Бир айылда эки мечитте азан айтса боло береби? Суурдун, кашкулактын этин жесе болобу? Себеби алар чөп жешет.

Бир эмес он мечитте азан айтсын. Жараша берет. Суур менен кашкулак экөөнүн бирин чычкандардын этин жейт деп укканым бар. Жалаң чөп менен гана азыктангандар адал болуп эсептелет. Бир гана чочко, доңуз жалаң чөп менен гана азыктангандыгына карабастан арам болот.

Базарда иштейбиз. Орус аял каша сатат, жесе болобу? Балдарга жаныбарлардын сүрөтү бар кийимди кийгизсек болобу? Мечитте отурганда бутун кыбыла жакка сунуп отуруп алышат, болобу? Укол алганда спирт кийимге тийип калса эч нерсе болбойбу?

Кашасына  малдын  майын  кошпосо, бышырганда  чочконун  этинен  жасалган  тамак  бышырган  казанга  бышырбаса,  жегенге  жарай  берет. Теке  болсо  да  сүт берсин.  Жаш  балдардын  кийимине  оюнчуктардын  сүрөтү  тартылган  кийимдерди кийгизсе  болот.  Бирок  чыныгы  жаныбардын  адис сүрөтчүгө    тарттырган сүрөтүн кийгизүүгө   болбойт. Периштелерди  кубалайт.  Мисалы,    азыр  кээ  бир футболкаларга  атактуулардын  сүрөттөрүн  тартып алып  кийип  жүрүшпөйбү?!    Мечитте олтурганда, же  мечиттен  тышкары  жерде  бутту  кыбыла  тарапка сунуп  олтуруу  адепсиздик  болот.  А  бирок,  атайын максаттуу  эмес,  кокустан  буту  кыбыла тарапка  сунулуп  калса  зыяны  тийбейт.    Ошондой эле,   олтуруп намаз  окуй  турган  адамдар,  бутун  сунуп  гана  олтура  турган  болсо,  ал  учурда  кыбыла тарапка  бутун сунуп  окуганга  уруксат  берилет.  Эгерде  бир  адам, кыбыла  тарапты  мазактоо  максатында,  мусулмандардын  урматтуу  эсептелген  тарапка урматсыздык көрсөтүү    максатында  кыбылага  бутун  сунуп  олтурса,  же  кыбыланы  карап  түкүрсө,  жаман  ниети  үчүн ыймандан  чыгып  кетет. 

-Кыргыздар чочконун этин жесе болбойбу? 077841...

-Болбойт. Чочконун эти арам.

Мен Орусияда иштегендиктен магазин тамактары менен тамактанып намаз окуйм. Ошол болобу, же күнөөбү? Бирок чочконун этерин жебейим жооп берип коюнузчу.

Колдон келишинче ошенткенин жакшы. Арамдан алыстаганга кылган аракет берекесин бербей койбойт.

Биз Орусия шаарында ашканада иштейбиз. Кээде чочко этинен да тамак жасашка туура келте. Тапкан акчаларды ата-энебизге, бала-чакабызга салабыз. Тапкан акчам адалбы, же арамбы?

 Эгерде мусулман эместерге тамак жасап берген болсонор, тапкан акчаңар арам болбойт.А эгер мусулмандарды чочконун эти менен бага турган болсонор, анда күнөөлүү болуп каласынар.

Бир күндүк ачытылбаган бозону ичсе болобу?

 Мас кылуучунун бардыгы арам. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: “Ар бир мас кылуучу арам!”.

Мен Москвада түрк фирмада иштейм. Малдын эти, койдун эти кошулган тамактарды берет. Бирок биз каякта союлганын, кантип союлганын билбейбиз. Жесек эч нерсе болбойбу?

Түрктөр мусулман элдерден болгондуктан, шектенбей жей берсеӊер болот го деп ойлойм.

Билбей арам тамак жеп алсаң, 40 күн кылынган сооптуу амалдарың кабыл болбойбу?

Билбегенге күнөө жок. Ошондой болсо да, адам адал оокатка аракет кылуусу лаазым. Ал эми сооптуу амалдардын кабыл болуп-болунбоосу сиздин аракетке да байланат. Адал жегенге аракет кылса жакшы болуп, аракет кылбаса, аракет кылбай туруп эле билбей жеп алса, дубалар кабыл болбошу мүмкүн....

Шариатта кандай учурда арам нерсени жегенге руксат берет?

Өлүп бара жатканда өлбөй кала турганчалык жегенге уруксат берилет.

Сүмөлөк жөнүндө маалымат берип коёсузбу? Кайненем бир кылганда 5-6 жолу кылдырат, шартыбыз туура келбесе дагы.

Сүмөлөк мен жакшы көргөн оокаттардан. Ким колунан келсе жасай берсин. Шарты туура келбеген адам өзүн кыйнабай эле койгону туура болот. Сүмөлөктү касиеттүү деп пикирленүү туура эмес. Сүмөлөктөн башка оокатты жасап эл чакырып той берсе да боло берет. Сүмөлөк бышырганда гана дуба жакшыраак кабыл болот деген ойдон алыс болуу керек. Белгилүү бир күнгө байлабай бышырса боло берет.