Ак куу - аял, шумкар - эркек дегендер чыкты. Алар адамдын тагдырын ыр түрүндө айтып, Түркистанга сыйынганга алып барат экен. Бул шариятка туура келеби?

Шариатка  туура  келбейт.  Ширкти  кабаттап  ишке  ашырышат.  Кудай  сактасын.  Ордо  ачкандары,  тагдырды  айткандарынын  баардыгы  туура  эмес. 

-Жашым 19да. Турмушка чыккан эмесмин. Жигиттер тийишсе же номеримди сурашса “турмушка чыкканмын, бир балам бар” десем унчукпай калышат. Бирок кээде алардын кээ бирөөлөрү түшүмө кирип муңайган көздөрү менен карашат. Бул кылганым күнөөбү? 077801...

-Күнөө эмес. Шариятта да, салтта да турмушка чыгуу жол-жобосу айтылган. Кызды ата-энеси турмушка узатат.

-Канчалык күнөө жасаса да аял бала төрөгөндөн кийин күнөөлөрү кечирилет дейт. Түшүндүрүп берсеңиз. 077780...

-Албетте, майда күнөөлөр, Кудай менен пенденин ортосундагы күнөөлөр кечирилет. Намаздан кийинки намазга чейинки күнөөлөрдү намаз кечирип турат, жума намаздан жума намазга чейинки күнөөлөрдү жума намазы кечирип турат, аял төрөгөндө да көп түйшүк тарткандыгы үчүн кайсы бир деңгээлде күнөөлөрү кечирилет. Чоң күнөөлөр тообо кылмайынча кечирилбейт.

-Өлүм жөнүндө ойлонуп, жан чыгып жатканын элестетип кыйналчу болдум. Бул күнөө эмеспи? Өлүмдөн коркуш керекпи? 055013...

-Күнөө эмес, тескерисинче күнөөлөрдөн алыстатып турган сезим. Ошол сезимди туура пайдаланыңыз, андан коркуу керек эмес, ага даярдык көрүү керек.

Никесиз төрөлгөн ымыркай он беш күн энеси менен бирге болуп андан соң аны кызы жок үй-бүлөгө берип коюшту. Кыздын энеси өз кызынан айрылды. Анын күнөөсү канчалык деңгээлде? Ал күнөөнүн кечирилиши үчүн кандай дубаларды окуш керек?

Тообо кылсын.

Мен Москвага келгениме 7 ай болуп калды. Кыргызстанда жүргөндө орончумун. Бул жакка келимдүүн себеби, эжем «кызымды карайсың үйдө эле болосуң» деген. Мен оронгондор барса болобу десем, ооба эч нерсе болбойт деген келгенимден кийин эжемде документ жасатканга акчасы жок жоолугумду чечтирип койду. Эми күздө Кыргызстанга барам кайра ороном, ИншаАллах. Кайра оронсом болобу? Кандай амалдарды аткарыш керек? Күнөөм кечирилиш үчүн эмне кылышым керек? Суранам, жардам бериниздер.

Тообо кыл.

Биздин мечитте көбүнчө дүйнө сөздөрү сүйлөнүп калат. "Мечитте дүйнө сөзүн сүйлөсө, 25 жылдык ибадаты жок болот" деген сөздү илип коелу десек, кайсыл хадиске таянарыбызды билдбей жатабыз. Ошого жардам берсениз.

Мечитте жалпы мусулмандарга таандык болгон дүнүйөнүн жана диндин сөзү сүйлөнгөнгө болот.А бирок кээ бир жеке адамдардын, же тайпанын, же партиянын сөзү сүйлөгөнгө болбойт. Пайгамбарыбыз (саллаЛлаху алейхи ва саллам) айтат: «Мечит эмне нерсе үчүн курулган болсо, ал ошол нерсе үчүн гана курулган! ». Имам Муслимдин риваяты. 

Сакалды коюп жүрүп кайра алдырып салса күнөө болобу?

Сүннөттү таштаган болот.

Жигитим экөөбүз жакында турмуш курабыз буюрса. Ага чейин өбүшүп жүрсөк болобу?

Ок, антпе! Уят болот. Анан деле өбүшүп, андан деле чарчайсың. Жаның чыкпай кое тур. Шерменделик болот.... Кокуй күн...

Мен анда-санда арак ичемин. Менин келинчегим мага арак ичкенде кыйнала турган дары берет. Ошол күнөөбү?

Эшегине жараша тушагы.... Башка эмне дейм. Деги сен күнөөбү деп айткандан уялбайсыңбы? Ичкениң арак болсо, анан сага жайнамаз алып келип салып бериш керекпи? Тооба кыл, үкөм! Арак жакшылыкка алып барбайт....