Кайыр сураган мусулман эмес кемпирлерге акча бергенибиз туурабы?

Ниетиңе жараша сооп бериле берет.

Жолдошумдун астмасы бар. Орозо учурунда чачма дары сепсе, оозу ачылбайбы?

 Ин шаа Аллах, ачылбайт. Орозо кармасын.

Эртең менен ооз бекитпей (эч нерсе жебей) орозо кармаса болобу?

Макрух болуу менен болот.

Орозодо шайтандар байланат дейт. Адамга кирип алган үч тамгалуулар да байланабы?

Орозодо шайтандын чоңдору байланат. Майдалары шуулдап иштеп турушат.

Орозодо баш жууп, көлгө түшсө, тиш жулдурса болобу?

Бардыгы болот. Болгону көлгө түшкөндө оозу-мурдуңду этиет карма. Суу кирип кетсе орозо бузулат. Каза ваажып болот.

Орозо өзү кимдерге парз?

 Мусулман, ден-соолугу жол берген, сапарда эмес, айыз-нипас көрбөй турган, балагатка жеткен ар бир мусулман эркекке жана аялга парз.

Балдарымды өөп-жыттасам оозум ачылбайбы?

Жок, орозо бузулбайт. Жыныстык козголууну шарттай турган болсо макрух, эгерде шахваты козголгондон улам гусул ваажып болуп кала турган болсо, ошол күнкү орозосу бузулат. Каза кармап берүүсү милдеттүү.

5 айлык баласын эмизбей, сүт менен баккан аялга орозо тутуу милдетпи?

 Кандайдыр бир себептерден улам баласын эмизбей калган аялзаты орозодон бошотулбайт. Кармоосу милдеттүү болот.

Орозо кармаган адамдын алдында тамак жесе күнөө болбойбу?

 Күнөө деле болбойт. Болгону адепсиздик катары бааланат. Орозо кармаган адамдын ичтейин ачып, анын орозо кармоосун кыйындатып жибере турган болсо, макрух болот.

Орозодо косметика (помада, крем) койсо болобу?

Зыяны тийбейт. Орозо бузулбайт.