесиш керекпи же жөн эле коёбу?

Салт, адатка кошулат. Ыктыярыңыз. Динде милдеттүү эмес. Сөзсүз тушоо кесүү керек деген туура эмес...

Апабыз көп ооручу эле. Ошентип журүп быйылкы орозодо, 14-август Кадыр түн күнү кайтыш болду. Бизде Лейлекте кайтыш болгондун жакындары көк көйнөк кийишет. Жакында айт майрамда көк көйнөктү сөзсүз чечиш керекпи?

Аллахым апаңызды бейишине киргизген болсун. Жакшы убакта өтүптүр, ошонун өзү эле көп жакшы нерсеге сүйүнчү болот. Көк же ушуга окшогон олуттуу түстөгү кийим кийип, жасалгасын тагынбоо бар шариатта. Маркум адамдын аялы артында калса төрт ай он күн жогорудагыдай таризде аза күтөт. Ал эми кыздары, карындаш-эжелери болгону үч күн гана аза күтөт. Андан кийин мурдакы абалында кийим кийинет. Мисалы Жалал-Абадда үч айт өткөнгө чейин "көк" кийип жүрө беришет. Бул туура эмес. Андан кийин "ак ачты" деп үстүндөгү «көктү» чечтиришет. Бардыгы шариатта жок, бидьат нерселер. Кудайым элибизди бидьаттан арылткан болсун.

Арапа күнү жыт чыгарыш керек, арбактар келет деп майлама токоч кылмай салт бар го. Ошол шариятка дал келеби?

Арапа күнкүнү шариат милдеттүү кылбайт. А бирок айт күнү майрам болгондуктан түркүн тамак жасап майрамдык маанай шаң болуусу кажет.

Үйлөнгөндөргө өкүл ата коюу динибизде барбы? Өкүл ата, өкүл уулдун милдеттерин айтсаңыз.

Динибизде кыргыз каада-салтындагыдай таризде өкүл ата шайлоо деген жок. Бирок шариатка каршы келбейт. Себеп дегенде динибизге каршы келбеген каада-салтка шариатыбыздын өзү уруксат берет. Жаңы үйлөнгөн жубайлар, жубайлык жашоодо көп нерсени биле беришпейт. Ат минип көрбөгөн, минип өлтүрөт дегендей кээ бир маселелерди туура эмес жасап алуулары мүмкүн. Кээде ар кандай маселелерди сурай турган адам таппай калат. Ата-энеден сураган уят болот, ага биздин менталитет дегенибиз жол бербейт. Ошондуктан кеменгер кыргыз эли жубайлардан жашы анчалык деле чоң эмес, беш-алты көйнөктү мурда жырткан, акар-чакар болуп калган, акыл-эстүү үй-бүлөнү өкүл ата, өкүл эне коюшкан. Күйөөсү жаш күйөөгө, аялы жаңы келинчекке "буксир" болуп, кайын журтту кантип сыйлоону, баланы кантип багууну, үй-бүлөдөгү абийирдүү маселе кандай таризде болоорлугу туурасында акыл-насаат айтып жол көрсөтүүчү болот. Үй-бүлөлөр ортосунда достук пайда болот. А бирок өкүл ата менен өкүл кызды, же өкүл эне менен өкүл уулду эч нерсе байлабайт. Бири-бирине махрам болуп калбайт. Жоолукчан жүрүүлөрү керек болот. Азыр бизде кандай? Бардыгы саясатташкан. Жадакалса өкүл ата шайлоо да. Жеткен коррупционер, ууру, калпычы адамды мансабына, байлыгына карап шайлайбыз. Кээде акыл насаат айтмак тургай, өзү акыл-насаатка муктаж болгон кургурларды да шайлап алабыз. Кээде өкүл ата менен өкүл кыз жалгыз олтуруп чай иче берет. Эмне десең өкүл атам дейт. Болбогон иш...

Гадир Хум, Ашура күндөрүн майрамдаса болобу? Кандай майрамдаш керек? Бизде бул күндөргө эмне үчүн өтө маани берилбейт? Шиалар эмне үчүн бул күндөрдү катуу майрамдашат?

Раафиза (Шиалар) акыйдасы боюнча Зулхижжа айынын он сегизинчи күнү Гадир Хум майрамы деп эсептелет. Бул күндү алар "Чоң айт" (Ийдул акбар) деп аташып, Курман айт менен Орозо айтка караганда жогорураак көрүшөт. Бул күнү орозо тутушат. Ал эми Мухаррам айынын ону күнү Ашура майрамын белгилешет. Бул күндү кайгыруу, аза күтүү, чынжырчалар менен көкүрөккө чаап, бычак, кылыч сыяктуулар менен көкүрөк баштарын канатышып майрамдашат. Мунун бардыгын Азирети Хусейиндин өлтүрүлгөндүгүнө капалануу деп түшүндүрүшөт. (Мужмал акааиди аш шииати, 54-б.) Бул күндөрдү жогорудагыдай таризде майрамдоо Ислам таалиминде жок. Мусулманчылыгыбызда жок болгон себептен майрамдабайбыз. Маани да берилбейт. Сүйүү майрамына, жаңы-жыл майрамдарына маани бербегендей эле. Кимде ким майрамдаса жок жорукту баштаган болуп, бидьат –арам ишти ишке ашырган болуп эсептелет. Ал эми Ашура орозосун тутуу мусулманчылыкта бар. Бирок анын Азирети Хусейиндин өлтүрүлгөндүгүнө байлабастан, Пайгамбарыбыз тутуунун жакшы экендигин эскерткендиги үчүн тутабыз. Бир күн кошуп тутабыз. Муса алайхис саламдын жөөттөрдүн колунан аман-эсен кутулган урматына кармала турган орозо. Бирок майрам деп айтылынбайт.

Шариятта ар бир жылга жандыктын атын коюу барбы? Жыл санагын Иса пайгамбардын төрөлгөн мезгилинен саноо туурабы?

Антип ат коюу шариатта айтылбайт деле. Башка маданияттын жосуну го. Жыл санакты кай жерден баштасаңыз деле зыяны тийбейт. Сиз өзүңуз деле бүгүндөн баштап жыл санагыңызды баштай берсеңиз болот.

Сиз суроолорго ар кимдин өзүнө жараша абдан жакшы жооп бересиз. Сизге жакшылыктарды каалайм. Сиздин канча балаңыз бар? Мусулмандар жаңы жыл тоссо күнөөбү?

Ырахмат. Кем болбоңуз. Бактылуу болуңуз. Менин беш перзентим бар. Үч эркек, эки кыз. Мусулмандар жаңы жылды элдей болуп тоспойт. Эски жылда эмне кылдым, эмнеге үлгүрбөй калдым, кийинки жылы эмне кылсам, канткенде Кудайга жакын болом деп пикирленип тосот, жаңы айды, жаңы күндү, жаңы жылды, керек болсо ар бир жаңы саатты.