Мечитке намазга майкачан келип окуп атыптыр. Биз айтсак «бул аврат эмес го» дейт.

Туура айтат. Аврат эмес. Эртең үйлөнүү той кылганда, өзү үйлөнгөндө да аврат эмес деп майкечен келсин. Президент конокко чакырса да аврет эмес деп майкечен келсин... Аврат дегенден сырткары кийим кийүүнүн сүннөттөрү, адептери деген нерсе бар да, кокуй... Тузу жок, катыгы жок кара жарма ичкендей болуп, кантип ушундай болсун. Намазды жеңи узун, башына баш кийим кийип, кененирээк кийим менен окуйт.

Мен хиджаб кийеримди апама айткам. Апам болсо, мени кийбейсин деп такыр урушкан. Исламда бейиш энелердин таманы астында деп айтылат эмеспи. Мен эмне кылышым керек эле?

Кудайдын сөзүн ук.

Баш кийим (топу) кийүүнүн өкүмү кандай? Бул тууралуу хадис барбы?

 Сүннөт менен адептин ортосунда. Пайгамбарыбыз алайхис саламдын баш кийимчен жүргөнү көп риваят кылынат.

Дааваттан сакал коюп келдим. Жумушка барсам сакалыңды алып кел деп чыгарып коюшту. Башка жумуш таба албай жатам. Эмне кылсам болот?

Сакал - сүннөт, адал ырыскы таап балдарды багуу - парз. Парз менен сүннөт бири-бирине каршы келсе, сүннөт ташталат.

Чубак ажы, сиз кайра муфтиятка келсеңиз колдойт элек. Сиз менен жолугуп кеңири сүйлөшүп отурсак болобу? Эркекке кызыл түстөгү кийим арамбы?

Жакшы ниетиңиз үчүн ырахмат. Муфтиятка кайра келүүгө ниетим жок. Эркектерге кызыл жана сары кийимдер макрух. Жибек кийимдер, алтын жасалгалар арам.

Аллах сизден ыраазы болсун. Эки дүйнө бактылуу болуңуз. Ден соолугуңуз чың болуп, эч оорубаңыз. Жоолук маселеси кандай чечилээр экен?

Бейиши болгур бир тууганым! Эзели эч нерсеге муктаж болбо! Жоолук маселеси чечилген. Мектепке жоолук менен барса болот. Кайсы бир эжей же агай тоскоолдук кыла турган болсо дароо эле сотко берүү керек. Кыздарга мектеп формасын бир аз кененирээк, узунураак кылып тиктирип бериңиз. Анан да жоолугу чаканыраак таризде ак же кара түстөгү болуп, формага жарашып турганы ийги. Анан ошол каршы чыккандар акыретти билишээр бекен деп ойлойм да. Же алар өлбөйбү?... Кудайдын буйругуна каршы чыккандар оңбой калчу эле, жамандыктары өз баштарына жетсин. Балдарына көрүнбөсүн....

Жоолуктун ордуна парик кийип алсам болобу?

Жок, бир тууганым! Парик кийген жарабайт. Пайгамбарыбыз кошумча чач улагандан кайтарган. Анын үстүнө кийген парик ансайын сулуулугуңду арттырып, жоолук салынуунун маани-маңызын кургуйга түшүрүп жибербейби?

Бир молдо “курбандык чалганда атасы тирүү болсо атасына арнап чалыш керек” дейт. Ушул туурабы?

Курбандык аттуунун баары жалгыз Алла Таалага арналып чалынат. Андан башкага арналып чалынган адал болуудан калат. Этин жегенге болбойт. Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн чалып, пайда болгон соопторду кимге арнаса арнай берсин. Атасы өзү, баласы дагы өзү чалсын колдорунан келип турган болсо....

Химиялык боёк менен чач боёгонго болбойт депсиз. Далили кандай?

Далил түшүнө турган акыбалыңыз болгондо бул суроону сурабайт элеңиз, бурадар... Андыктан айтпай койгонум оң болот. Сурооңуз жаман жыттанат....

Мен хиджап кием. Күйөөгө тие элекмин. Кашымды тербейм. Бирок кичине хна менен боеп коёюн дедим эле. Ушинтсем болобу?

Болот...