Турмушка чыкканга чейин ыпылас жолдо жүргөнмүн. Боюмдан алдырганмын. Бирок, азыр аны күйөөм билбейт, кыз алдым деп ойлойт. Билсе кечирбейт, ажырашат. Бирок абийирим кыйналат. Алланын алдына бараар күндү ойлосом кантээримди билбеймин. Кантип күнөөлөрүмдөн арылсам болот?

Кудайдан жалынып-жалбарып тообо кылыңыз. Намаз окуп, ыйман жолунда жүрүңүз. Тообонун бир шарты – кайра күнөөнү кайталабоо. Ин шаа Алла, Кудай кечирет. Күйөөңүзгө айтпай эле коюңуз.

Жолдошум мени менен таанышпай эле ала качып кеткен. Никеде молдокенин суроолоруна менин ордума жеңем жооп берип отурган. Мен ыйлап жооп бере алган эмесмин. Нике жеңеме түштүбү? Кайра окутуш керекпи?

Сенин макулдугуң жок кыйылган нике жараксыз болот. Нике жеңеңе да кыйылган эмес. Кайрадан кыйдырганыңар макул.

Мен бир келинге убактылуу нике окутуп алсам болобу? Бирок мен башка кызга үйлөнөм.

Башка кызың дагы сага чейин бирөө менен жашап жүргөнүнө ыраазысыңбы? Убактылуу нике деген жок шариятта. Жөн эле сойкулук деген болот ал “убактылуу никең”... Анан калса ошол башка бирөө менен жатып жүргөн кыздын атасынын колунан алып кетесиң. Эч кимге айтпай паркка барып, бир бомжго нике кыйдырып жашай берген таптакыр туура эмес.

Өзүнөн чоң аялга үйлөнүү сүннөт болбосо, анан күнөө да болбойбу?

Күнөө болбойт, чырагым. Кайра жакшы болот. Ачынып калсаң жаап турат. Көчөдөн капа болуп келсең сооротуп турат. Анан бир аз улгайганда сага жаш, өзүңө тең аял алып берет.

-Экинчи аялы болуп тийсе тиги дүйнөдө жалгыз калат. Күйөөсү биринчи аялы менен жүрөт деген чынбы? Алина 

-Тиги дүйнөдө бардык аялдары менен бирге жүрөт. Ал жакта кызгануу деген болбойт.

-Үй-бүлө курганыбызга үч жыл болду. Кызыбыз бар. Күйөөм чеги жок кызганат. Колу да көп тиет. Намаз окуп, оронуп жүрөм. Ажырашкым келип жүрөм. Талак сураганга укугум барбы? Же өмүр бою таяк жеп өтөмбү? 055343...

-Ажырашканга укугуңуз бар. Жашагыңыз келбесе талак алсаңыз болот.

-Күйөөмдүн экинчи аялымын. Биринчи аялы “мен уруксат бермейинче никеңер жарабайт” дейт. Роза

-Биринчи аялдын уруксат бериши шарт эмес.

Келинчегимди намаз окута албай жатам. Ортодо эки кызым бар. Ажырашайын дейм, аларды кыйбайм. Кеңеш бериңизчи.

Дуба кыл.Үмүт үзбө. Кудайым ынсап берээр...

Смс менен берилген талактын өкүмү кандай болот? Эгер «сага талак бердим»,- десе талак түшөбү? 2) Эгерде даарат алып бутуп эркектик жыныстык жактан сара келип калган болсо сыртына чыгырбай ичинде кагаз менен кургатып койсо даарат сынбайбы? Мен Москвадамын Кудай буйруса, Кыргызстанга барсам сизден илим алайын деп ниет кылып жүрөм.

СМС талак боюнча «Бактылуулуктун формуласы» деген китебибизде айтканбыз. Ошондон окуңуз. Жыныстык жактан заара келип калса, сыртка чыгарбай туруп кагаз менен кургактап туруп кагаз ошол жердин ичинде калып кетсе анда даараты бузулбайт. А бирок кагаз сыртка чыкса, анда даараты бузулат.

Биздин мамлекеттик ЗАГСтарда никени аял киши кыйып келет. Бул шариатка туура келеби? Негизи аял киши нике кыйса болобу?

Деги ошол ЗАГСта кыйылган никелер “шарьий нике” эсептелеби же жокпу деген маселе олуттуу суроону жаратат. Никенин шарттарына эмнелер кирет деген суроого жооп берүү маселени тереңирээк ачып берет деген үмүттөмүн. Никенин шарттары өз алдынча экиге бөлүнөт. 1) никенин байлануусунун 3 шарты бар. 2) никенин дурус болуусунун 2 шарты бар. Катары менен баяндай кетели:

1-1) Никедеги “кабыл кылуу” жана “тутуунун” бир мажлисте болуусу.

1-2) Никедеги эки тараптын ар бири экинчисинин сөзүн угуусу жана анын маанисин түшүнүүсү.

1-3) Никедеги “кабыл кылуу” жана “тутуу” бири-бирине каршы абалда болбой, үндөшүп турууга тийиш.

2-1) Никеге туруучу аялзаты шариат тарабынан алып караганда, нике кыйылуучу эркекке махрам болбоосу, б.а. никеге турууга шариаттуу болууга тийиш.

2-2) Күбөлөрдүн эсебинин толук болуусу.