Түшүмө Пайгамбарлар көп кирет. Аттарын да айтып өздөрүн тааныштырат. Бирөөлөргө жорутсам «көзүң ачылат» дейт. Сизден жооп күтөм.

Көзүң ачылат дегени күрөккө турбаган сөз. Пайгамбарлар түшүңө кирсе, Кудайдын бергени ошол. Намаздарыңды үзбөй оку. Жоолук салын. Анан калса Пайгамбармын деп сени алдап деле коюусу мүмкүн. Пайгамбарлардын кебете-кепширлери жөнүндө китептерди окуп аларды таанып ал. Айрыкча, Мухаммед (алайхис салам) турпатын таанып алсаң, ошого окшотуп тааныйсың. Шайтан Пайгамбарлардын кебетесине кире албайт. Эгер так тааныган болсоң, анда чындап эле пайгамбарлар кирген болот.

-Бир куранды эки-үч арбакка багыштаса болобу? Арбакка кантип жыт чыгарат? 077060...

-Ооба, баарына бирдей жетет. Арбакка жыт чыгаруу деген түшүнүк жок. Куран окуп, сообун багыштап турса болот.

Аллахтын жолунда жүрүп дүйнөдөн кайткан адамдын оо дүйнөдөгү орду жөнүндө айтып беринизчи.

 Кудайым кааласа жаннатка чыгат.

Акыркы убакта эмнеге жин киргендер көп болуп жатат?

 Кудайдын ираада каалоосу менен болот. Адамдардын жашоосундагы сүннөттөрдүн аз экендигине такалат.

Ар бир жамгырды, карды периште алып түшөт деген чынбы?

Бул туурасында Пайгамбарыбыз алайхис салам айтты деген “марфууь” хадисти биле албайбыз. Тафсир китептерде “санаты” жок таризде “ар бир тамчы жамгыр менен бир периште түшөт” деп Ибн Аббас риваят кылганы айтылат. Бирок, мунун баары Ибн Аббастын сөзү катары гана белгилүү. Имам Багавий өзүнүн тафсиринде мындай дейт: “Асмандан түшкөн ар бир тамчы менен бирге периште түшүп, Кудай Таалам кайсы жерге түшүүсүн кааласа, ошол жерге жеткирет деп айтылат”. Көрүнүп тургандай, “айтылат” деп баса белгилебей, коомайланып айтып жатат. Мунун өзү риваяттын “заьииф” экенине далаалат кылат. Валлооху Аьламу.

Бишкекте жинди чыгаруу боюнча күчтүү молдо керек болуп жатат. Дарегин, номерин берип коюңузду көптөн-көп суранам, устаз.

 Борбордук мечитте Качкын аба, КАСИ мечитте Нурмухаммад каары, Дордой мечитте Жумалы ажы бар.

Кабырдагылар биздей эле тамак, суу, абага муктажбы? Алар жатышабы же басып турууга мүмкүнбү?

Ал башка жашоо. Аны менен баш оорутпай, ошол жерге барганда керек боло турган амалдар менен алек бол. Намазды үзбө.

Кем акыл адам ибадат кылбайт го. Кабырда азапталып, тозокко кетпейби деп боорум ачыйт.

Жок, аларды Кудай Таалам бизге үлгү болсун деп жараткан. Алар бейишилер...

Адам өлгөндө мүрзөдөгү сурак жана жан жөнүндө Курандын кайсы аятында жазылган?

Баамымда сиз кабыр азабы жок деген жамааттын өкүлдөрүнө жолугуп калган окшойсуз. Кабыр азабы акыйкат. Андан качып кутулууга мүмкүн эмес. Имам Байхакий (458 хиж. өлгөн) "Исбаат азаабил кабр" китеби аркылуу бул маселени айкын баяндап берген. Китеп баштан аяк ушул темага багышталган. Менде бул китеп бар. Ибрахим сүрөөсүнүн 27 аятында: "Аллах Таала, ыйман келтиргендерди бул жашоодо да бекем сөз менен кадамын бекемдейт, акыретте да бекем сөз менен кадамын бекемдейт!...", деп келет. Бекем сөз, бул ыйман сөзү. Ыйман сөзүн жүрөгүнө сиңдирген момундардын айта турган сөзү белен, баса турган кадамы бекем. Эки жүздүүлүк менен каапырлыктын, уятсыздык менен жүзүжоктуктун шамалына туруштук бере алат. Ошондой эле момундар да акыретте, кабыр азабында ыйман сөзүнө ээ болгону үчүн суракта туруктуу болот, туруштук берет. Имам Бухарийдин риваятында (1369): "Момун пенде (Лаа илааха иллаллооху...) деп күбөлүк берсе, Мухаммад (алайхис салам)ды кабырында тааныйт! Бул Аллах Тааланын: "Аллах Таала, ыйман келтиргендерди бул жашоодо да бекем сөз менен кадамын бекемдейт, акыретте да бекем сөз менен кадамын бекемдейт!...", деген сөзүнүн дал өзү", деп айтылат. Кабыр азабы жөнүндөгү хадистер мутаваатир даражасына жеткендиктен, аны танган, жок деген адамдар ыймандан чыгат. Ал эми жан жөнүндө Исраа сүрөөсүнүн 17-аятында баяндалат.

Мен бейиш жөнүндө окудум, арак менен вино дарыя болуп агылат. Кааласаң 40 хур кыздарынан бирөөнү тандайсың. Ал жакта эч нерсеге тыюу жок. Туурабы?

Ал жердеги арак менен вино, бу жалгандагыга аты эле окшошпосо заты окшош эмес. Жакшы бышкан, оозго салсаң ээрип кетчүдөй болгон өрүк-өрүк болуп калган баглан козу этинин аты деле эт, ошондой эле сасып, чымын чычып курттап, жесең сөссүз ууланып өлүп кала турган эттин аты деле эт. Аты окшосо эле заты да окшошуусу шарт эмес. Хур кыздардын саны кылган амалына жараша болоор. Ал жакта эч нерсеге тыюу жок экени чын, а бирок ал жердегилердин адеби менен ариети ар нерсени кыла берүүгө жол бербейт, аны кылууга муктаждык да жок калаар. Анткени аны кылчулар эчак эле тозокко кеткен болоор. Андан сырткары ал жердиктердин эң эле ырахаттуу жумушу Аллах тааланы көрүү болот эмеспи. Кудайым баарыбызга насип эткей...